Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР (6) «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 7-декабры № 201 (6) "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 9-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) II главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"II глава Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштурууга талаптар";
2) 7-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7-берене. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштуруу тартиби";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Кыргыз Республикасында чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Чарба жүргүзүүчү субъект деп "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ушундай деп аныкталган субъект түшүнүлөт. Баалуулуктарды кабыл алуу, берүү жана сактоо кассалык операциялар деп түшүнүлөт. Валюталык баалуулуктар, банкноттор жана монеталар, баалуу кагаздар жана так отчеттуулук бланктары баалуулуктар деп түшүнүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылуучу жана жүгүртүүдө турган ар башка баадагы жана түрдөгү акча белгилери банкноттор жана монеталар болуп саналат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
Шилтеме берет (2)
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 116 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.