1-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
Күчүндө · 22.06.2022 редакциясы
1. Ушул Мыйзам продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашууларды түзүүнүн, аткаруунун жана токтотуунун жүрүшүндө пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат жана мындай макулдашуулардын укуктук негиздерин аныктайт.
2. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган мамилелер, анын ичинде жерди жана башка табигый ресурстарды пайдалануунун жүрүшүндө пайда болуучу мамилелер тийиштүү мыйзамдар менен жөнгө салынат.
3. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү, өндүрүлгөн продукцияны бөлүштүрүү, ошондой эле аны ташуу, иштетүү, сактоо, кайра иштетүү, сатуу же башкача жол менен тескөөнүн жүрүшүндө пайда болуучу мамилелер ушул Мыйзамга ылайык түзүлүүчү продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуу менен жөнгө салынат.
Жарандык-укуктук жагдайдагы продукцияны бөлүштүрүү жөнүндөгү макулдашуудагы тараптардын укуктары менен милдеттери ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аныкталат.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндө бул Мыйзамда белгиленгенден башка эрежелер белгиленсе, анда ушул Мыйзамдын эрежелери колдонулат.
Берененин тексти 22.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1004/st-1" title="1-статья - Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>