Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
А. Б. Сакимбаеванын кызыкчылыгын көздөгөн И. Н. Айткуловдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Айжан Базаркуловна Сакимбаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Икрамидин Назирович Айткуловдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча ЧЕЧИМИ 2025-жылдын 4-июну Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу
– Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А.
Дуйшеев, Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, Ж.А. Шаршеналиев курамында, катчы К. Маамыталы кызынын; кайрылуучу тарап – Айжан Базаркуловна Сакимбаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Икрамидин Назирович Айткуловдун; жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Саматбек Кыштообекович Ысырановдун; үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык
сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдиевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Кумарбек Курманбекович Байдылдаевдин, Калыгул уулу Бакыттын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишеним кат боюнча өкүлү Бексултан Курвангалиевич Курвангалиевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү Аяз Доолосбекович Джаркынбаевдин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Арген Турумбекович Абдыралиевдин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты. Бул ишти кароого А.Б. Сакимбаеванын кызыкчылыгын көздөгөн
И.Н. Айткуловдун кайрылуусу себеп болду жана Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397- беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон аныксыздык негиз болду. Ишти соттук отурумга кароого даярдаган судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: 2
2024-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна А.Б. Сакимбаеванын кызыкчылыгын көздөгөн И.
Н. Айткуловдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык
кодексинин (мындан ары – КЖПК) 397-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүнө, 100-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. Кайрылуудан белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары – Кылмыш-жаза кодекси) 343- беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн белгилер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн ага инспектору П.А. Узбеков опузалоого шектелип, А.Б. Сакимбаева аркылуу ишкер Д. Абдыкариевадан пара алып жатканда кармалган. Колдо болгон маалыматтардын негизинде А.Б. Сакимбаева ошондой эле пара алууда ортомчу болгон деген шек менен кармалган.
П.А. Узбеков Чүй облусунун Москва райондук сотунун 2023-
жылдын 12-майындагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, эки жылдык мөөнөткө салык кызматынын органдарында кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратуу менен 5000 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга өкүм кылынган. Ага карата күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөнүнө байланыштуу өкүм жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте чыгарылган. Ошол эле учурда, алгач ошол эле кылмыш иши боюнча аракеттери камтылган А.Б.Сакимбаевага карата өндүрүш кийин өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, жалпы тартипте каралган, ушуга байланыштуу ага П.А. Узбековго карата колдонулган тартип жайылтылган эмес. Мында И.Н. Айткулов тастыктагандай, А.Б. Сакимбаева бул процессуалдык чечим жөнүндө кабардар болгон эмес жана бул тууралуу П.А. Узбековго карата 3
өкүм чыгарылгандан кийин гана ага белгилүү болгон, бул анын пикири боюнча тергөөчүнүн аракеттерине даттануу укугун өз убагында ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан. Мындан тышкары, арыз ээсинин пикири боюнча, П.А. Узбековго карата өкүм иш жүзүндө пара алуу боюнча ортомчулукка айыпталган А.Б. Сакимбаеванын күнөөлүүлүгү жөнүндө тыянактын алдын ала чыгуусун шарттаган, бул анын процессуалдык абалынын начарлашына алып келген. Ал, ошондой эле А.Б. Сакимбаеванын жоопкерчилигин П.А. Узбековдун ишинен обочолонтуу менен ар тараптуу, толук жана объективдүү кароо максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт, анткени эки кылмыш ишинин тең тергөө предмети ошол эле 50 миң сом өлчөмүндөгү параны берүүгө жана алууга байланышкан бир эле аракеттер болуп саналат. Жогорудагыларды эске алуу менен И.Н. Айткулов өкүмгө апелляциялык даттануу берген, бирок ал сот тарабынан КЖПКнын 397- беренесине шилтеме жасоо менен А.Б. Сакимбаеванын процесстин катышуучусу катары статусу жок болгондугуна байланыштуу кайтарылган. Ошол эле учурда, арыз ээси кылмыш-жаза процессинин катышуучулары болуп саналбаган, башка кызыкдар адамдарга кассациялык инстанцияга кайрылуу укугун мыйзам чыгаруучу түздөн-түз бергендигин баса белгилейт, бул КЖПКнын 440-беренесинин 1-бөлүгүндө бекемделген. Бирок, КЖПКнын 439-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, апелляциялык тартипте даттанылбаган соттун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралууга тийиш эмес. Жыйынтыгында П.А. Узбековго карата өкүм А.Б. Сакимбаева үчүн да анын тикелей кызыкдарлыгына карабастан кассациялык даттануунун предмети боло албайт. Ошентип, арыз ээси КЖПКнын 397-беренесинин 1 жана 2- бөлүктөрүн колдонууда укуктук аныксыздыктын бар экендигин баса белгилейт, анткени аларда укуктары козголгон, бирок формалдуу түрдө 4
жазык процессинин катышуучулары катары таанылбаган адамдар тарабынан соттун чечимдерине даттануу механизми каралбайт. Арыз ээсинин пикири боюнча, бул сот адилеттигине жетүүгө укуктук кызыкчылыктын жоктугунан эмес, бузулган укукту коргоо мүмкүнчүлүгүн чектеген, формалдуу түзүлгөн процессуалдык конструкциянын натыйжасында тоскоолдук жаратат. Бул, анын пикири боюнча Конституциянын преамбуласында, 6-берененин 1, 2-бөлүктөрүндө, 23-беренеде, 61-берененин 1, 2-бөлүктөрүндө, 100-берененин 3, 5- бөлүктөрүндө бекемделген укуктун үстөмдүгүнүн, укуктардын жана эркиндиктердин ажыратылбастыгынын, тараптардын тең укуктуулугунун жана соттук коргоонун кепилдиктеринин конституциялык принциптерине карама-каршы келет. Жогоруда баяндалгандарга негизденип, арыз ээси талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 27-декабрындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. Соттук отурумдун жүрүшүндө кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну өтүндү. Жоопкер тараптын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов арыз ээсинин жүйөлөрү менен макул эместигин билдирди жана талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
С.К. Ысыранов белгилегендей, соттук каталарды оңдоонун
эффективдүү механизмдерисиз конституциялык жоболорду камсыз кылуу мүмкүн эмес. Бул контекстте соттун чечимдерин кайра кароонун жана түзөтүүнүн эң маанилүү инструменттери болуп саналган апелляциялык жана кассациялык өндүрүш институттары өзгөчө мааниге ээ. 5
Колдонуудагы жазык-процессуалдык мыйзамдардын алкагында бул механизмдер сот актыларына даттануу мүмкүнчүлүгү аркылуу ишке ашырылат. Мындай актылардын бири катары, мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүм иш боюнча тараптар тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Булар айыпталуучу, акталган адам, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө ага карата сот өндүрүшү жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан адам, алардын адвокаттары жана мыйзамдуу өкүлдөрү, мамлекеттик айыптоочу же жогору турган прокурор, жабырлануучу жана анын өкүлү, ошондой эле мүлкү камакка алынган адамдар болуп саналат (КЖПКнын 397-беренеси).
С.К. Ысыранов аппеляциялык даттанууга укукка ээ адамдардын
чөйрөсүн мындай чектөө адамдын иштин жыйынтыгына тикелей мыйзамдуу кызыкчылык болгон зарылчылык менен шартталат деп белгилейт. Кылмыш-жаза процессинин катышуучулары болуп саналбаган жактардын мындай кызыкчылыгы жок жана аларды ишти апелляциялык тартипте кароого киргизүү сот адилеттигин ишке ашырууга кийлигишүү жана процессуалдык каражаттарды кыянаттык менен пайдалануу тобокелдиктерин жаратмак. Жоопкер тараптын өкүлү, ошондой эле аппеляциялык даттануу субъектилерин мыйзамдык чектөө инсандын укуктарын тез жана натыйжалуу коргоону, ошондой эле сот өндүрүшүнүн акылга сыярлык мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылууга багытталгандыгын, бул процессуалдык үнөмдүүлүктү камсыз кылуу зарылдыгы менен шартталганын баса белгилейт. Процессуалдык үнөмдүүлүк принциби соттук териштирүүнүн создуктурулушуна жол бербөө жана апелляциялык инстанциядагы сотторго ашыкча жүктү болтурбоо үчүн аппеляциялык даттануу берүүгө укугу бар адамдардын чөйрөсүн чектөөнү билдирет. Субъекттердин тизмегин кеңейтүү кылмыш-жаза процессин дестабилдештирүүгө алып келмек. 6
Мындан тышкары, С.К. Ысыранов даттанууга укугу бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо маселеси сот актысынын өзүнүн маңызынан келип чыгат деп эсептейт. Алсак, бир айыпталуучуга карата чыгарылган өкүм башка адамдын укуктук тагдырын алдын ала аныктай албайт, ал конкреттүү адамдын күнөөсү же күнөөсүздүгү жөнүндө тыянакты камтыган жеке процессуалдык акт болуп саналат. Бул иш боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбаган башка адамдарга укуктук кесепеттерди жайылтпайт жана алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгобойт. Ошону менен бирге, ал иш боюнча тарап болуп саналбаган адамдардын укуктары прокурордук чара көрүү механизми аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн деп эсептейт. Алсак, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 41-беренесине ылайык, прокурор жарандардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо үчүн ар кандай стадияда мыйзамсыз сот актыларына даттанууга жана ишке киришүүгө укуктуу. Муну менен прокуратура укуктук коргоо механизми жана мыйзамдуулуктун институционалдык кепилдиги катары иш алып барат, бул каралып жаткан категориядагы адамдардын аппеляциялык даттанууга өз алдынча укуктарынын жоктугун компенсациялайт. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаев да арыз ээсинин жүйөлөрүн негизсиз, ал эми талашылып жаткан жоболор Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Ал А.Б. Сакимбаевага карата козголгон кылмыш ишин бөлүү мыйзамда белгиленген тартипте ишке ашырылган жана анын укуктарынын бузулушуна алып келген эмес деп эсептейт. КЖПКнын 142-беренесинин 2 жана 6-пункттарына ылайык мындай процессуалдык чечим тергөөчүнүн 7
токтому менен таризделет жана Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилет. Бул иште бөлүү үчүн күнөөсүн моюнга алуу жөнүндө П.А. Узбеков менен макулдашууну түзүү негиз болгон, буга байланыштуу анын иши КЖПКнын 44-главасында каралгандай өзгөчө тартипте каралууга тийиш болгон. Мындай тартипте чыгарылган өкүм далилдерди баалоону камтыбайт жана жагдайлар иликтенбегендик негиздер боюнча даттанылышы мүмкүн эмес. Ал ошондой эле башка адамдарга карата преюдициялык мааниге ээ эмес, анткени алардын иш-аракеттери боюнча тыянактар камтылбайт жана иш боюнча бардык далилдердин базасын талдоого негизделбейт. Ошентип, арыз ээсинин П.А. Узбековго карата далилдер изилденген жок деген жүйөлөрү А.Б. Сакимбаеванын ишин кыскартуу же кайра кароо үчүн негиз боло албайт. Өз кезегинде А.Б. Сакимбаева бөлүнгөн иш боюнча айыпталуучу катары КЖПКнын 46-беренесинде каралган процессуалдык укуктардын толук көлөмүнө, анын ичинде процесске катышууга, далилдерди келтирүүгө, негизги ишти талап кылуу жана күбөлөрдү, анын ичинде П.А. Узбековду суракка алууну талап кылууга, ошондой эле соттун процессуалдык чечимине даттануу өтүнүчтөрүн берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Мында А.Т. Молдобаев КЖПКнын 23-беренесине ылайык, сот болгон далилдердин жыйындысына негизделген өзүнүн ички ишенимине таянып, мыйзамды жетекчиликке алуу менен далилдерди баалайт. Сотко чейинки өндүрүш стадиясында чогултулган далилдер, анын ичинде тергөөчүнүн же прокурордун берген баасы судья үчүн милдеттүү мааниге ээ эмес. Демек, далилдерди талдабастан чыгарылган өкүм толук соттук териштирүү өткөрбөй туруп жана ага тиешелүү далилдерге баа бербестен башка адамдын күнөөсүн таануу үчүн негиз боло албайт. Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Юстиция министрлигинин, Ички иштер 8
министрлигинин өкүлдөрү С.К. Ысырановдун жана А.Т. Молдобаевдин позициясына окшош пикирлерин билдиришти. Ошону менен бирге, көрсөтүлгөн позицияга кошумча катары, Жогорку соттун өкүлү жазык-процессуалдык мыйзамдар апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттордун ыйгарым укуктарынын чектерин чектей турганын белгиледи. Алсак, апелляциялык даттануу ишти кайра кароонун алкагында жүзөгө ашырылуучу соттук көзөмөлдүн бир түрү, мында апелляциялык инстанциядагы сотко кассациялык инстанциядагы сотко салыштырмалуу кеңири ыйгарым укуктар берилген. Тактап айтканда, апелляциялык инстанциядагы сот ишти биринчи инстанциядагы соттун эрежелери боюнча кароого, далилдерди изилдөөгө, жагдайларды кайра баалоого жана толук көлөмүндө да, ошондой эле даттанылуучу бөлүгүндө да жаңы чечим чыгарууга укуктуу. Мындан айырмаланып, кассациялык инстанция ишти кайрадан карабастан, материалдык жана процессуалдык укуктун ченемдеринин сакталышын текшерүү менен чектелет, иш жүзүндөгү жагдайларга эмес, соттун мурда чыгарылган чечиминин юридикалык жактан туура коюлушуна баа берет. Апелляциялык жана кассациялык инстанциялардын ыйгарым укуктарынын көлөмүндөгү жана мүнөзүндөгү мындай айырмачылык алардын ар бирине кайрылуу укугу берилген субъекттердин чөйрөсүн чектөөнү объективдүү негиздейт. Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө»
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын 9
ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, бул иш боюнча Конституциялык соттун кароо предмети болуп төмөнкүдөй редакцияда баяндалган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүнүн ченемдик жоболору саналат: «397-берене. Апелляциялык даттануу укугу
1. Ушул главанын талаптарына ылайык соттун мыйзамдуу күчүнө
кире элек өкүмдөрү, ошондой эле биринчи инстанциядагы соттун башка соттук актылары тараптар тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
2. Сот чечимине даттануу укугу айыпталуучуга, акталганга,
медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө өндүрүш жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан адамга, алардын адвокаттарына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө, мамлекеттик айыптоочуга же жогору турган прокурорго, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, ошондой эле мүлкү камакка алынган адамдарга таандык. Материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу адам соттун чечиминин материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу бөлүгүн даттанууга укуктуу. ». 2021-жылдын 28-октябрындагы №129 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынып, «Эркин Тоо» гезитинин 2021-жылдын 16-ноябрындагы №122-133 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Укуктук жана демократиялык мамлекет катары Кыргыз
Республикасында кылмыш-жаза процесси укуктун үстөмдүгүн, адилеттүүлүктү, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоону жана урматтоону камсыз кылган фундаменталдуу 10
конституциялык башаттарды кынтыксыз сактоого негизделет. Бул башаттар инсанды коргоонун да, коомду жана мамлекетти кылмыштуу кол салуулардан коргоонун да кепилдиги болуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн бүткүл системасынын мазмунун жана багытын аныктайт. Дал ушул конституциялык мааниге ээ багыттардан алганда, мыйзам чыгаруучу кылмыш-жаза процессинин бардык катышуучуларына инсанды мыйзамсыз жана негизсиз айыптоодон, соттоодон, укуктарын жана эркиндиктерин чектөөдөн коргоо, ошондой эле кылмыштарды тез жана толук тергөө, адилеттүү соттук териштирүү жана кылмыш-жаза мыйзамынын туура колдонулушун камсыз кылуу талаптарына ылайык аракеттенүү милдетин түздөн-түз жүктөгөн (КЖПКнын 6-беренеси). Бул жазылгандар жөн гана декларация эмес, кылмыш-жаза процессинин бардык стадияларында аткаруу үчүн милдеттүү болгон императивдик көрсөтмөлөрдү билдирет. Ошентип, Конституцияда жазылган жана КЖПКнын 6-беренесинде конкреттештирилген кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн баалуулук негиздери кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн практикалык мазмунун түзгөн негизги уюштуруучулук-процессуалдык принциптер аркылуу ишке ашырылат. Алардын ичинен күнөөсүздүк презумпциясы, соттук териштирүүнүн объективдүүлүгү жана калыстыгы, ошондой эле жоопкерчиликти жана жазаны жекелештирүү өзгөчө мааниге ээ. Алардын ар бири өз алдынча функцияны аткарат, бирок чогуу жазык процессинин ички ырааттуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылат. Ушуга байланыштуу, кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүү процессинде бул принциптер ыйгарым укуктуу органдардан ар бир ишти күнөөсүздүк презумпциясын так сактоо менен кароону талап кылат, мында акыркы айыптоо өкүмү менен аяктаган соттук териштирүүнүн алкактарынан тыш адамды күнөөлүү деп табуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат. Мындай айыптоо өкүмү чыгарылганга чейин айыпталуучу, чындыкты аныктоо жана фактыларга укуктук баа берүү максатында ага 11
жазык куугунтугу жүргүзүлүп жаткан субъект катары гана каралууга тийиш. Мында процессуалдык иш-аракет айыптоо позициясынын басымдуулук кылышын болтурбаган жана тараптардын тең укуктуулугу жана атаандаштыгы камсыз кылынган, бейтараптуулук, иштин жагдайларын аныктоонун толуктук жана ар тараптуулук принциптерине негизделүүгө тийиш. Жоопкерчиликти жана жазаны жекелештирүү өз кезегинде ар бир конкреттүү иштин өзгөчөлүгүн, инсандын мүнөздөмөсүн, жасалган жосундагы анын ролун, ошондой эле бардык юридикалык жактан маанилүү жагдайларды, анын ичинде жазаны дайындоо үчүн маанилүү болгон процессуалдык позицияны жана фактыларды эске алууну талап кылат. Ушул өз ара байланышкан принциптерди сактоо гана формалдуулукту жокко чыгарат, укуктук чара көрүүнүн өлчөмдөштүгүн камсыздайт жана иш боюнча адилеттүү, жүйөлүү жана юридикалык жактан негизделген акыркы чечимге жетишүүгө көмөктөшөт.
3. Жазык иштерин тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн
жүрүшүндө эпизоддордун көптүгү, бир өндүрүшкө бир нече айыпталуучунун катышуусу, ошондой эле жазык куугунтугунун башка татаал конфигурацияларына байланыштуу процесстик кырдаалдар келип чыккан учурлар аз эмес. Мындай жагдайлар процесстин катышуучуларынын укуктарын толук ишке ашырууну жана коргоону объективдүү түрдө кыйындатат, ишти өз убагында жана натыйжалуу чечилишине кооптуулук жаратат жана адилет сот өндүрүшүнүн принциптерин бузуу тобокелдиги келип чыгат. Ушуга байланыштуу жазык-процесстик мыйзамдар жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү мүмкүнчүлүгүн карайт, бул жазык куугунтугун уюштуруучулук жагынан бөлүүнүн процессуалдык формасы болуп саналат. Айрым окуяларга, айыпталуучуларга же башка жагдайларга 12
карата жеке процессуалдык чечим талап кылынган учурларда бөлүүгө жол берилет. Кылмыш-жаза ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү институтун ишке ашыруу жазык сот өндүрүшүнүн негизги уюштуруучулук-процессуалдык принциптерин: күнөөсүздүк презумпциясын, соттук териштирүүнүн объективдүүлүгүн жана калыстыгын, ошондой эле жоопкерчиликти жана жазаны жекелештирүүнү камсыз кылуу менен түздөн-түз байланыштуу. Дал ушул принциптер айыптоо корутундусун процесстин айрым катышуучуларынан башкаларга өткөрүп берүү тобокелдигин болтурбоо, башка эпизоддорго же жактарга байланышкан материалдарды эсепке албастан, ар бир конкреттүү айыпталуучу боюнча далилдерге көз карандысыз баа берүү, ошондой эле күнөөнүн даражасына, жасалган жосундагы ойго, ролуна жана башка юридикалык маанилүү жагдайларга укуктук баа берүү үчүн шарттарды түзүүнү талап кылган кырдаалдарда иштерди процессуалдык бөлүүнүн зарылдыгын көрсөтүп турат. Мындай мамиле Конституциялык соттун 2022-жылдын 28- декабрындагы Чечиминде белгиленген укуктук позицияга туура келет, анда аракеттерди бир кылмыш катары же кылмыштардын жыйындысы катары квалификациялоо күнөөлүнүн ниетин жана иштин конкреттүү фактылык жагдайларын эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Мында ар бир укук бузуу үчүн ой-ниет өзүнчө келип чыгат жана толук ишке ашырылат, бул ар бир айыпталуучунун ролуна жана күнөөлүүлүгүнө көз карандысыз баа берүүнү, ошондой эле аларга жасады деп коюлган жосундарды жасоодогу конкреттүү ниетин өзүнчө аныктоону талап кылат. Кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү, ошентип, бул талаптарды иш жүзүндө аткарууга мүмкүндүк берүүчү процессуалдык инструмент катары кызмат кылат. Бул институттун укуктук негизи КЖПКнын 142-беренесинде бекитилген, ал тергөөчүгө, судьяга жана сотко кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү укугун берет. Аталган ченем бир эле маалда бул 13
процесстик инструментти колдонуунун чегин белгилейт, ал жазык сот өндүрүшүнүн толуктугун, ар тараптуулугун жана объективдүүлүгүн бузууга алып келбеген шартта гана бөлүүгө жол берилээрин түздөн-түз белгилейт. Мындай ар бир процессуалдык чечим иштин материалдарында белгиленген фактылык маалыматтардын жана укуктук ченемдердин негизинде так негизделүүгө тийиш. Тергөө органдары жана сот аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде гана иш алып барбастан, ошондой эле өзүм билемдик мамилени болтурбай, өз чечимдерин деталдуу негиздеп берүүгө милдеттүү. Бир дагы иш жүзүндөгү маанилүү жагдай негизги да, өзүнчө бөлүнгөн өндүрүштө процессуалдык чечимсиз калуусу мүмкүн эмес. Айрыкча белгилей кетүүчү нерсе, кылмыш ишин бөлүү өзүнчө алганда айыпталуучунун күнөөсү жөнүндө маселени алдын ала чечүүнү билдирбейт. Айыптоо алдын ала тергөө стадиясында түзүлгөнүнө карабастан, жасаган жосунга биротоло юридикалык баа берүү, фактыларды аныктоо жана жазаны белгилөө соттун гана компетенциясына кирет. Бул Конституциялык соттун 2022-жылдын 15-июнундагы Чечиминде белгиленген укуктук позицияга шайкеш келет, анда сот өзүнө берилген ыйгарым укугунан улам сот адилеттигин жүргүзүү боюнча өзгөчө бийликке ээ орган болуп саналат, мындай ыйгарым укук башка бир да мамлекеттик бийлик органында жок. Андыктан жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү күнөөнү аныктоону жөнөкөйлөштүрүү каражаты катары эмес, жекелештирилген жана калыс соттук териштирүүнү камсыз кылуучу процессуалдык механизм катары каралууга тийиш. Ошентип, КЖПКнын 142-беренесинде укуктук мүмкүнчүлүк гана белгиленбестен, ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн милдеттерине жана максаттарына баш ийдирилген, анын жол берилишинин чектерин да белгилейт. Муну менен аны пайдалануу 14
процесстин катышуучуларынын укуктарын чектөөгө эмес, тескерисинче – аларды коргоого, алардын кызыкчылыктарына өзүм билемдик менен кийлигишүүнү болтурбоого жана акылга сыярлык мөөнөттөрдө адилет соттук териштирүүнү камсыз кылууга багытталган.
4. КЖПКнын 142-беренеси жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүнү
гана эмес, ошондой эле жазык ишинин материалдарын бөлүү мүмкүнчүлүгүн да жөнгө сала тургандыгын өзүнчө белгилеп кетүү керек. Формулировканын тышкы окшоштугуна карабастан, бул процессуалдык аракеттер өзүнүн укуктук табияты жана укуктук кесепеттери боюнча айырмаланат. Жогоруда белгиленгендей, жазык ишин бөлүү өзүнчө жазык өндүрүшүнүн түзүлүшүн билдирет, анын алкагында процессуалдык чечимдер негизги ишке көз карандысыз, конкреттүү айыпталуучунун, эпизоддун же жагдайдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат. Материалдарды жазык ишинен бөлүү – жазык-процессуалдык форманын алкагында өзүнчө чара көрүүнү талап кылган жагдайлар боюнча жаңы жазык куугунтугун козгоо, ага байланышкан укуктук маселелерди чечүү же жагдайлар боюнча кошумча тергөө жүргүзүү максатында аларды автономдуу пайдаланууга багытталган процессуалдык аракетти билдирет. Көрсөтүлгөн материалдар тергөөгө чейинки өзүнчө текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат, анын жүрүшүндө аныкталган фактыларды жана потенциалдуу тиешеси бар адамдардын аракеттерин укуктук квалификациялоо жүргүзүлөт. Мындай текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча компетенттүү орган тарабынан жазык ишин козгоо же аны козгоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү процессуалдык чечим чыгарылат. Муну менен бирге КЖПКнын 142-беренесинин колдонуудагы редакциясы бул жол-жоболорду өзүнчө ченемдик жөнгө салууну камтыбайт. Жазык ишинин материалдарын бөлүүнүн тартибин, шарттарын жана кесепеттерин так ажыратуунун жоктугу иш жүзүндө бир түрдүү эмес колдонуу тобокелдигин жаратат. 15
Бул институттардын ар түрдүү укуктук табиятын эске алуу менен, аларды колдонуу механизмдерин мыйзамдык жактан бөлүү максатка ылайыктуудай. Укуктук аныктыкты жогорулатуу жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдын ченемдерин бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу үчүн жазык ишинин материалдарын КЖПКнын өзүнчө беренесине бөлүүнү, процесстин катышуучулары үчүн тартибин, негиздерин жана процессуалдык кепилдиктерин конкреттештирүү менен жөнгө салууну бөлүп көрсөтүү зарыл.
5. Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзам КЖПКнын 57-главасында
каралгандай, кылмыш-жаза-укуктук чыр-чатакты күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашууну түзүү жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүнө жол берет. Бул институт процессуалдык жөнгө салуунун өзгөчө формасы болуп саналат, мында айыпталуучунун коюлган айыпка ыктыярдуу жана аң сезимдүү макулдугу анын жазык жоопкерчилиги жөнүндө маселени жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген тартипте чечүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда айыптоонун маңызы өзгөрүүсүз бойдон кала берет: жосундун укуктук классификациясы да, мыйзамда каралган жоопкерчиликтин чеги да сакталат. Ошол эле учурда, күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуу анын диспозитивдүү мүнөзүнө карабастан, айыптоо менен жактоонун ортосундагы жөнөкөй макулдашуу катары каралбайт. Мыйзам чыгаруучу анын деталдуу жөнгө салынган жол-жобосун белгилеген жана процессуалдык кыянаттыктарды болтурбоого жана моюнга алуунун чыныгы ыктыярдуулугуна кепилдик берүүгө багытталган көп баскычтуу контролдоо механизмин (КЖПКнын 501-503-беренелери) киргизген. Айрыкча, бул моюнга алуу айыпталуучуга мамлекет тарабынан белгилүү бир жеңилдиктерди берүү, мисалы, жеңилдетүүчү жагдайларды эске алуу жана жазаны жеңилдетүүнү караган жазык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу менен коштолгон учурларда өзгөчө маанилүү. Мындай жагдайлар айыпталуучунун моюнга алуусу ички ишенимден эмес, 16
тагылган айыптын фактылык жагы же квалификациялоосу менен мүмкүн болгон келишпестиктерге карабастан, стратегиялык эсептөөдөн келип чыгышы мүмкүн деген тобокелдикти объективдүү түрдө алып жүрөт. Макулдашууну түзүү жол-жобосу жазык куугунтугунун негизги субъекттеринин катышуусу менен бир нече милдеттүү стадияларды камтыйт. Прокурор сотко чейинки стадияда айыпталуучунун өтүнүчүн карайт, аны канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө токтом чыгарат, ал эми чечим оң болсо, анда бардык олуттуу шарттарды, анын ичинде жосундун сыпаттоосун, жазанын квалификациясын, түрүн жана өлчөмүн жазуу менен өз алдынча макулдашуунун текстин түзөт. Андан кийин тергөө судьясы КЖПКнын 502-беренесинде белгиленген тартипте тараптардын катышуусунда келип түшкөн макулдашууну карайт. Анын милдети формалдуу эмес, толук укуктук текшерүү: күнөөнү моюнга алуунун ыктыярдуулугун, басымдын жоктугун, айыпталуучунун ага коюлган айыптын маңызын түшүнүүсүн жана толук соттук териштирүүдөн баш тартууну аң-сезимдүүлүк менен түшүнүүсүн аныктоо болуп саналат. Мыйзамда каралган бардык шарттар сакталганда гана макулдашуу бекитилиши мүмкүн. Ошентип, күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуу институту эки баскычтуу процессуалдык көзөмөл принцибине негизделет, бул макулдашууну тийиштүү текшерүүсүз формалдуу бекитүү тобокелдигин болтурбайт.
6. Күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашууга негизделген жазык
ишин соттук териштирүү КЖПКнын 503-504-беренелери менен жөнгө салынган өзгөчө тартипте жүргүзүлөт. Бул тартиптин олуттуу өзгөчөлүгү болуп салттуу соттук териштирүүнү жүргүзүүдөн баш тартуу саналат: сот далилдерди изилдебестен жана баа бербестен, айыпталуучунун күнөөсүн моюнга алганына, түзүлгөн макулдашуунун мыйзамдуулугуна, мыйзамда белгиленген бардык талаптардын сакталышына таянып өкүм чыгарат. 17
Кылмыш-жаза куугунтугун аяктоонун бул укуктук модели күнөөнү моюнга алуу айыпталуучунун белгиленген тартипте ырасталган ойлонуштурулган жана ыктыярдуу эрк билдирүүнүн натыйжасы деген презумпцияга негизделген. Дал ошондуктан мыйзам чыгаруучу далилдердин изилденбегендигине байланыштуу негиздер боюнча мындай өкүмгө даттануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган (КЖПКнын 504- беренесинин 7-бөлүгү), бул анын процессуалдык өзгөчөлүгүн тастыктайт. Башкача иш кылуу айыпталуучунун ага берилген процессуалдык укуктардан ыктыярдуу баш тартуусун этибарга албоо дегенди билдирмек, бул сот адилеттиги системасынын туруктуулугуна жана натыйжалуулугуна шек келтирмек, жазык процессинин диспозитивдүүлүк принцибинин бузулушуна алып келмек, ошондой эле айыпталуучунун укуктарын сактоо менен ыкчам чара көрүүгө негизделген кылмыштарды тез жана толук тергөө максаттарын алмаштырмак. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Конституциялык сот күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуу институтун конституциялык укук тартибинин алкагында жол берилет деп тааныйт. Бул тыянак көрсөтүлгөн укуктук конструкция өзүм билемдикти жокко чыгарып, укуктук аныктыкты камсыз кылгандыгы менен шартталган жана адилет сот өндүрүшүнүн, анын ичинде моюнга алуунун ыктыярдуулугун жана мажбурлоого жол берилбестикти сактоонун кепилдиги катары чыгат. Муну менен жазык куугунтугунун натыйжалуулугу менен айыпталуучунун укуктарын коргоонун ортосунда зарыл болгон тең салмактуулукка жетишилет, ошондой эле укуктук кепилдиктерге зыян келтирбестен процессуалдык үнөмдүүлүк принциби ишке ашырылат.
7. Көп кырдуу жазык куугунтугунун учурларында
айыпталуучулардын биринин күнөөсүн моюнга алуу жөнүндө макулдашууну түзүүсү да жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүнү талап кылат. Бул салттуу соттук териштирүүдөн башкача, кароонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби сыяктуу колдонулуучу жол-жоболордогу 18
айырмачылык менен гана эмес, ошондой эле жазык жоопкерчилигин жана жазаны жекелештирүү, соттук териштирүүнүн объективдүүлүгү жана калыстыгы, күнөөсүздүк презумпциясы, башка айыпталуучулардын процессуалдык укуктарын камсыз кылуу принциптерин сактоо зарылчылыгы менен шартталган. Өзүнчө бөлүү жазага тартылууга даярдыгын билдирген айыпталуучунун ишин өндүрүштүн башка катышуучуларына зыян келтирбестен же анын жыйынтыгына таасир этпестен, обочолонтуп кароого мүмкүндүк берет, алар боюнча далилдерди ар тараптуу изилдөө жана маңызы боюнча толук соттук териштирүү укугу сакталат. Мында күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуунун негизинде бөлүп алынган өндүрүштүн алкагында чыгарылган өкүм негизги иш боюнча башка айыпталуучуларга карата преюдициялык күчкө ээ эмес экендигин баса белгилей кетүү зарыл. Ал далилдерди изилдебестен кабыл алынат жана макулдашуу түзгөн адамдын укуктук статусунун чегинде гана жарактуу болот. Демек, ал иштин башка катышуучуларынын күнөөлүүлүгүнүн далили катары каралышы мүмкүн эмес, ага тете алар менен байланышкан иш жүзүндө аныкталган жагдайларды таануу үчүн негиз боло албайт. Ушуга байланыштуу бөлүп алынган ишке катышпаган адамдардын аталган өкүмгө даттануусу кылмыш-жаза укуктук доктринанын көз карашынан алганда кабыл алынгыс болуп саналат. Даттанууну кароодон мындай баш тартуу алардын укуктарынын бузулушун билдирбейт, анткени өкүм үчүнчү жактарга карата укуктук кесепеттерди жаратпайт, алардын укуктук позициясына таасир этпейт жана негизги териштирүүнүн жыйынтыгын алдын ала аныктабайт. Өз кезегинде негизги иштин катышуучуларында негиздүү жана адилеттүү өкүм чыгаруу менен процессуалдык кепилдиктердин бүткүл комплекси, атап айтканда, соттук коргонуу укугу: далилдерди изилдөөгө мүмкүнчүлүк, каршы пикирлерди билдирүү, бөлүнгөн өндүрүштүн 19
материалдарын талап кылуу укуктары сакталат. Ошондой эле жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо сыяктуу сот актыларын кайра кароонун мындай институттарын пайдалануу укугу сакталат. Ошентип, Конституциялык сот талашылып жаткан учурда, күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуунун негизинде бөлүп алынган өндүрүштүн алкагында чыгарылган өкүм, арыз ээсинин конституциялык укуктарын козгогон катары каралышы мүмкүн эмес деп белгилейт.
8. КЖПКга ылайык жазык иштерине апелляциялык даттануу укугу
процесстин так аныкталган тараптарына – айыпталуучуга, анын жактоочусуна, прокурорго, жабырлануучуга жана алардын өкүлдөрүнө, башкача айтканда укуктары жана кызыкчылыктары соттун чечими менен түздөн-түз козголгон адамдарга берилет. Мындай чектөө соттук коргонуу укугунун, тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун конституциялык принциптеринен келип чыгат (Конституциянын 61- беренесинин 1-бөлүгү, 100-беренесинин 3 жана 5-бөлүктөрү), аларга ылайык соттук чечимди кайра кароо укугу анын жыйынтыгына тикелей жана мыйзамдуу кызыкчылыгы бар, процесстик коргонуу каражаттарына ээ болгон жана териштирүүнүн мазмунуна жана жүрүшүнө таасир этүүгө жөндөмдүү процесстин катышуучулары тарабынан гана натыйжалуу ишке ашырылышы мүмкүн. Мындай мамиле процессти негизсиз создуктурууну жокко чыгаруу жана тараптарды өзүм билемдик менен башкалардын даттануусунан жана укуктук жактан күтүүсүздүктөрдөн коргоо менен сот системасынын туруктуулугун колдоо зарылдыгынын жана сот адилеттигине жетүүнүн ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылат. Ал сот актыларын кайра кароо механизмдерин колдонууну чындыгында олуттуу жана юридикалык жактан маанилүү негиздерге багыттайт, муну менен сот бийлигине ишенимди бекемдейт жана адилеттүү соттук териштирүүнү камсыз кылат. Муну менен катар, Конституциянын 100-беренесинин 5-бөлүгүндө бекемделген, соттук чечимдерде укуктары жана мыйзамдуу 20
кызыкчылыктары козголгон адамдардын аларга даттануу укугун караган конституциялык жобону ишке ашыруу максатында, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар мүлкүнө камак салынган же материалдык зыяндын же моралдык зыяндын ордун толтуруу боюнча милдет жүктөлгөн башка адамдар тарабынан да даттануу берүүнүн мындай мүмкүнчүлүгүнө жол берет (КЖПКнын 397-беренесинин 2-бөлүгү жана 440-беренесинин 1- бөлүгү). Муну менен мыйзам чыгаруучу кылмыш куугунтугунун кесепеттери анын түздөн-түз катышуучуларынын укуктук статусунун чегинен чыгып кетиши мүмкүн экенин тааныйт. Бирок, колдонулуп жаткан жөнгө салуу чектөө мүнөзүнө ээ жана менчик укугун чектөө же ажыратуу, мүлктү жок кылуу же мыйзамда түздөн-түз аталбаган, бирок салыштырмалуу укуктук мааниге ээ болгон башка кесепеттер сыяктуу мүлктүк укуктарга кийлигишүүнүн башка формаларын камтыбастан, мүлктү камакка алуунун учурларын көрсөтүү менен чектелет. Ушуга байланыштуу Конституциялык сот өкүмдөргө апелляциялык даттануу мүмкүнчүлүгүнө тиешелүү колдонуудагы укуктук жөнгө салуу, кимдир бирөөнүн мүлктүк укуктарын козгоонун бардык формаларын эсепке алууну камсыз кылуучу, кошумча ченемдик конкреттештирүүнү талап кылат деп белгилейт. Мүлктүк укуктардын козголгондугунун фактысын таануу адамдын жазык процессине формалдуу катышуусунан гана көз каранды болбойт. Жазыктык куугунтуктоонун кесепеттери адамдын мүлкүнө объективдүү таасир эткен учурларда, ал жабырлануучу же иш боюнча тарап катары таанылбаса да, ага укуктук мамлекеттин принциптерине ылайык келген жана териштирүүнүн адилеттүүлүгүн камсыз кылуучу соттук коргоонун натыйжалуу каражаты камсыз кылынууга тийиш. 21
Ошондой эле соттук актыларды кассациялык инстанцияда даттануу укугу апелляциялык тартипке караганда, кыйла кеңири формулировка жасалгандыгын эске алуу керек. Баяндалгандарды эске алып, мыйзам чыгаруучу, ошондой эле апелляциялык да, кассациялык да инстанцияларда соттук актыларга даттануу тартибин жөнгө салуучу бөлүгүндө, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды шайкеш келтирүүсү зарыл. Ошол эле учурда, даттануу субъекттеринин чөйрөсүн өзүм билемдик менен кеңейтүүнү болтурбоо жана сот адилеттигинин максаттарын ыдыратууга жол бербөө максатында, Конституциялык сот мүлктүк укуктарды козгоонун критерийлерин деталдаштырууну Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму укук колдонуу практикасынын бир түрдүүлүгүн жана алдын ала болжолдуулугун камсыз кылган түшүндүрмөлөр аркылуу жүзөгө ашыруусу максатка ылайыктуу деп эсептейт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Конституциялык сот соттук чечимдерге даттануу укугуна ээ жактардын тизмесин белгилеген укуктук жөнгө салуу, арыз ээси шилтеме кылган укуктук кырдаалды камтыбайт деген тыянакка келди. Тиешелүү түрдө, көрсөтүлгөн ченемдик мамиле анын конституциялык укуктарын, анын ичинде соттук коргоонун кепилдиктерин, укуктун үстөмдүгүнүн принциптерин, укуктар менен эркиндиктердин ажыратылгыс экендиги жөнүндө жоболорду, ошондой эле сот өндүрүшүндө тараптардын теңдигинин жана атаандаштыгынын талаптарын бузбайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2- бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И: 22
1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык
кодексинин 397-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 100-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети колдонуудагы
укуктук жөнгө салууга ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Ушул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында» жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ Бул иш боюнча судья М.Р. Бобукееванын өзгөчө пикири бар (төмөндө караңыздар). 23
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Бобукеева Меергул Рыскулбековнанын өзгөчө пикири “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 50-беренесинин негизинде, Айжан Базаркуловна Сакимбаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Икрамидин Назирович Айткуловдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары –КЖПК) 397-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Чечиминин резолютивдик бөлүгүнүн 1-пункту боюнча өзгөчө пикиримди билдирем. Чечимдин резолютивдик бөлүгүнүн 1-пункту боюнча өзгөчө пикиримди билдирүү менен Конституциялык соттун жүйөлөштүрүүчү бөлүктө берген укуктук позициялары менен жалпысынан макул экендигимди баса белгилеп кетүү маанилүү деп эсептейм. Мындан тышкары, Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугун текшерүүдө кылмыш-жаза процессуалдык жөнгө салуудагы орун алган кенемтелерди аныктап, аларды негиздүү көрсөттү. Алардын катарына, атап айтканда, күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашууну түзүү шарттары жана анын натыйжасы катары жазык ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү менен байланышкан маселелер кирет. Бирок, менин пикирим боюнча Конституциялык сот, ошондой эле күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашууну түзүүгө байланыштуу кылмыш-жаза иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, кийин негизги иш боюнча күбө катары тартылган адамдардын статусу менен байланыштуу негизги укуктук маселеге белгилүү бир жооп бериши керек эле. 24
Бул маселе боюнча түздөн-түз түшүндүрүүнүн жоктугу укук колдонуу практикасында бир түркөй эместикти жаратууга жана кылмыш- жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын процессуалдык кепилдиктерин, айрыкча, күнөөнү таануу жөнүндө сотко чейинки макулдашууну түзүүгө байланыштуу ишти өзүнчө бөлгөн учурларда ал кепилдиктерди бузуу коркунучун жаратууга жөндөмдүү. Бул маселени түшүндүрүү принципиалдуу мааниге ээ. Мурда ага карата кылмыштык куугунтуктоо жүргүзүлгөн адамды күбө катары, анын процессуалдык абалын мыйзамдык жактан так жөнгө салбастан тартуу коргонуу укугу менен күбө катары көрсөтмө берүү милдеттенмесинин ортосундагы чыр-чатакка алып келиши мүмкүн. Алсак, бөлүнгөн өндүрүштө аталган адам айыпталуучу (же соттолуучу) катары чыгат, ал эми негизги иште ал күбө катары болжолдонот. Ошентсе да, мындай адам негизги жазык иши боюнча соттолуучу болбогондуктан, ошол иш боюнча соттук отурумга күбө катары же тергөө жана ишти чечүү үчүн мааниси бар жагдайлар жөнүндө маалыматтын ээси катары көрсөтмө берүү үчүн тартылган адам, ким катары чыгат. Бул түзүлгөн аныксыздык Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген укуктарга, атап айтканда: өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эместик укугуна (Конституциянын 57-беренеси) жана соттук коргонуу укугуна (Конституциянын 61-беренеси) таасирин тийгизет. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин адам формалдуу түрдө айыпталуучу катары кала берет жана аларды башка иш боюнча күбө катары суракка алуу өзүн-өзү айыптоого же өзүнүн процессинде коргоо позициясы менен карама-каршылыкка алып келиши мүмкүн. Бул жагдай укуктук статустун аныктыгы принцибин бузат жана анын көрсөтмөлөрүнүн жол берилишинин талаштуулук тобокелдигин жаратат. Так жөнгө салуунун зарылдыгы эл аралык стандарттар, анын ичинде Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 14-беренеси 25
менен да тастыкталат, анда айыпталуучунун өзүн өзү айыптоого мажбурланбоого укугу жана эффективдүү коргонууга укугу бекитилген. Ошентип, бул маселе боюнча түзүлгөн кырдаал соттук практикада ыраатсыздыкка алып келип, конституциялык сот адилеттигинин негиз түзүүчүлөрү болуп саналган укуктук аныктык жана адилеттүүлүк принциптеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу Конституциялык сот мындай адамдардын статусун мыйзамдык жактан тактоо зарылдыгын ачык көрсөтүшү керек же алардын процессуалдык кепилдиктерин бузуу коркунучун жокко чыгарган, өзүнүн чечмелөөсүн бериши керек деп эсептейм. Өзгөчө пикиримди билдирүү менен Конституциялык сот жүйөлөштүрүүчү бөлүктө өкүмдөрдүн үстүнөн аппеляциялык даттануу бөлүгүндө колдонуудагы укуктук жөнгө салуу кошумча ченемдик тактоону талап кылат деп адилет белгилегендигине көңүл буруу зарыл деп эсептейм. Мындай тактоодо адамдардын мүлктүк укуктарына кийлигишүүнүн бардык мүмкүн болгон формалары эске алынууга тийиш. Ошол эле учурда Конституциялык соттун өзү, эгерде жазык куугунтугунун кесепеттери жарандын мүлкүнө объективдүү таасир этсе, анда ал жабырлануучу же иш боюнча тарап катары таанылганына карабастан, ага натыйжалуу соттук коргоо каражаты камсыз кылынууга тийиш экендигин белгилейт. Бул талап түздөн-түз укуктук мамлекеттин принциптеринен жана соттук териштирүүнүн адилеттүүлүгүн кепилдөө зарылчылыгынан улам келип чыгат. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, кассациялык даттануу укугу мыйзамда апелляциялык кайра кароо укугуна караганда кеңири туюндурулган. Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучуга апелляциялык да, кассациялык да инстанцияларда соттук актыларга даттануу тартибин жөнгө салуучу ченемдердин өз ара ырааттуулугун камсыз кылуу менен кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды шайкеш келтирүүсү зарыл. 26
Бирок мындай укуктук позициясын билдирүү менен Конституциялык сот акылга сыярлык кармануу принцибинен четтеп, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талашылып жаткан ченеми соттун чечими менен укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон адамдардын аппеляциялык даттанууга укугу каралбаган бөлүгүндө Конституцияга карама-каршы келет деп белгилеши керек эле. Мындай таануу укуктук системанын ырааттуулугун, өз ара үндөштүгүн жана түзмө-түз аныктыгын, ошондой эле жарандардын укуктарын натыйжалуу корголушун камсыз кылмак. Мындан тышкары, Конституциялык сот резолютивдик бөлүктө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397- беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө тиешелүү мындай укуктук позиция
П.А. Узбековдун жана А.Б. Сакимбаевнын жазык иштерине жайылтылбайт
деп өзгөчө баса белгилеши керек болчу. Тиешелүү түрдө алардын соттук чечимдери күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашууну түзүү негизи боюнча кайра каралбайт, анткени мындай учурларда фактылык жагдайларга толук соттук баа берүү жок. Ошентип, кабыл алынган чечим иштин жыйынтыгына таасирин тийгизмек эмес жана А.Б. Сакимбаеванын кылмыш ишине карата преюдициалдык мааниге ээ эмес болгон. Конституциялык соттун судьясы М.Р. Бобукеева 27
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 28.10.2021 · № 129