Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
75-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоосу
Күчүндө · 07.02.2024 редакциясы · 16-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоосу (мындан ары - мамлекеттик токой коргоо) токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органдарда түзүлөт. Мамлекеттик токой коргоонун курамына кирген кызмат адамдарынын тизмеси токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Мамлекеттик токой коргоонун милдеттери:
- токойду коргоону жана сактоону камсыз кылуу;
- (үчүнчү абзац КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту
- мамлекеттик токой фондунун абалына, корголушуна, сакталышына жана токойлордун жаңыртылып өстүрүлүшүнө, ошондой эле мамлекеттик токой фондунун пайдаланылышынын уюштурулушуна көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруу;
- мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде жайгашкан, пайдаланылбаган жаратылыш ресурстарын (пайдалуу кендер ж.б.) коргоону камсыз кылуу болуп саналат.
Мамлекеттик токой коргоо ага жүктөлгөн тапшырмаларга ылайык:
- мамлекеттик токой фондун коргоо, сактоо жана жаңыртып өстүрүү жана жагындагы укук бузуулардын алдын алууга жана аларга бөгөт коюуга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик токой фондунун аймагында укук тартибин камсыз кылууга;
- тийиштүү мамлекеттик органдарга жактарды тартиптик жана аларга жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү материалдарды жөнөтүүгө, токой чарбасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доолорду берүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандарга жана юридикалык жактарга айкындалган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде чарбалык жана башка иш-аракеттерге чек коюу жөнүндө, аларды токтото туруу жана аларга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.
Мамлекеттик токой коргоого, ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн:
- юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле чет элдик жарандардын мамлекеттик токой фондунун участокторун пайдаланууну ишке ашырууга уруксат берүүчү документтерин текшерүү;
- мамлекеттик токой фондун пайдалануу, коргоо, сактоо жана токойлорду жаңыртып өстүрүү жагындагы укук бузуулар жөнүндө протоколдорду жана актыларды, жоруктар жөнүндө актыларды түзүү;
- укук бузууларга жол берген же мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбаган адамдарды кармоо;
- токойлорду коргоо, сактоо, жаңыртып өстүрүү пайдалануу жагында кылмыш кылгандарды жана укук бузууларды жасагандарды кармоо жана укук коргоо органдарына жеткирүү;
- белгиленген тартипте транспорт каражаттарын, башка объекттерди жана жерлерди карап чыгуу, зарыл болгондо кармалган адамдардын өздөрүн карап чыгуу;
- мыйзамсыз алынган токой ресурстарын, аларды алууга керек болгон курал-жабдыктарын, ошондой эле транспорт каражаттарын алып коюу жана алардын андан аркы тиешелүүлүгү жөнүндө маселени белгиленген тартипте чечүү укугу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктар берилет.
Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана күч колдонууга, атайын каражаттарды жана атылуучу куралдарды колдонууга укуктуу. Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте куралдарды сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берилет. Мамлекеттик токой коргоонун кызмат адамдары белгиленген үлгүдөгү кийимдерин кийишет. Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин формалык кийими жөнүндө" токтому Мамлекеттик токой коргоосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен жобонун негизинде иш жүргүзөт. Караңыз: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой коргоо жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 18-февралындагы № 1 буйругу менен бекитилген) Токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуунун натыйжасында келип түшкөн каражаттар токойлорду эсепке алуу, коргоо, сактоо, токой өстүрүү, жаңыртып өстүрүү жана токойлордун өнүмдүүлүгүн жогорулатуу иш-чараларына жана келтирилген зыяндын ордун толтурууда өндүрүлгөн доолордун суммасынын 50 пайызы өлчөмүндөгү сыйакы катарында мыйзам бузуу фактыларын тапкан адамдарга (протоколдорду түзүүчүлөргө) төлөп берүүгө багытталат. (КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2014-жылдын 13-мартындагы № 43, 2021-жылдын 23-мартындагы № 40, 2024-жылдын 7-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 февраля 2024 года № 35 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 марта 2021 года № 40 "О внесении изменений в Лесной кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 марта 2014 года № 43 "О внесении изменений и дополнения в Лесной кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой коргоо жана токой чарбасы мамлкеттик агентигинин 2018-жылдын 18-февралындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой коргоо жөнүндө…Приказ · 18.02.2019 · № 1
- Документ № 594334Постановление · 23.09.2008 · № 524
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин…Постановление · 18.01.2018 · № 30 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Респпубликасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 23-октябрындагы № 382-НИ буйругуна тиркемелерПриложение
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 токтомуПостановление · 18.01.2018 · № 30
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой коргоо жана токой чарбасы мамлкеттик агентигинин 2018-жылдын 18-февралындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой коргоо жөнүндө…Приказ · 18.02.2019 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органынын кызматкерлеринин…Постановление · 18.01.2018 · № 30 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/10/st-75" title="75-берене - Токой кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>