Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 2-июну № 342 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын,
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жаиа альтернативдик кызматтар жөнүидө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүулөрдү киргизуу тууралуу 1-берене «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2,116-бер), төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинде:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсьн: «альтернативдик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарына алардьн диний көз караштарьн, үй-бүлөлүк абалын же коомдук пайдалуу жумуштарын аткарууга каалоосун эске альш мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна берилүүчү кызматтын түрү;»; төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма сегизинчи - отузунчу абзацтар менен толукталсын: «коомдук пайдалуу жумуш - альтернативдик кызматтын кызматкеринин негизги жумушунан же окуусунан тышкары бош убактысында коомдун жана мамлекеттин пайдасына жасалуучу, жергиликтүү аскердик башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары түрүн аныктаган акысыз эмгеги; мөөнөттуү аскердик кызматка чакыруу наряды - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарьнын муктаждыгына ылайык аныкталуучу меөнөттүү аскердик кызматка чакырыла турган чакырьлуучулардын саны; жарандарды үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматка чакыруу ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүнүн жетинчи - он бешинчи абзацтарына ылайык жүргүзүлөт.»;
2) 12-беренесинде:
1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы күчүн жоготгу деп таанылсын; 5-бөлүтүндөгү «баңги заттарды контролдоо,» деген сөздөр альп салынсын;
3) 16-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«Чакыруу нарядын аткарууга байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жиберилбеген чакырылуучулар боюнча меөнөттуү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө чечимдер -жокко чыгарылат. Аларга ушул Мыйзамдын 32-беренесине ылайык альтернативдик кызмат өтөө укугу берилет. Мындай укукту колдонбогон чакырылуучулар, кийинки чакырууда, мөөнөттүү аскердик кызматка биринчи кезектеги тартипте чакырылышат.»;
4) 21-беренесинин 5-бөлүгүндөгү «баштапкы аскердик жыйындардан,» деген сөздөр альп салынсын;
5) 32-беренесинде: а) 2-бөлүгүндө:
төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын: «- аскердик кызматка жарактуу, бирок чакыруу нарядын аткарууга байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жиберилген эмес жана коомдук пайдалуу жумушту аткарууга жазуу түрүндө каалоосун билдирген болсо.»;
б) 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Жарандардын альтернативдик кызматты өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.»;
в) 4-белүгү темөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Альтернативдик кызматты өтөө төмөнкүлөрдү карайт; үй-бүлөлук абалы боюнча чакырылган жарандар учүн - республикалык бюджеттин кирешесине эсептешуү көрсөткүчүнүн 180 өлчөмүндө акчалай төлөмдөрдү төгүү; диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосун билдирген жарандар үчүн - кызмат өтөөнүн бүткүл мезгилинде 108 саат узактыктагы коомдук пайдалуу жумушту аткаруу жана республикалык бюджеттин кирешесине эсептешүү көрсөткүчүнүн 250 өлчөмүндө акчалай төлөмдөрдү төгүү. Ар бир квартал ичинде акча төгүмдүн жалпы көлөмүнүн алтыдан бир бөлүгүнөн кем эмеси төгүп турууга тийиш. Коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу үчүн альтернативдик кызматтын кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жөнөтүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары альтернативдик кызматтын кызматкерине, тиешелүү аскер комиссариаттарына көрсөтүү үчүн, ал иштеген сааттардын саны жана жасалган жумуштары жөнүндө маалымкат беришет.»;
г) 5-бөлүгүндө:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Коомдук пайдалуу жумуштарын аткаруудан жана табигый кырсыктардын, эпидемияньн же башка өзгөчө кырдааддардын кесепетин жоюу боюнча жумуштардан баш тартуу.»; алтынчы абзацы «акча каражаттарын төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда,» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле белгиленген өлчөмдө коомдук пайдалуу жумуштарын аткарбаганда,» деген сөздөр менен толукталсьн;
д) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Жаран альтернативдик кызматтан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулууга тийшитүү: медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан аньн ден соолугунун мумкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таанылгандыгына байланыштуу; аскердик врачтык комиссия тарабынан альтернативдик кызмат өтеөгө жарамдуу эмес деп таанылгандыгына байланыштуу; белгиленген акыны толук елчөмдө төлөп бергендигине байланыштуу; 108 саат коомдук пайдалуу жумуштарын аткарып жана белгиленген акыны толук өлчөмдө төлөп бергендигине байланыштуу; эгерде ал соттолсо.»;
е) 7-бөлүгүндөгү «экинчи категориядагы аскер кызматчыларыньш каттоосуна берилет жана» деген сездер алып салынсын;
6) 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«соттолгондор, соттолгондугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан;»;
7) 35-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсьн:
«ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын (бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасын) жана башка өлкөлөрдүн ушуга окшош билим берүү уюмдарын аяктап, ички иштер органдарынан бошотулгандар.»;
8) З6-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзаптары төмөнкүдөй редакцида баяндалсын:
«Биринчи категориядагы запаска мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн, чакырылуучу мобилизациялык резервде кызмат өтөгөн, үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызмат етөгөн, баштапкы аскердик жыйындарынан өткөн, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөн, ошондой эле ички иштер органдарынан бошотулуп ушул Мыйзамдын 35-беренесине ылайык запаска киргизилген аскерге милдеттүүлөр кирет. Экинчи категориядагы запаска аскердик кызмат өтөбөгөн, үй-бүлөлүк эмес жагдайлары боюнча ататернативдик кызмат өтөгөн аскерге милдетгүүлөр кирет.». 2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартьп он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актьшарын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 1888-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-2018-жылдардагы ишинин сессиялык…Постановление · 27.09.2017 · № 1888-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 1796-VI "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана…Постановление · 28.06.2017 · № 1796-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 1863-VI "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана…Постановление · 14.09.2017 · № 1863-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-октябрындагы № 1917-VI "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар…Постановление · 19.10.2017 · № 1917-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Закон · 18.07.2019 · № 94
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон