Постановление Правительства Кыргызской Республики
Status unknown
This document has no clear status in the registry. Check the source before citing it.
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын ишин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 90-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 339 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын уставы:
төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
“91. Ишкананын төмөнкүдөй филиалдары бар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Түндүктөгү филиалы, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 24;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Түштүктөгү филиалы, дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү, 318;
21-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“21. Директор Ишкананын жетекчиси болот. Директор Кызматтын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.”;
24-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“24. Ишканада директордун техникалык маселелер боюнча орун басарынын жана директордун жалпы маселелер боюнча орун басарынын кызмат орундары каралган.
Ишкананын директорунун орун басарлары Кызматтын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын Түндүктөгү жана Түштүктөгү филиалдарын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев
Приложения
Распечатать
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 0
References (3)
- Постановление Правительства КР от 23 июня 2011 года № 339 "Об утверждении Устава Государственного предприятия "Инфоком" при Государственной регистрационной службе при…Постановление · 23.06.2011 · № 339
- Гражданский кодекс Кыргызской Республики Часть IКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Закон «О Правительстве Кыргызской Республики»Закон · 18.06.2012 · № 85 · No longer in force