Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 „Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 12 июня 2024 года № 304 "Об утверждении Единого реестра государственных услуг, оказываемых государственными органами и их подведомственными учреждениями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-12.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 23-ноябры № 769
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 108-1-пункт менен толукталсын:
"
108-1
Медицина мекемелери тарабынан залдарды жана бөлмө-жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарларды (профилдик жабдуулар менен инвентарлардан тышкары) берүү
ССМ
ССМ
Акы төлөнөт
";
- 2-главасынын 6-пункту "консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү" деген сөздөрдөн кийин "медициналык кароо" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-главасынын 27-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 97-100-пункттар менен толукталсын:
"
97
Дары-дармек каражатына жана медицина багытындагы буюмга каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүү
ССМ
ССМ караштуу ДДКжМТД
Акы төлөнөт
98
Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга шайкештик сертификатын берүү
ССМ
ССМ караштуу ДДКжМТД
Акы төлөнөт
99
Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн берүү
ССМ
ССМ караштуу ДДКжМТД
Акы төлөнөт
100
Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга шайкештик сертификатынын жуп нускасын берүү
ССМ
ССМ караштуу ДДКжМТД
Акы төлөнөт
";
- 5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 47-49-пункттар менен толукталсын:
"
47
Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга медициналык колдонуу үчүн экспертиза жүргүзүү
ССМ
ССМ караштуу ДДКжМТД
Акы төлөнөт
48
Дары-дармек каражаттарынын жана медицина багытындагы буюмдардын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө экспертиза жүргүзүү
ССМ
ССМ караштуу ДДКжМТД
Акы төлөнөт
49
Дары-дармек каражаттарынын жана медицина багытындагы буюмдардын сапатын изилдөөчү лабораториялык анализдер (сыноолор)
ССМ
ССМ караштуу ДДКжМТД
Акы төлөнөт
";
- 6-главасында:
"Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасындагы 13-пункту "Кыргызпатент" деген сөздөн кийин ", ССМ" деген аббревиатура менен толукталсын; "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасындагы 22 жана 23-пункттар "ММТМ" деген аббревиатурадан кийин ", ССМ" деген аббревиатура менен толукталсын;
- 7-главасында:
"Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасындагы 2 жана 3-пункттар "Кыргызпатент" деген сөздөн кийин ", ССМ" деген аббревиатура менен толукталсын; "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасындагы 4-пункту "ММТМ" деген аббревиатурадан кийин ", ССМ" деген аббревиатура менен толукталсын;
- 9-главасынын "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасындагы 6-пункту "ММТМ" деген аббревиатурадан кийин ", ССМ" деген аббревиатура менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон