Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Судьялар Ч.М. Уметалиеванын жана А.А. Аскарбековдун суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренесинин (редакцияда), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 73-беренесинин (редакцияда) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
Расмий тилден мамлекеттик тилге которулган КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН судьялар Ч.М. Уметалиеванын жана А.А. Аскарбековдун суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренесинин (2017-жылдын 2-февралындагы редакцияда), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 73-беренесинин (1997-жылдын 1-октябрындагы редакцияда) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча ЧЕЧИМИ 2024-жылдын 21-июну Бишкек ш. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу – Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А Дуйшеев, Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев,
К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиев курамында, катчы К. Маамыталы кызынын катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 38, 45-беренелерин жетекчиликке алып, судьялар Ч.М. Уметалиеванын жана А.А. Аскарбековдун суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренесинин (2017-жылдын 2-февралындагы редакцияда) (мындан ары – 2017-жылдагы КЖК) жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 73-беренесинин (мындан ары – 1997-жылдагы КЖК) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти жазуу жүзүндөгү жол-жобосу боюнча карап чыкты. Бул ишти кароого Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы
Ч.М. Уметалиеванын, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунун судьясы
А.А. Аскарбековдун суроо-талаптары себеп болду жана кылмыш куугунтуктоонун эскирүү
мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу адамды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуунун шарттарын караган 2017-жылдагы КЖКнын 62-беренесинин жана айыптоо өкүмүн аткаруунун мөөнөтүнүн эскиришинен улам жазадан бошотуунун негиздерин жана шарттарын аныктаган 1997-жылдагы КЖКнын 73-беренесинин Конституцияга ылайык келеби деген маселеде пайда болгон аныксыздык негиз болду. Ишти соттук отурумда кароого даярдаган судья-баяндамачы Ч.А. Айдарбекованын маалыматын угуп жана сунушталган материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту ТАПТЫ: 2024-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2017- жылдагы КЖКнын 62-беренесинин Конституциянын 60-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Ч. М. Уметалиеванын суроо- талабы келип түшкөн. Кайрылуудан жана ага тиркелген документтерден белгилүү болгондой, соттун өндүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 122, 207 жана 280-беренелеринде (2021-жылдын 28-октябрындагы редакцияда) (мындан ары – КЖК) каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча Р.А. Кулматовго карата кылмыш иши кароодо турат.
Р. А. Кулматов жогоруда аталган кылмыштарды 2006-жылдын 24-ноябрында жасаган, андан
кийин качып кеткен. Кылмыш ишин иликтөө мезгилинде 2007-жылдын 23-январында ага издөө жарыяланып, ал 2023-жылдын 30-январында гана кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 29-июнундагы өкүмү менен Р.А. Кулматов кылмыш жасагандыгына күнөөлүү деп табылып, бирок КЖКнын 62- беренесинин негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтүнүн өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулган. Аталган өкүм Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 19- сентябрындагы чечими менен күчүндө калтырылган, бирок Жогорку соттун 2023-жылдын 26- декабрындагы токтому менен биринчи жана экинчи инстанциялардын сот актылары жокко чыгарылып, кылмыш иши биринчи инстанциядагы сотко кайра кароого жөнөтүлгөн. Судьянын суроо-талабында биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттор
Р.А. Кулматовду жазаны өтөөдөн бошотуу жөнүндө соттук актыларды кабыл алууда КЖКнын
12-беренесин жетекчиликке алышкан, ага ылайык, эгерде жазык мыйзамы кылмыш жасаган мезгилден бери нече жолу өзгөртүлсө, анда кыйла жумшак мыйзамды колдонуу зарылдыгы каралган. 2017-жылдагы КЖКнын 62-беренесинин жоболору колдонуудагы КЖКнын ушуга окшош 58-беренесинин жоболоруна салыштырмалуу жасалган жосундун кыйла жеңил жазык- укуктук кесепеттерин караган. Ушуга байланыштуу соттор айыпталуучунун тергөөдөн же соттон
качуусуна байланыштуу өндүрүш кыскартылгандыгына карабастан он беш жылга чейинки эскирүү мөөнөтүнүн чегин камтыган ченем колдонулууга тийиш деп эсептешкен. Жогорку сот жогоруда аталган сот актыларын жокко чыгаруу менен, төмөн турган соттор текшерилип жаткан ченемди туура эмес чечмелешкендигин жана адамга издөө жарыяланган учурдан тартып эскирүү мөөнөтү токтотула тургандыгын жана ал кармалган учурдан тартып кайра башталаарын, башкача айтканда, кылмыш жасалган учурдан тартып он беш жыл өткөнүнө же өтпөгөндүгүнө карабастан мөөнөттүн өтүшү токтотула тургандыгын эске албагандыгын белгилеген. Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардан улам, кайрылуу субъектисинде 2017-жылдагы КЖКнын 62-беренесинин жоболору, эгерде күнөөлүү адам тергөө органдарынан жана соттон жашырынып жүрсө жана издөөдө болсо, ал эми кылмыш жасалган учурдан тартып он беш жылдан ашык убакыт өтүп кетсе, эскирүү мөөнөтүн токтото турууну карайбы деген күмөн пайда болгон, бул айыпталуучулар үчүн кыйла жеңил кесепет болмок. Жогоруда баяндалгандын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Ч.М. Уметалиева 2017-жылдагы КЖКнын 62-беренесинин Конституциянын 60 жана 102- беренесинин талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүнү өтүнгөн. Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 22-апрелиндеги аныктамасы менен суроо-талап өндүрүшкө кабыл алынган. 2024-жылдын 20-майында Конституциялык сотко Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунун судьясы А.А. Аскарбековдун 1997-жылдагы КЖКнын 73-беренесинин Конституциянын 60-беренесине ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө дагы бир суроо-талап келип түшкөн. Суроо-талаптан жана ага тиркелген материалдардан белгилүү болгондой Таш-Көмүр шаардык сотунун 2008-жылдын 5-июнундагы өкүмү менен А.Ж. Жылтырбеков жаш жете электи зордуктоо жасагандыгына күнөөлүү деп табылган (1997-жылдагы КЖКнын 129-беренесинин 3- бөлүгүнүн 3-пункту) жана он беш жылга эркиндигинен ажыратууга өкүм чыккан. Андан ары, 2008-жылдын 18-июлунда Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү менен А.Ж. Жылтырбековдун аракети КЖКнын 132-беренесине кайра квалификацияланган (он алты жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашта болуу) жана 3 жылга шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза аныкталган. Соттолуучу сот залынан бошотулган. Кийин Жогорку соттун 2008- жылдын 28-октябрындагы токтому менен апелляциялык инстанциянын өкүмү жокко чыгарылып, биринчи инстанциядагы соттун өкүмү күчүндө калтырылган, анын аткарылышы 2008-жылдын 5- декабрында башталышы керек болчу. Бирок бул учурга карата А.Ж.Жылтырбеков качып кеткен, буга байланыштуу 2009-жылдын 13-январында ага издөө жарыяланган. 2024-жылдын 7-мартында А.Ж. Жылтырбеков кармалып, жазасын өтөө үчүн Молдовановка айылындагы № 1 мекемесине алып келинген. 2024-жылдын 29-апрелинде А.Ж. Жылтырбековдун кызыкчылыгын көздөгөн адвокат
Ж. Батырбеков тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин
431-беренесинин 12-пунктуна ылайык өкүмдү аткаруунун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу соттолуучу А. Ж. Жылтырбековду жазадан бошотуу жөнүндө Таш-Көмүр шаардык сотуна өтүнүч киргизилген. Адвокат Ж.Батырбековдун пикири боюнча соттолуучу А. Ж. Жылтырбеков жаза өтөөдөн бошотулушу керек, анткени ага карата айыптоо өкүмү он беш жыл жана төрт айдын өтүшү боюнча аткарылган эмес. Эгерде кылмыш жасалган учурдан тартып өкүм чыгарган мезгилге чейин кылмыш-жаза мыйзамдары бир нече жолу өзгөртүлгөн болсо, сот өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселелерди кароодо мыйзамдын жазык-укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү ченемдерин эске алууга тийиш (КЖКнын 12-беренеси). 1997-жылдын 1-октябрындагы, 2017-жылдын 2-февралындагы жана 2021-жылдын 28- октябрындагы тиешелүү редакциялардагы Кылмыш-жаза кодексине ылайык өкүмдү аткаруунун эскирүү мөөнөтүнүн өткөндүгүнө байланыштуу жазаны өтөөдөн бошотууну караган жазык мыйзамдарынын ченемдерин салыштыруунун негизинде, кайрылуу субъектиси 1997-жылдагы КЖКнын жоболору А. Ж. Жылтырбеков үчүн кыйла жеңил жазык-укуктук кесепеттерди карайт деп эсептейт, анткени ал жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн өкүмдү аткаруунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиги боюнча жаза өтөөдөн бошотуунун мүмкүн эместиги сыяктуу катаалдаштыруучу жагдайларды карабайт. Белгиленгендерди эске алуу менен, судьяда 2017-жылдагы КЖК менен 2021-жылдагы КЖК колдонуунун конституциялуулугунда күмөн саноолор келип чыккан, алар жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн эскирүү мөөнөтүн колдонууну карабайт, ал эми 1997-жылдагы КЖКнын 73-беренеси соттолгондор үчүн кыйла жеңил кесепеттерди камтыйт. Баяндалгандардын негизинде, судья А.А. Аскарбеков 1997-жылдагы КЖКнын 73- беренесинин Конституциянын 60-беренесине ылайык келүүсүн текшерүүнү өтүнгөн. Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 28- майындагы аныктамасы менен судьянын суроо-талабы өндүрүшкө кабыл алынган. Жогоруда аталган судьялардын кайрылууларында талаптардын бир түрдүүлүгүн эске алуу менен, бул иштер 2024-жылдын 29- майында бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 38-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык судьялардын суроо-талабы боюнча ишти кароо жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча жүзөгө ашырылат. Аталган конституциялык Мыйзамдын 34- беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык суроо-талаптары Конституциялык соттун өндүрүшүнө кабыл алынган судьялар тарап катары таанылбайт жана отурумга чакырылбайт. Каралып жаткан иш боюнча жоопкер тарап катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, үчүнчү жактар болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги таанылган.
Жоопкер-тараптын берилген каршы пикиринде судьялардын өздөрүнүн суроо-талаптарында текшерилүүчү беренелердин Конституциянын 60-беренесине карама-каршылыгын же дал келбестигин көрсөтүүчү жүйөлөрдү жана негиздерди бербегендиги белгиленген.
С.К. Ысыранов жазык-процесстик мыйзамдардын негизги принциптеринин бири жазык
жоопкерчилигинин шексиздиги принциби болуп саналат, бул ар бир кылмыштын милдеттүү түрдө ачылышын жана иликтенишин болжойт, ал эми күнөөлүүлөр адилеттүү сот процессине жана жазага тартылышы керек деп белгиледи. КЖКнын 58-беренесине ылайык, эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон качса, эскирүүнүн өтүшү токтотулуп турат жана адам кармалган күндөн тартып кайра жандандырылат. Айыпкер же соттолгон адам кылмыш жоопкерчилигинен качкан учурлар боюнча ушундай эле принцип текшерилип жаткан 2017-жылдагы КЖКнын 62 жана 1997-жылдагы КЖКнын 73- беренелеринде сакталган. Жазык жоопкерчилигинен бошотуу, ага тете жазаны аткаруудан бошотуу, эгерде жазыктык куугунтуктоо же жазаны аткаруу айыпкерге же соттолгонго көз каранды болбогон себептер боюнча өз убагында жүзөгө ашырылбаган учурда гана мүмкүн болот. Эгерде кылмыш жасаган адам жоопкерчиликтен качса, эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү токтотулушу керек.
С.К. Ысыранов Конституциянын 60-беренесине ылайык эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн
токтото туруу жана кайтадан жандандыруу бөлүгүндө текшерилүүчү ченемдер жаңы жоопкерчиликти белгилебейт жана колдонуудагы жоопкерчиликти оордотпойт, болгону тергөөдөн же соттон качкан учурларда эскирүү мөөнөтүн колдонуу жол-жобосун гана жөнгө салат деп белгиледи. Ушуга байланыштуу, алар конституциялык кепилдиктерге шайкеш келет, анткени алар кыйла катаал мыйзамды артка карай колдонбоо принцибин бузбайт жана жоопкерчиликтин маңызын өзгөртүүгө тиешеси жок. Конституцияга ылайык, Жогорку соттун пленуму сот практикасынын маселелери боюнча бардык соттор жана судьялар үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет. С.К. Ысыранов Жогорку сот жазык сот өндүрүшүнүн жогоруда аталган ченемдериндеги түшүнүксүздүктөрдү болтурбоо үчүн сот практикасынын маселелери боюнча толук түшүндүрмө бериши керек болчу деп эсептейт. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү
А.Т. Молдобаев жоопкер тараптын позициясына окшош мазмундагы позициясын билдирди.
Ошол эле учурда А.Т. Молдобаев бул суроо-талаптарда КЖКнын аталган ченемдеринин Конституциянын жоболоруна ылайык келүүсү каралбагандыгын, тескерисинче, адам өлтүрүү жана зордуктоо боюнча соттолгондорду жазык жоопкерчилигинен бошотуу үчүн кылмыш-жаза мыйзамынын күчүн жоготкон беренелерин судьялар тарабынан колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө айтылганын белгилейт. Ушуга байланыштуу аталган маселе судьялар тарабынан өз алдынча же болбосо Жогорку соттун Пленумунун тиешелүү токтомун кабыл алуу аркылуу чечилүүгө тийиш. Жогорку соттун позициясына ылайык, 2017-жылдагы КЖКнын 62-беренесинин 2- бөлүгүндө, 1997-жылдагы КЖКнын 73-беренесинин 2-бөлүгүндө, тактап айтканда, эскирүү
мөөнөтү токтотулгандыгына карабастан кылмыш жасалган күндөн тартып он беш жыл өткөндөн кийин тергөөдөн же соттон качкан адамды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу бөлүгүндө укуктук аныксыздык бар. Ошону менен бирге Жогорку сот көрсөтүлгөн ченемдер юридикалык күчүн жоготкондугуна байланыштуу, мындай укуктук аныксыздыкты четтетүү үчүн мыйзам чыгаруучу орган тарабынан бул ченемди андагы так эместиктерди четтетүү жана аларды бир беткей түшүнүү максатында чечмелөө (түшүндүрүү) жолу менен жүргүзүүсү оңтойлуу болмок деп эсептейт. Башкы прокуратуранын берилген позициясында биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан 2017-жылдагы КЖКнын текшерилип жаткан ченемдерин туура эмес чечмелөө
Р.Кулматовду жоопкерчиликтен мыйзамсыз бошотууга алып келгендиги көрсөтүлгөн. Мындан
тышкары, 1997-жылдагы КЖКнын 73-беренесине, 2017-жылдагы КЖКнын 92-беренесине жана КЖКнын 92-беренесине ылайык, эгерде соттолгон адам жазаны өтөөдөн качса, кылмыш боюнча эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү токтотула турат жана соттолгон адам жазаны өтөө үчүн келген же кармалган учурдан тартып улантылат. Ушуга байланыштуу Башкы прокуратура Жогорку соттун 2023-жылдын 25-декабрындагы жана 2008-жылдын 29-октябрындагы чечимдеринде Р. Кулматов кармалган учурдан тартып эскирүү мөөнөтү кайра жандандырылат, ал эми соттолгон
А. Жылтырбеков өзүнүн жазасын өтөшү керек деп туура белгилеген деп эсептейт.
Юстиция министрлигинин берген позициясы өзүнүн мазмуну боюнча жоопкер тараптын позициясына окшош.
1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын
17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошону менен бирге, Конституциялык сот, өзүнүн юридикалык күчүн жоготкон мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга тиешеси бар кайрылууларга, эгерде аларды мурда колдонуу жарандардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушуна алып келсе, ошондой эле аларды колдонууга мыйзам тарабынан жол берилсе, башкача айтканда мыйзамдын өз мезгилинде колдонуу жана мыйзамдын артка карата колдонулушунун принциптеринен алганда юридикалык кесепеттерди жаратууну уланта берсе, конституциялык сот өндүрүшүнө жол берилет деп эсептейт. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кароо предмети болуп саналат:
– “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар
жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Мыйзамынын 2017-жылдын 24-январындагы редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкүдөй мазмундагы 62-беренеси:
“62-берене. Жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотуу
1. Эгерде адам тарабынан кылмыш жасалган күндөн тартып жана өкүм мыйзамдуу күчүнө
кирген күнгө чейин төмөнкүдөй мөөнөттөр өткөн болсо, ал жазык жоопкерчилигинен бошотулат:
1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш жасаган учурда;
2) жети жыл - оор кылмыш жасаган учурда;
3) он жыл - өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда, ошондой эле, эгерде кылмыш уюшкан
топтун, кылмыштуу уюмдун курамында жасалса.
2. Эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон качса, эскирүүнүн өтүшү токтотулуп
турат. Бул учурларда эскирүүнүн өтүшү адам кармалган күндөн тартып кайра улантылат. Эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып он беш жыл өтсө, мында адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
3. Эгерде ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттөр өткөнгө чейин адам
кайра жаңы кылмыш жасаса, эскирүүнүн өтүшү үзгүлтүккө учурайт. Мында эскирүү мөөнөтүнүн эсеби жаңы кылмыш жасалган күндөн тартып кайтадан башталат. Мында эскирүү мөөнөтү ар бир кылмыш үчүн өзүнчө эсептелет.
4. Мыйзамга ылайык өмүр бою эркиндигинен ажыратуунун дайындалышы мүмкүн болгон
өзгөчө оор кылмыш жасаган адамга карата эскирүүнү колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалышы мүмкүн эмес жана он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат.
5. Эгерде иммунитетке ээ болгон адамга карата жазык иши козголсо жана ал иммунитеттин
болгонуна байланыштуу токтотулуп турса, анда эскирүү мөөнөтү токтотула турат.
6. Ушул Кодекстин 130-беренесинин 2-бөлүгү, 143-беренеси, 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн
1-пункту жана 4-бөлүгү, 162-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту жана 4-бөлүгү, 239-беренеси, 314- беренеси, 319-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү, 320-беренесинин 4-бөлүгү, 323-беренесинин 2- бөлүгүнүн 1-пункту, 325-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту, 326-беренесинин 2-бөлүгүнун 2- пункту, 380-390,392 жана 393-беренелери боюнча каралган кылмыштарды жасаган учурларда эскирүү мөөөнөтү колдонулбайт.”;
– 1997-жылдын 1-октябрындагы № 69 “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин
колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 73-беренеси: “73-статья. Айыптоо өкүмүн аткаруу мөөнөтүнүн эскиришинен улам жазадан бошотуу (1) Эгерде айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдө:
1) эки жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же эркиндигинен ажыратууга
байланышпаган жазага соттолгондо - эки жылда;
2) беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондо - төрт жылда;
3) он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондо - жети жылда;
4) он жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуудан кыйла катуу жазага соттолгондо - он
жылда айыптоо өкүмү аткарылбаса, адам негизги жана кошумча жазадан бошотулат. (2) Эгерде соттолгон адам жазаны өтөөдөн качса эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү токтотула турат. Мындай учурда адам кармалган же күнөөсүн мойнуна алып өзү келген учурдан тартып эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра башталат. Мында ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган эскирүү мөөнөттөрү эки эсеге көбөйөт, бирок ал он беш жылдан ашпоого тийиш. (3) Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга карата эскирүү мөөнөтүн колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүү мөөнөтүн колдонууну мүмкүн эмес деп тапса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат. (4) Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыш жасалганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын каралган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.
2. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасы демократиялык укуктук мамлекет катары
аныкталган, анда укуктун үстөмдүгү орнотулат, ал эми укук тартиби адамдын ишмердүүлүгүнүн жана өлкөнүн коомдук турмушунун бардык чөйрөлөрүн камтыган укуктук системаны түзүү менен камсыз кылынат. Мында мыйзам менен бекитилген укуктук эрежелер алар расмий күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат. Коомдук жүрүм-турумдун ушул эрежелерин жана ченемдерин сактоо, коомдун кызыкчылыктарын урматтоо жана коомдук мамилелерге укук ченемдүү катышуу ар бир жарандын конституциялык парзы жана милдети болуп саналат, ал өзүн-өзү билдирүү процессинде башка адамдардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын эске алууга тийиш. Ошентип, инсандын конституциялык милдети коомдук мамилелердин башка катышуучуларынын милдеттери менен корреляциялык укуктук байланышка кирет. Демек, адамдын өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбашы керек (Конституциянын 53-беренесинин 1-бөлүгү). Бул контекстте мамлекет негизги ролду аткаруу менен конституциялык мазмунду белгилейт жана колдонуудагы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболорунда анын табиятын жана так чектерин тактоо менен инсандын милдеттеринин өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтөт. Ушуга байланыштуу мамлекет менен жарандын өз ара жоопкерчилиги анын мыйзамдардагы аракеттеринин формаларын укуктук жөнгө салуунун сапатынан келип чыгат. Мамлекет инсандын эркин жана татыктуу өнүгүүсүн жана аларды коргоону камсыз кылуучу шарттарды түзүү үчүн жарандардын алдында жоопкерчилик тартат. Ага жооп катары жаран Конституция жана мыйзамдар менен ага жүктөлгөн милдеттерин кыйшаюусуз аткарылышы үчүн мамлекет алдында жооптуу. Башкача айтканда, ар бир жаран жүрүм-турум линиясын тандоодо мүмкүн болгон укуктук кесепеттерди аңдап билүү менен анын вариантын өз алдынча аныктайт. Бул колдонуудагы мыйзамдарды колдонууда жана сактоодо жеке жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн баса белгилейт.
3. Мыйзамдар өз табияты боюнча динамикалуу жана коомдун муктаждыктары, социалдык-
экономикалык факторлор жана инновациялар менен шартталган өзгөрүүлөргө дуушар болот. Тиешелүү түрдө ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчү аларды расмий колдонууга чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылбайт, бул жарандардын укуктарын жана милдеттерин кайра өзгөртүүгө жол бербейт. Бирок белгилей кетүүчү нерсе, бул эрежеден тышкары Конституциянын өзү аныктаган өзгөчөлүктөр бар, ага ылайык жаңы милдеттерди белгилеген же жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт (6-берененин 5- бөлүгү). Демек, мындай мыйзамдык өзгөртүүлөр алар расмий түрдө ишке киргизилгенден кийин пайда болгон кырдаалдарга гана колдонулат, муну менен укуктук системанын укуктук аныктыгы жана алдын ала билүүсү камсыз кылынат, адамдарга мыйзамдагы өзгөрүүлөргө күтүлбөгөн юридикалык кесепеттерден коркпостон ыңгайлашууга мүмкүндүк берет.
4. КЖКнын 11-беренесинде бекитилген жалпы эреже боюнча, жасалган кылмышка карата ал
жасалган учурда колдонулган кылмыш-жаза мыйзамдары колдонулат. Кылмыш жасалган убакыт деп адамдын мыйзамда каралган аракетти же аракетсиздикти жасаган убактысы таанылат. Жаңы жазык мыйзамы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жасалган жосун боюнча сотко чейинки өндүрүш жана соттук териштирүү ал күчүнө киргенден кийин жүргүзүлсө, анда мурда колдонулган мыйзамдардын ченемдери колдонулат. Ошол эле учурда, Конституция ар бир инсандын коомдун турмушундагы баалуулугун дагы бир жолу баса белгилеп, адамдын жоопкерчилигин белгилеген же оордотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт деп жарыялайт. Алар жасалган учурда укук бузуу катары таанылбаган аракеттер үчүн эч ким жоопкерчилик тарта албайт. Эгерде иш-аракет жасалгандан кийин киргизилген жаңы мыйзам жоопкерчиликти төмөндөтсө же жоопкерчиликти башка жол менен жеңилдетсе, анда мындай мыйзам ретроактивдүү колдонулат (60-берененин 1-бөлүгү). Бул жобо жазанын мөөнөтүн кыскартууну, жосундун квалификациясын анча оор эмес деп өзгөртүүнү камтыйт, ал жоопкерчиликти жеңилдетүүгө же жазык жоопкерчилигин толугу менен жокко чыгарууга (декриминалдаштырууга) алып келиши мүмкүн. Бул укук колдонууда адилеттикти жана гумандуулукту камсыз кылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандарга жаңы мыйзамдын лениенттүү жоболорунан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Мыйзамдын өткөн мезгилге карата колдонулушун кароо институту узакка созулган мамилелерге укукту колдонууда маанилүү экендигин белгилеп кетүү керек. Аны колдонуу эрежелерин ал ишке киргизилгенге чейин пайда болгон фактыларга жана алар жараткан укуктук кесепеттерге (ретроактивдүүлүк) жайылтуу жолу менен белгилөө, же тескерисинче, айрым учурларда күчүн жоготкон ченемди колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жол берүү (ультраактивдүүлүк) мыйзам чыгаруучунун дискрециясына кирет. Ошентип, мыйзам чыгаруучу тарабынан укуктук жөнгө салуу укуктук мамлекеттин конституциялык принциптеринен улам жүзөгө ашырылып жаткан укуктук жөнгө салуу аныктыктын, айкындыктын жана карама-каршылыксыздыктын талаптарына жооп бериши керек,
ал эми анын иштөө механизми тиешелүү укуктук мамилелердин субъекттерине конкреттүү ченемдик жобонун мазмунунан же айкын өз ара байланышта турган ченемдик жоболордун тутумунан түшүнүктүү болушу керек, анткени конституциялык принциптер бардык укук колдонуучулар тарабынан укуктук ченемди бир түрдүү түшүнүү жана чечмелөө шартында гана камсыз кылынышы мүмкүн.
5. Коомдук коркунучтуу жосундарга жазык-укуктук тыюу салууларды жана аларды бузуу
үчүн жазаларды белгилөө, ошондой эле кылмыштуулукту жана жосундардын жазаланышын четтетүүчү жана жоопкерчиликти жеңилдетүүчү мыйзам ченемдерин кабыл алуу Конституциянын артыкчылыгын жана түздөн-түз колдонулушун, адам укуктарын жана эркиндиктерин мамлекеттик коргоону, адилеттүүлүктү жана теңчиликти кошо алганда, демократиялык укуктук мамлекеттин конституциялык принциптерине негизделүүгө тийиш. Бул чаралар конкреттүү адамга жазык жоопкерчилигин жүктөө же андан бошотуу үчүн негиз болуп кызмат кылат. Кылмыш жасаган адамга карата мамлекеттин жазык жоопкерчилигин ишке ашыруудан, аны соттоодон жана ага карата жазык жазасын колдонуудан баш тартуусу жазык жоопкерчилигинен бошотуу деп түшүнүлөт. Бул институтту колдонуу КЖКнын 9-беренесинде бекемделген гуманизмди – жазык мыйзамдарынын маанилүү принцибин чагылдырат. Бул мамлекеттин жана коомдун кылмышкерге жумшак мамиле кылуу концепциясынын социалдык-укуктук негиздүүлүгүн, анын кечиримдүүлүгүн жана ал аркылуу бул идеяны ишке ашырууга артыкчылык берүүсүн баса белгилейт. Алсак, аталган институттун алкагындагы укуктук инструменттердин бири болуп КЖКнын 58 жана 92-беренелери менен регламенттелген эскирүү мөөнөтү эсептелет. Бул механизм кылмыштык куугунтуктоо жана айыптоо өкүмүн аткаруу мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине байланыштуу колдонулат. Мындай укуктук мүмкүнчүлүк кылмыштын коомдук коркунучтуулугун убакыттын өтүшү менен азайышынан улам жазык жоопкерчилигинин чараларын колдонуунун максатка ылайыксыздыгы жана жазыктык репрессиясыз социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле жазык сот өндүрүшүндө гуманизм принцибин ишке ашыруу менен шартталгандыгын белгилей кетүү керек, ага ылайык эч ким чектелбеген ченемдик чектердеги убакытта жазык жоопкерчилигин колдонуу коркунучу алдында турбашы керек. Бул позиция прагматизм элементин да чагылдырат, анткени кечиримдүүлүк жана боорукердик тикелей жоопкерчиликти төмөндөтпөстөн, ошондой эле социалдык байланыштарды бекемдөөгө багытталган калыбына келтирүүчү юстициянын кеңири максаттарына өбөлгө болот, муну менен алардын укуктук системанын ичиндеги көп аспекттүү маанисин баса белгилейт.
6. Ошону менен бирге эскирүү мөөнөтүн колдонуу абсолюттук мүнөзгө ээ эмес жана анын
негизинде боор ачууну көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бардык учурларда бирдей көрүнүштү билдирбейт. Дал ошондуктан, мыйзам чыгаруучу өзүнүн дискрециялык ыйгарым укуктарынын алкагында иш алып баруу менен КЖКнын 58-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 92-беренесинин 3- бөлүгүндө конкреттүү шарттар менен аныкталган эскертүүлөрдү караган.
Алсак, эгерде кылмыш жасаган адам же соттолгон адам тергөөдөн, соттон жана жазаны өтөөдөн качкан болсо, эскирүүнүн өтүшү токтотулат. Мындай учурларда эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү адам кармалган күндөн тартып кайра башталат. Эгерде оор эмес же анча оор эмес кылмыш жасаган учурдан тартып он жыл өтсө, мындай учурда адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Ошондой эле, соттолгон адам жазаны өтөөдөн качкан учурга карата өткөн эскирүү мөөнөтү чегерилүүгө тийиш. Мында, эгерде айыптоо өкүмү чыгарылган мезгилден тартып жыйырма жыл өтсө жана анын эскириши жаңы кылмыш жасоо менен үзгүлтүккө учурабаса, айыптоо өкүмү аткарылышы мүмкүн эмес. Жазаны өтөө кийинкиге калтырылган учурда эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү кийинкиге калтыруу мөөнөтү аяктаганга чейин токтотула турат. Мындай чаралар биринчи кезекте тергөөдөн, соттон же жазаны өтөөдөн качкан адамдар юридикалык жоопкерчиликтен качуунун каражаты катары өткөн убакытты пайдалана албашына багытталгандыгын белгилей кетүү керек. Мындай учурларда эскирүү мөөнөтүн токтото туруу, кылмыш жасалган же өкүм чыгарылган учурдан тартып өткөн мезгилге карабастан, адам кармалгандан кийин жазык куугунтугунун кайра баштоого кепилдик берет. Качуу мезгили жалпы эскирүү мөөнөтүнө эсептелбейт, муну менен кылмыш жасалгандан кыйла убакыттан кийин да укук колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылаарын белгилей кетүү маанилүү. Бирок, эгерде кармалгандан кийин кошумча убакыт өтсө, ал качканга чейинки убакыт менен кошо алганда мыйзамда белгиленген эскирүү мөөнөтүнө жетсе (оор эмес же анча оор эмес кылмыштар үчүн он жыл), адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Бул доонун эскирүү мөөнөтү башталгандан жана анын толук мөөнөтү аяктагандан кийин (качканга чейинки жана андан кийинки бардык мезгилдерди эске алуу менен), эгерде кылмыш өзүнүн оордугу боюнча ушул категорияга кирсе, анда айыпталуучу жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүндүгүн болголойт, бул жазанын сөзсүздүгү жана өлчөмдөштүк принциптерин ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Эгерде айыптоо өкүмү чыгарылгандан бери жыйырма жыл өтсө жана эскирүү мөөнөтү жаңы кылмыш жасоо менен үзгүлтүккө учурабаса, анда өкүм аткарылбашы мүмкүн, бул сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн убакыттык алкактын маанилүүлүгүн белгилейт. Медициналык же башка жүйөлүү себептер сыяктуу жазаны өтөө кийинкиге калтырылган учурда, эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү да кийинкиге калтырылган мөөнөт өткөнгө чейин токтотулат. Бул ошондой эле соттолгондордун жоопкерчиликтен качуунун жолу катары кийинкиге калтырууну колдоно албашын камсыз кылат. Мындай эрежелерди орнотуу жазалоо принцибин ишке ашыруу, башкача айтканда, алдын алуу, социалдык адилеттүүлүккө жетишүү жана күнөөлүүнүн оңолуусу менен байланыштуу. Мындан тышкары, мыйзам чыгаруучу кылмыштардын айрым түрлөрүнө эскирүү мөөнөтүн колдонууну жокко чыгарган өзгөчө эрежени да белгилеген (КЖКнын 58-беренесинин 6-бөлүгү жана 92-беренесинин 6-бөлүгү). Адам өлтүрүү, балдарга карата жыныстык кол тийбестикке жана инсандын жыныстык эркиндигине каршы жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле кыйноолор, коррупция, терроризм актылары, экстремисттик уюмдарды түзүү жана башка ушул сыяктуу
жосундар олуттуу социалдык, моралдык жана психологиялык кесепеттерди жаратаарын белгилеп кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу эскирүү мөөнөттөрүн, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча мыйзамдык жөнгө салуу социалдык адилеттүүлүктү кепилдейт жана жазадан билип туруп качууну болтурбоочу ооздуктоочу фактор катары кызмат кылат. Ал сот адилеттиги тутумуна жана бүтүндөй “дени сак” коомго олуттуу узак мөөнөттүү таасирин тийгизет, муну менен олуттуу жосундар үчүн жазасыз калуунун алгылыксыздыгын баса белгилейт. Бул ошондой эле мамлекеттин кылмыштан кийин өткөн мезгилге карабастан ар бир адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо жана мыйзамдын үстөмдүгүн колдоодо жоопкерчилигин көрсөтөт, бул оор кылмыштардын курмандыктары акыр-аягында адилеттүүлүк орногондугун көрүүсүн камсыздайт.
7. Ошентип, ушул Чечимдин 4-5-пункттарында белгиленгендей, эскирүү мөөнөтүнүн
институту – бул оболу, мамлекет тараптан кечиримдүүлүктүн көрүнүшү. Эскирүү мөөнөтү институтун колдонуу эрежелерин өзгөртүү менен, ал укуктук аң-сезимдин жана укуктук тартиптин абалын, кылмыштуулуктун деңгээлин жана актуалдуу чакырыктарды эске алуу менен коомдун өнүгүшүнүн тигил же бул мезгилиндеги конкреттүү абалынан келип чыгат. Бирок, бул укук бузуучулардын өздөрүнүн процесстик укуктарын кыянаттык менен пайдалануусуна жана ушул укуктук куралды өз пайдасына колдонууга негиз түзүүнү болжобойт. Ушуга байланыштуу, эскирүү мөөнөтү институту укукка каршы жосундун жазык-укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү катары каралышы мүмкүн эмес, тиешелүү түрдө ал Конституциянын 60-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган эрежелерге туура келбейт, анткени конкреттүү кылмыштуу жосун үчүн жазанын мөөнөтүн кыскартуу, анын квалификациясын анча оор эмес деп өзгөртүү маселелерин козгобойт жана жоопкерчиликти жеңилдетүүгө же жазык жоопкерчилигин толук алып салууга (декриминалдаштырууга) алып келбейт. Баш Мыйзамдын 6-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 60-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялык- укуктук маанисине негизденүү менен эскирүү мөөнөтү институту жазык мыйзамынын колдонуудагы эрежелерине ылайык алар колдонулган учурга гана колдонулат. Бул институтту туура колдонуу коомдогу өзгөрүүлөргө адекваттуу жооп кайтарууга, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоого мүмкүндүк берет. Конституциялык сот 2017-жылдагы КЖКнын 62-беренеси жана 1997-жылдагы КЖКнын 73-беренеси өзүндө аныксыздыкты камтыбайт жана судьялар Ч.А. Уметалиеванын жана
А.А. Аскарбековдун суроо-талаптарында келтирилген учурларга карата ушул Чечимдин
жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнүн жогоруда айтылган укуктук позициясынан улам колдонулууга жатпайт деген тыянакка келди. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97- беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 38, 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренеси (2017-жылдын 2-
февралындагы редакциясында), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 73-беренеси (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясында) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60- беренесине карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 62-беренеси (2017-жылдын 2-
февралындагы редакциясында), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 73-беренеси (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясында) ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө баяндалган укуктук позициялардын негизинде колдонулууга жатпайт деп таанылсын.
3. Чечим акыркы болуп саналат, даттанууга жатпайт жана жарыяланган учурдан тартып
күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,
кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Бул Чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларына, Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун расмий сайтына жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысына” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Закон «О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики»Закон · 01.10.1997 · № 69 · No longer in force