Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-статья. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуу
Күчүндө · 22.06.2022 редакциясы
1. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуу (мындан ары - макулдашуу) келишим болуп эсептелет, ага ылайык Кыргыз Республикасы ишкердиктин субъектине (мындан ары - инвестор) акысын төлөтүү менен жана белгилүү бир мөөнөткө макулдашууда көрсөтүлгөн жер казынасынын участкасында пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого, иштетүүгө жана буга байланыштуу иштерди жүргүзүүгө карата өзгөчө укуктарды берет, ал эми инвестор аталган иштерди өзүнүн каражаттарынын эсебинен жана өзүнүн тобокелчилиги менен аткарууга милдеттенет. Макулдашуу жер казынасын пайдаланууга байланыштуу бардык зарыл шарттарды, анын ичинде казып алынган минералдык чийки затты кайра иштетүүнүн, өндүрүлгөн продукцияны тараптардын ортосунда ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык бөлүштүрүүнүн шарттары менен тартибин аныктайт.
2. Жер казынасын пайдалануунун макулдашууда белгиленген шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
Жер казынасынын участкасын пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн макулдашуунун шарттары боюнча чектелиши, токтотула турушу жана биротоло токтолушу мүмкүн.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирерден мурда түзүлгөн макулдашуулар аларда аныкталган шарттарга ылайык аткарылууга тийиш. Мындай учурда бул Мыйзамдын жоболору аталган макулдашууларга карата ал макулдашуулардын шарттарына карама-каршы келбегендей жана ал макулдашууларга ылайык инвесторлор ээ болгон жана ишке ашырып жаткан укуктарды чектебегендей кылып колдонулат.
Берененин тексти 22.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1004/st-2" title="2-статья - Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>