78-берене. Мамлекеттик токой фондун токой өрттөрүнөн сактоо
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы · 16-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35
Мамлекеттик токой фондунда, мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери тарабынан жарандар менен юридикалык жактардын өрт коопсуздугунун эрежелерин жана талаптарын сактоосуна көзөмөлдүк жүргүзүү максатында, ошондой эле аларды бузууга бөгөт коюу максатында мамлекеттик өрт көзөмөлү ишке ашырылат. Мамлекеттик токой фондусунун участокторунда жана мамлекеттик токой фондусуна чектеш жерлерде жумуш жүргүзгөн токойду пайдалануучулар жана башка жарандар менен юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик токой фондусуна жана мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлордо маданий-массалык жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн жооптуу адамдар өрт коопсуздугунун талаптарын жана эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, мүлктүк жана башка жоопкерчиликке тартылышат. Профилактикалык жана өрткө каршы иш-чаралар мамлекеттик токой фондунун аймактык башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте ишке ашырылат. Мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери өрттү өчүрүү убагында транспорт каражаттарынын, байланыштын бардык түрлөрүнөн акысыз пайдаланууга, ошондой эле жергиликтүү калкты өрт өчүрүүгө тартууга укуктуу. Мамлекеттик токой фондусун өрттөн сактоонун милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар өрт коркунучу туулган мезгилде аба ырайынын суткалык, айлык жана мезгилдик прогноздору, токой фондусундагы өрт коркунучунун прогноздору менен акысы.з камсыз кылынат. Мамлекеттик мамлекеттик токой фондусун жана мамлекеттик токой фондусуна кирбеген токойлорду өрттөн коргоо, зыянкечтерден жана токой илдеттеринен сактоо үчүн авиациялык коргоо пайдаланылышы мүмкүн. Мамлекеттик токой фондунун авиациялык коргоо зоналары жана аны жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 40, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын токойлорундагы өрт коопсуздук Эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 18-февралындагы № 1 буйругу менен бекитилген)
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
78-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 марта 2021 года № 40 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
07.02.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Токой фондусун токой өрттөрүнөн сактоо
Токой фондусунда, мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери тарабынан жарандар менен юридикалык жактардын өрт коопсуздугунун эрежелерин жана талаптарын сактоосуна көзөмөлдүк жүргүзүү максатында, ошондой эле аларды бузууга бөгөт коюу максатында мамлекеттик өрт көзөмөлү ишке ашырылат.
Токой фондусунун участокторунда жана токой фондусуна чектеш жерлерде жумуш жүргүзгөн токойду пайдалануучулар, менчик токой жерлеринин ээлери жана башка жарандар менен юридикалык жактар, ошондой эле токой фондусуна жана токой фондусуна кирбеген токойлордо маданий - массалык жана башка иш - чараларды өткөрүү үчүн жооптуу адамдар өрт коопсуздугунун талаптарын жана эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, мүлктүк жана башка жоопкерчиликке тартылышат.
Профилактикалык жана өрткө каршы иш -чаралар токой чарбасын башкаруучу областтык, областтар аралык жана аймактык мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтуү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте ишке ашырылат.
Мамлекеттик токой коргоо кызматкерлери өрттү өчүрүү убагында транспорт каражаттарынын, байланыштын бардык түрлөрүнөн акысыз пайдаланууга, ошондой эле жергиликтүү калкты өрт өчүрүүгө тартууга укуктуу.
Токой фондусун өрттөн сактоонун милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдар өрт коркунучу туулган мезгилде аба ырайынын суткалык, айлык жана мезгилдик прогноздору, токой фондусундагы өрт коркунучунун прогноздору менен акысы.з камсыз кылынат.
Мамлекттик токой фондусун жана токой фондусуна кирбеген токойлорду өрттөн коргоо, зыянкечтерден жана токой илдеттеринен сактоо үчүн авиациялык коргоо пайдаланылышы мүмкүн. Токой фондусун авиациялык коргоо зоналары жана аны ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/10/st-78" title="78-берене - Токой кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>