Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 1 июня 2016 года № 292 "Об утверждении минимальных размеров уставного капитала для страховых (перестраховочных) организаций и страховых (перестраховочных) брокеров"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-06-01.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 25-ноябры №300 Камсыздандыруу уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун, камсыздандыруу рыногунун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, ошондой эле коомдун камсыздандыруу уюмдарына болгон ишенимин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөрдүн уставдык капиталдарынын минималдык өлчөмүнө төмөнкүдөй талаптар белгиленсин:
- кайра түзүлгөн камсыздандыруу уюмдарына 30000000 (отуз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө, камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча ишти жүргүзүү үчүн;
- кайра түзүлгөн камсыздандыруу уюмдарына 200000000 (эки жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө, кайра камсыздандыруу боюнча ишти гана жүргүзүү үчүн;
- иштеп жаткан камсыздандыруу уюмдарына 25000000 (жыйырма беш миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө, камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча ишти жүргүзүү үчүн;
- камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу жана милдеттүү түрлөрүн айкаштыруу шарттарында иштеген камсыздандыруу уюмдарына 50000000 (элүү миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
- кайра камсыздандыруу боюнча гана иштеп жаткан камсыздандыруучу уюмдарына 100000000 (жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.
2. Камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча, ошондой эле кайра камсыздандыруу боюнча гана иштеген камсыздандыруу уюмдары уставдык капиталдарынын өлчөмдөрүн 2011-жылдын 1-июлуна чейин ушул токтомдун төртүнчү жана алтынчы абзацтарына ылайык келтиришсин.
3. Камсыздандыруу уюмдары камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча иштөө үчүн уставдык капиталдарынын өлчөмдөрүн 2011-жылдын 1-январына чейин ушул токтомдун бешинчи абзацына ылайык келтиришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2005-жылдын 12-августундагы N 200-Б "Кайра түзүлгөн камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталынын жана иштеп жаткан камсыздандыруу уюмунун капиталынын минималдык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 194 токтому менен бекитилген)Концепция · 15.04.2013 · № 194 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөЗакон · 23.07.1998 · № 96 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын…Постановление · 01.06.2016 · № 292 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минфин КР от 12 августа 2005 года № 200-п " Об утверждении минимальных размеров уставного капитала вновь создаваемой страховой организации и капитала действующей страховой…Приказ · 12.08.2005 · № 200 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 1-июнундагы № 292 токтомуПостановление · 01.06.2016 · № 292
Шилтеме берет (2)
- Приказ Минфин КР от 12 августа 2005 года № 200-п " Об утверждении минимальных размеров уставного капитала вновь создаваемой страховой организации и капитала действующей страховой…Приказ · 12.08.2005 · № 200 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июнундагы № 292 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) брокерлери үчүн уставдык капиталдын…Постановление · 01.06.2016 · № 292 · Күчүн жоготкон