Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 24-майы № 303 Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 токтомунун редакциясына ылайык) "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр үчүн акы төлөө белгиленсин:
- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды жана токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү үчүн 200 сом өлчөмүндө;
- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөрдү берүү үчүн 100 сом өлчөмүндө.
2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июну № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз…Государственный стандарт · 08.04.2025 · № 66
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2018 · № 282
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнун № 197 "Кыймылдуу мүлктүн күрөөсүн каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2005 · № 197 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 токтомуПостановление · 12.06.2018 · № 282
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын…Постановление · 08.09.2022 · № 488 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2018 · № 282
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон