61-берене. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи
Күчүндө · 20.06.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2021 года № 93
1. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи - финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну жыйноонун, сактоонун, жалпылоонун, талдоонун жана жарыялоонун бирдиктүү электрондук тутуму.
2. Ыйгарым укуктуу орган Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи аркылуу:
1) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды жыйнайт, сактайт жана жалпылайт;
2) Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийинин маалыматтарын мамлекеттик маалыматтык ресурстардын курамдык бөлүгү катары сактоону жана коопсуздугун камсыз кылат;
3) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды онлайн режиминде берүү үчүн субъекттерге зарыл болгон шарттарды камсыз кылат;
4) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды берүүнүн толуктугунун жана мөөнөттөрүнүн сакталышын текшерет;
5) финансылык отчетторду жана аудитордук корутундуларды жарыялайт.
3. Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийин түзүүнүн, башкаруунун жана финансылык отчеттуулукту берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык) II Глава. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштурууга талаптар (Главанын аталышы КР 2017-жылдын 7-декабрындагы № 201 (6) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
61-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 07.12.2017 · № 201 (6)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1032/st-61" title="61-берене - Бухгалтердик эсеп жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>