Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
А. Э. Акынбековдун, С. А. Матцаковдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Алмаз Эмильбекович Акынбековдун, Самат Аскарович Матцаковдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобонун “2016-жылдын 7-июнунан тартып” деген сөздөр менен билдирилген 4-пунктунун жетинчи абзацынын ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Ч Е Ч И М И 2024-жылдын 27-марты Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиев
курамында, катчы Маамыталы кызы Камиланын, кайрылуучу тараптар – Алмаз Эмильбекович Акынбековдун, Самат Аскарович Матцаковдун; жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин; үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Айнура Кимсанбаевна Турганбаеванын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишеним кат боюнча өкүлү Адилет Мейилбекович Мейилбековдун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин ишеним кат боюнча өкүлү Бактыгуль Сыртбаевна Усеналиеванын катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобонун “2016- жылдын 7-июнунан тартып” деген сөздөр менен билдирилген 4-пунктунун жетинчи абзацынын ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумунда карап чыкты. Бул ишти кароого А.Э.Акынбековдун, С.А.Матцаковдун өтүнүчү себеп болду жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобонун “2016-жылдын 7-июнунан тартып” деген сөздөр менен билдирилген 2
4-пунктунун жетинчи абзацынын ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келеби деген маселедеги пайда болгон аныксыздык негиз болду. Ишти соттук отурумга кароого даярдаган судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: 2023-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна А.Э.Акынбековдон жана С.А.Матцаковдон Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары – Жобо) “2016-жылдын 7-июнунан тартып” деген сөздөр менен билдирилген 4-пунктунун жетинчи абзацынын ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24- беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 55-беренесине, 56-беренесинин 2- бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтө Жобонун 4-пунктунун жетинчи абзацына ылайык иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына ай сайын үстөк акы алууга укук берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жалпы стажына 2016-жылдын 7- июнунан баштап убактылуу жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын ордун ээлөө боюнча эмгектик иши киргизилет деп белгиленген.
А.Э. Акынбеков 2004-жылдын 9-апрелинен тартып 2007-жылдын 12-
апрелине чейин бажы органдарынын ар кандай кызмат орундарында иштеп, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлердин милдеттерин убактылуу аткарган. Арыз ээлери белгилегендей, бул иш мезгилдери мурда жалпы эмгек
стажына эсептелген жана иштеген жылдары боюнча үстөктөр эсептелинген. Алсак, аталган Жобо кабыл алынганга чейин инспектордун, улук инспектордун милдетин аткаруучу А.Э. Акынбековго иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына – 5, 10 пайыз өлчөмүндө пайыздык үстөк тиешелүү кызмат өтөгөн мезгилдер үчүн белгиленген. Бирок кайрылуу субъектилери белгилегендей, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы А.Э. Акынбековдун милдеттерди убактылуу аткаруучу катары иштеген жылдарынын мезгилин иштеген жылдарына чегерүү, ошондой эле ээлеген кызматы боюнча маянасына пенсиянын суммасынын 50 пайызы өлчөмүндө үстөк белгилөө боюнча рапортун карап чыгып, талашылып жаткан ченемге таянуу менен баш тарткан. Ушуга байланыштуу, арыз ээлери талашылып жаткан жобо алардын иштеген жылдарынын стажын жана маянасына үстөк акыларды эсепке алуу укугун жокко чыгарат жана кыскартат, ошондой эле эмгек акысына үстөк акы алуу үчүн жалпы иш стажына убактылуу жок болгон кызматчыны алмаштыргандыгы боюнча үч жылдык стажын эсепке алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат деп эсептешет. Кайрылуунун авторлору ага негиздөө катары адам укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемитүүчү мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салган Конституциянын 55, 56-беренелерине шилтеме жасашат. Алар убактылуу жок болгон кызматчынын ордун ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар туруктуу кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга салыштырмалуу басмырлоого дуушар болушат, анткени алар жок болгон кызматкердин ишин толук аткарышат, бирок ошол эле учурда аларга ээлеген кызмат орду боюнча бардык жеңилдиктер жайылтылбайт деп көрсөтүшкөн (Конституциянын 24-беренеси). Баяндалганды эске алуу менен арыз ээлери талашылып жаткан ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранышат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар 4
коллегиясынын 2023-жылдын 27-сентябрындагы аныктамасы менен А.Э. Акынбековдун, С. А. Матцаковдун кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган. Сот отурумунда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоду. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаев каралып жаткан маселе боюнча төмөнкүдөй позициясын билдирди. 2004-жылдын 11-августундагы № 114 Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мурда колдонулган мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматтагы стаж жок болгон кызматчынын милдеттерин аткарган адамдардын убактылуу ээлөөсүн камтыган эмес, анткени мамлекеттик кызматчы деп мамлекеттик органда мамлекеттик кызматты туруктуу ээлеген адам эсептелген. 2016-жылдын 7-июнундагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жок болгон мамлекеттик кызматчыларды убактылуу алмаштырган адамдарга мамлекеттик кызмат стажы эсепке алына баштады. Ошону менен бирге, Өкмөттүн 2017-жылдын 6-январындагы №8 токтому менен бекитилген Жободо, иштеген жылдары үчүн маянага үстөк акыга укук берүүчү стажга убактылуу жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчылардын ордун ээлөө боюнча эмгек ишмердиги 2016-жылдын 7-июнунан тартып гана киргизилет деген эскертүү бар.
А.Т. Молдобаев «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө» Мыйзамдын 9-беренесинин 5-бөлүгүн көрсөткөн, ага ылайык ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал күчүнө киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата жайылтылбайт. Ченемдик укуктук актынын же анын өзүнчө структуралык элементинин артка карай колдонулушу анын өзүндө же ченемдик укуктук актыны колдонууга киргизүү жөнүндө актыда каралган, ошондой эле мурда каралган укук бузуу үчүн жоопкерчилик жоюлган же жеңилдетилген учурлар ушул эрежеден четтөөлөрдү билдирет.
Мындан тышкары, ал Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 16-декабрындагы укуктук позициясына шилтеме кылат, анда мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдейлик конституциялык принциби эмгек мамилелеринин укуктук жөнгө салуусун ишке ашырууда мыйзам чыгаруучуга шарттары боюнча жана ишинин түрү боюнча ар кандай категорияларга таандык болгон адамдардын укуктук статусундагы айырмачылыктарды белгилөөгө тоскоолдук кылбайт. Ушуга байланыштуу, А.Э. Акынбековдун 2004-жылдын 9-апрелинен 2007-жылдын 12-апрелине чейин убактылуу кызмат орундарын ээлегендигин, мындай кызмат орундары үчүн стажын эсептөөдө анын укуктук жөнгө салууга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин ээлегендигин эске алып, А. Т. Молдобаев талашылып жаткан ченемдик жобо Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Ушундай эле позицияны Юстиция министрлигинин өкүлү А.К. Турганбаева жана Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Б. С. Усеналиева карманат, алар да талашылып жаткан ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептешет.
А.Т. Молдобаевдин позициясына толуктоо катары Б. С. Усеналиева
талашылып жаткан ченемди киргизүү кызматкерлерге дем берүүгө жана жаш адистерди мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка тартууга багытталгандыгын белгиледи, бул мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жаатында адам ресурстарын кыйла натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылган кадр саясаты системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү А.М. Мейилбеков каралып жаткан маселе боюнча төмөнкүдөй позициясын билдирди. «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзамдын 50-беренесин ишке ашырууда Өкмөттүн 2000-жылдын 1- июнундагы № 313 токтому менен Бажы органдарынын кызматкерлерине жана 6
алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо аныкталган.
А.М. Мейилбеков Жобонун 2-пунктунун б) пунктчасына ылайык бажы
органдарынын кызматкерлеринин иштеген жылдарына Кыргыз Республикасынын, КМШнын бажы органдарында жана мурдагы ССР Союзунун бажы органдарында атайын наамдын ыйгарылышы каралган кызмат орундарында кызмат өтөгөн (иштеген) мезгил кире тургандыгын белгиледи. Өз кезегинде, «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзамын аткаруу үчүн кабыл алынган Өкмөттүн 2000- жылдын 9-июнундагы № 328 токтому менен (2004-жылдан 2008-жылга чейинки мезгилде колдонулган редакцияда) кенже, орто жана улук башкаруучу курамдын кызмат орундарынын, ошондой эле аларга тиешелүү атайын наамдардын тизмеси бекитилген, мында бул кызматтар боюнча милдеттерди убактылуу аткаруу мезгилинде аларга атайын наамдарды ыйгаруу каралган эмес (кийин Өкмөттүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 токтому менен ал күчүн жоготту деп табылган). Жогоруда белгиленген жоболорду эске алуу менен А.М. Мейилбеков
А.Э. Акынбековдун иштеген жылдарына убактылуу милдетти аткаруучу
катары 2016-жылдын 7-июнуна чейинки иштеген мезгилди киргизүү мүмкүн болбогонун белгилейт. Баяндалганды эске алуу менен, А.М. Мейилбеков талашылып жаткан ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келет деп таануу үчүн негиздер жок деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын пикирлерин угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкү тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө»
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча ченемдик укуктук
актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кароосунун предмети болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобонун “2016-жылдын 7- июнунан баштап” деген сөздөр менен билдирилген 4-пунктунун жетинчи абзацынын төмөнкүдөй редакцияда берилген ченемдик жобосу саналат: «4. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын төлөнүүчү үстөк акыны алууга укук берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жалпы стажына төмөнкүлөр кирет:
– 2016-жылдын 7-июнунан тартып убактылуу жок болгон мамлекеттик
жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын ордун ээлөө боюнча эмгек иши;». Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынган, “Эркин тоо” гезитинин 2022-жылдын 4- февралындагы № 14 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга эмгек
эркиндигине, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгек шарттарына жана эмгекти коргоого, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу укугуна кепилдик берет (42-берененин 3-бөлүгү). 8
Жарандар бул конституциялык укуктарды ишке ашыра ала турган ыкмалардын катарына эркин тандап алган кесиби жана ишинин түрү боюнча, ошондой эле иш берүүчү менен түзүлүүчү эмгек келишиминин негизинде жүзөгө ашырылуучу жалданма эмгек, ошондой эле эркин тандалган чөйрөдө жекече же башка адамдар менен бирдикте жүзөгө ашырылуучу өз алдынча экономикалык иш кирет. Эмгек адамдын ажырагыс бакубаттыгы болуу менен анын эркин өнүгүүсүнүн жана өзү, өзүнүн үй-бүлөсү үчүн татыктуу жашоо деңгээлине жетүүсүнүн негизин түзөт. Мамлекет ар бир адамда тигил же бул эмгек ишинин түрүн тандоого реалдуу укук пайда болгудай укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана башка жагымдуу шарттарды артыкчылыктуу тартипте түзүүгө милдеттүү. Жогоруда айтылгандар ар бир адам өзү эркин тандап алган же эркин макул болгон, шарттары анын финансылык, социалдык, руханий жана башка муктаждыктарын канааттандырган эмгек менен өзүнүн жашоосуна иштеп табууга мүмкүнчүлүгү болушу керек дегенди билдирет. Дал ошондуктан конституциялык кепилдиктердин өзгөчө категориясына эмгекти тандоо эркиндиги кирет. Өз кезегинде, эмгекке болгон конституциялык укукту ишке ашыруунун мааниси ар бир адамдын акчалай киреше – өзүнүн жана үй - бүлө мүчөлөрүнүн бакубаттуулугунун деңгээлин жогорулатуунун булагын, анын ичинде жалданма эмгек учурунда, эмгек акысын алууда турат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек акы – татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн берилүүчү сыйакы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана кызыктыруучу мүнөздөгү төлөмдөр. Үстөк жана кошумча акы төлөө түрүндөгү компенсациялык жана стимулдоочу мүнөздөгү төлөмдөр абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык (тарифтик) маянага карата пайыз менен белгиленет (Эмгек кодексинин 151-статьясы). Стимулдоочу мүнөздөгү үстөктөр жана кошумча төлөөлөр – бул дем
берүүчү (кызыктыруучу) төлөмдөрдүн эки өз алдынча түрү, алар жалпы максатты көздөйт – тарифтик ставканын өлчөмүндө эсепке алынбаган ар кандай факторлорду эске алуу менен кызматкердин эмгек акысын жекелештирүү. Компенсациялык төлөмдөрдөн айырмаланып, стимул берүүчү мүнөздөгү үстөктөр жана кошумча төлөөлөр белгиленген ченемдерден четтеген өзгөчө, зыяндуу же коркунучтуу шарттарда эмгегине акы төлөө менен байланыштуу эмес. Анын максаты, кызматкердин андан ары жеке өсүшү жана өнүгүшү үчүн эмгегинин сапатын жана санын жогорулатуу үчүн аларга дем берүүдө турат. Стимул берүүчү кошумча төлөөлөр жана үстөктөр туруктуу мүнөзгө ээ жана жетишүүлөрдү баалоону талап кылган келечек үчүн эмес, буга чейин жетишилген натыйжалар жана кызматкердин ишинин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуучу жекече сапаттары үчүн төлөнөт. Алар жогорку квалификациясы, үзгүлтүксүз стажы, классы, илимий наамы жана башка сиңирген эмгектери үчүн белгиленет. Бирок, кызматкерлерге стимул берүүчү төлөмдөрдү белгилөө конституциялык кепилдиктер, ошондой эле тармактык мыйзамдардын жалпы принциптери жагынан алганда да милдеттүү болуп саналбайт. Ошентсе да, мыйзам чыгаруучу өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда кеңири тандоо эркиндигине ээ болуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына ар кандай пайыздык үстөктөрдү аныктоонун жалпы эрежелерин, ошондой эле алардын айрым категорияларына карата колдонулуучу өзгөчөлүктөрдү да киргизүүгө укуктуу. Каралып жаткан учурда, коом үчүн мамлекеттик функцияларды аткаруу боюнча эмгек ишмердигинин социалдык баалуулугунан улам мыйзам чыгаруучу мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат өтөөгө өзүн арнаган адамдар үчүн иштеген жылдары үчүн маяналарына үстөк акыларды белгилөөнүн атайын эрежелерин, алардын өлчөмдөрүн, дайындоо жана төлөө шарттарын караган. Муну менен мыйзам 10
чыгаруучу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын көп жылдык эмгегине дем берүү, ошондой эле коомдук маанилүү ишти улантууга түрткү берүү, эмгектин сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, ошондой эле алардын материалдык бакубаттыгынын деңгээлин колдоо максатында алардын маяналарына кошумча дем берүүчү төлөмдөрдү белгилеген.
3. Конституцияга ылайык эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу,
этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей (24-берененин 1-бөлүгүнүн 2-абзацы, 2-бөлүгү). Конституциянын ченемдерине жана рухуна таянып, мыйзам чыгаруучу өзүнүн ченем жаратуу ишинде социалдык адилеттүүлүк идеясын билдирүү жана коомдун турмушуна киргизүү катары тең укуктуулук жана басмырлабоо принциптерин бекем карманууга милдеттүү. Бул, албетте, айкын зарылчылык учурларын кошпогондо, бардык адамдар бирдей укуктук статуска ээ болушу керек, башкача айтканда, бирдей көлөмдөгү жана мазмундагы укуктарга, эркиндиктерге жана милдеттерге, ошондой эле аларды ишке ашыруу жана коргоо боюнча бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек дегенди билдирет. Бул, албетте, эмгекке болгон укукту жүзөгө ашырууда ар бир адамга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү, ошондой эле эмгекке адилет сый акы берүү принцибин сактоо маселелерине да тиешелүү. Ошентип, социалдык адилеттүүлүк укуктук, социалдык мамлекеттин негизи болуп саналат, анын ички саясаты ар бир адамдын татыктуу жашоосуна жана эркин өнүгүүсүнө жетишүү үчүн эмгек чөйрөсүндө адилеттүү шарттарды камсыз кылууга багытталышы керек. Мындай мамлекетте социалдык айырмачылыктар жоюлуп, тиешелүү кепилдиктер натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуу менен камсыз кылынат.
4. Убактылуу жок кызматчыны алмаштырган мамлекеттик жана
муниципалдык кызматчынын иштеген мезгилин мамлекеттик жана
муниципалдык кызмат стажына, ал эми класстык чени жана иштеген жылдары бар болсо – тиешелүү үстөк акыны төлөө менен киргизүү жөнүндө эреже биринчи жолу 2016-жылдын 30-майындагы № 75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамды кабыл алуу менен киргизилген, ал “Эркин Тоо” гезитинде 2016-жылдын 7-июнунда расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирген. Кийинчерээк, 2021-жылдын 27-октябрында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” жаңы Мыйзам кабыл алынган, ага ылайык иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы стажы Президент тарабынан аныкталган тартипте эсептелээри, убактылуу жок кызматчыны алмаштыруу боюнча эмгектик иши мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы стажга эсептелээри белгиленген (21-берененин 6, 7-бөлүктөрү). Бул Мыйзамды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти 2022-жылдын 2-февралында Жарлык чыгарган, аны менен Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилген, анда 4-пункттун жетинчи абзацында иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын төлөнүүчү үстөк акыны алууга укук берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жалпы стажына 2016-жылдын 7-июнунан тартып убактылуу жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчыны жана муниципалдык кызматчынын ордун ээлөө боюнча эмгек иши киргизиле тургандыгы белгиленген. Келтирилген хронологиядан көрүнүп тургандай, аталган Жобону талашуунун маңызы жогоруда көрсөтүлгөн эреженин 2016-жылдын 7- июнунан баштап гана колдонулушунда турат, бул кайрылуучу тараптын пикири боюнча, көрсөтүлгөн датага чейин убактылуу жок кызматчынын ордун ээлеген адамдардын абалын начарлатат жана бирдей статустагы адамдар үчүн теңсиздиктин элементтерин киргизет. Конституцияда белгиленген эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү 12
кепилдиктерге ылайык кызматкер эмгектин санына жана сапатына карата белгиленген талаптарды аткарганда, эмгек акы төлөө системасы менен аныкталган акчалай төлөмдөрдү алуу укугуна ээ болуу үчүн зарыл болгон көрсөткүчтөргө жетишкенде жана шарттарды сактаганда ага жумшалган эмгек аракеттерине, коопсуздук жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгек шарттарына ылайык келген өлчөмдө эмгеги үчүн адилет сый акы менен камсыз кылынууга тийиш. Өз кезегинде, ушул Чечимде белгиленгендей, иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк стимул берүүчү төлөмдөргө кирет жана кызматтык маянага кошумча төлөнөт. Алар эмгек акынын курамдык бөлүгү болуп саналса да, анын татаалдыгын, санын жана сапатын эске алуу менен аткарылган конкреттүү эмгек үчүн сыйакы (ордун толтуруу) катары бааланышы мүмкүн эмес. Мындай кошумча төлөмдөрдү киргизүү маселелери конституциялык- укуктук жөнгө салуунун чегинен чыгат жана мамлекет аларды экономиканын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жана бюджеттик укуктун принциптерине жараша чечүүгө укуктуу. Мыйзам чыгаруучу убактылуу жок болгон кызматчыны алмаштырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын иштөө мезгилин эсепке алуу эрежесин биринчи жолу 2016-жылдын 7-июнунан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажына киргизген, демек, иштеген жылдарына үстөк акы эсептөө үчүн ушул эрежени колдонуунун башталышы катары талашылып жаткан ченемдик жобо менен ошол эле датаны белгилөө бир субъекттердин башкаларга карата абалын начарлатуучу жана теңсиздик факторун камтыган жагдай катары бааланышы мүмкүн эмес. Баяндалганды эске алуу менен, Конституциялык сот, талашылып жаткан ченемдик жобонун мыйзам чыгаруучу жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизүү өз дискрецияларынын алкагында ишке ашырылды жана жок кызматкерлердин ордун убактылуу алмаштырган адамдардын абалын этап боюнча жакшыртууга багытталган ырааттуу чаралар катары каралууга тийиш жана мамлекеттик жана муниципалдык
кызматтардын укуктук абалы менен шартталган деген тыянакка келди. Ошентип, 2016-жылдын 7-июнуна чейинки жана андан кийинки мезгилдерде иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына ай сайын төлөнүүчү үстөк акыны эсептөө үчүн кызматкердин убактылуу жок болгон кызматкерди алмаштыруу мезгилиндеги эмгек стажын эсепке алууда укуктук жөнгө салуунун дифференцияланган мамилеси эч кандай басмырлоосуз жана мурда берилген укукту кемсинтпестен, кызматкерлердин эмгеги үчүн адилет сый акы алууга конституциялык укугун бузуу катары бааланышы мүмкүн эмес. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-
февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобонун “2016-жылдын 7-июнунан баштап” деген сөздөр менен билдирилген 4-пунктунун жетинчи абзацынын ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 55- беренесине, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт, ал
жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык 14
жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Конституциялык соттун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ №
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 6 · cited by 0 · related 0
References (6)
- Указ Президента КР от 2 февраля 2022 года УП № 25 "Об утверждении Положения о порядке исчисления стажа государственной службы и муниципальной службы для выплаты процентных…Указ · 02.02.2022 · № 25
- Постановление Правительства КР от 9 июня 2000 года N 328 "Об утверждении Перечня должностей младшего, среднего, старшего начальствующих составов и соответствующих им специальных…Постановление · 09.06.2000 · № 328
- Постановление Правительства КР от 1 июня 2000 года № 313 "Об утверждении Положения о порядке исчисления выслуги лет, назначения и выплаты пенсий и пособий сотрудникам таможенных…Постановление · 01.06.2000 · № 313
- Закон «О государственной гражданской службе и муниципальной службе»Закон · 30.05.2016 · № 75 · No longer in force
- Закон «О государственной службе»Закон · 11.08.2004 · № 114 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 6 января 2017 года № 8 "Об утверждении Положения о порядке исчисления стажа государственной службы и муниципальной службы для выплаты надбавок к…Постановление · 06.01.2017 · № 8 · No longer in force