Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 8-июну № 357 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Эмгек аш төлөөнүн өлчөмүн азайтууга жол бербөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун "Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маяналарына эселүүлүк коэффициенттери" деген 4-тиркемесинде:
- 2-пункту "облустук маанидеги шаардын мэри" деген сөздөрдөн кийин ", республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4
Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамдан жогору болгондо)
2,5
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"
5
Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамга чейин болгондо)
2,4
"; 5-тиркемесинде:
- Административдик кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда:
Жогорку "Б" графасындагы "2,86", "3,0", "3,15", "3,31", "3,48", "3,65", "3,83", "4,03", "4,23", "4,44" деген цифралар тийиштүү түрдө "3,05", "3,2", "3,36", "3,53", "3,7", "3,88", "4,07", "4,27", "4,48", "4,7" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"Ушул тиркемеде каралган эселүүлүк коэффициенттеринин торчосуна ылайык жаңы кадамдарга өтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен таризделет. Жаңы маяналарды колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунда белгиленген кызматтык маянага салыштырмалуу кызматтык маянанын азаюусуна алып келген учурда, кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу эселүүлүк коэффициенттеринин торчосуна ылайык келтиргенге чейин ушул кызматты аткаруу мезгилиндеги жетпей калган айырма түрүндө кызматтык маянасына кошумча акы төлөө жүргүзүлөт.".
2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тиешелүү жылга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтом 2017-жылдын 24-мартынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 742 токтомуПостановление · 14.11.2017 · № 742
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябры № 742 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык…Постановление · 14.11.2017 · № 742 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 28.06.2013 · № 384 · Күчүн жоготкон