Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Матцаков С. А. кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Матцаков Самат Аскаровичтин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432- беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Ч Е Ч И М И 2024-жылдын 31-январы Бишкек ш. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, К.А Дуйшеев, Л.Ч.
Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, Ж.А. Шаршеналиев курамында, катчы А.Т. Таалайбековдун; кайрылуучу тарап – Самат Аскарович Матцаковдун жана анын ишеним кат боюнча өкүлү Нурбек Байышович Байышовдун; жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Саматбек Кыштообекович Ысырановдун;
үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Таалайбек Осконович Айбашевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Руслан Арстанович Кулназаровдун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын ишеним кат боюнча өкүлү Бакытбек Шакирович Термечиковдун катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1,2- бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 17,40,45-беренелерин жетекчиликке алып, Самат Аскарович Матцаковдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432- беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумунда карап чыкты. Бул ишти кароого С.А. Матцаковдун өтүнүчү жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432- беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келеби деген маселеде келип чыккан аныксыздык себеп жана негиз болду. Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы
Ж.А. Шаршеналиевдин маалыматын угуп, иштин материалдарын изилдеп
чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: 2023-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна С.А. Матцаковдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза 2
процессуалдык кодексинин (мындан ары – КЖПК) 432-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө шайкештигин текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтөн көрүнүп тургандай, кайрылуу субъектиси Аламүдүн районунун аймагындагы түзөтүү мекемесинде эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөп жаткан жаран И.Таалайбек уулунун адвокаты болуп турганда, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна КЖПКнын 431- беренесине ылайык анын камакта кармоо убактысын эсепке алуу жөнүндө арыз менен кайрылган. Бирок Аламүдүн райондук соту аталган Кодекстин 431-беренесинин 14-пунктуна ылайык камакта кармоо убактысын эсепке алуу өкүм чыгарган сот тарабынан чечилет деп көрсөтүү менен арызды кайтарып берген. Кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемде соттолгондун камакта кармоо убактысын, ошондой эле дарылоо мекемесинде болуу убактысын эсепке алуу жөнүндө арыз менен кайрылуу укугун караган пункттун жоктугу менен билдирилген укуктук белгисиздик бар экендигин белгилейт. Өтүнмө ээси ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө ченемдин жоктугу сотко кайрылууга конституциялык укуктун бузулушуна алып келерин белгилейт. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнгөн. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 30- июнундагы аныктамасы менен С.А. Матцаковдун кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган. Соттук отурумда кайрылуучу тарап жана анын ишеним кат боюнча өкүлү Н.Б. Байышов өздөрүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранышкан. 3
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов талашылып жаткан ченем Конституциянын жоболоруна карама- каршы келбейт деп эсептейт жана төмөнкүдөй позициясын билдирди. Мамлекеттин адам укуктарын жана эркиндиктерин таануу, сактоо жана коргоо милдетин конституциялык деңгээлде жарыялаган Кыргыз Республикасы жалпы адамзаттык кызыкчылыктардын мамлекеттин бардык башка баалуулуктарынан артыкчылыктуу деп тааныган. Мамлекет, мамлекеттик бийлик органдары, кызмат адамдары тарабынан көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруусу жалпы адамзаттык баалуулуктарды ишке ашырууну жана натыйжалуу коргоону камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан юридикалык механизмдердин, жол-жоболордун жана кепилдиктердин системасын түзүүнү болжойт, мында Конституцияда жарыяланган укуктар менен реалдуу байланыш зарыл. Алсак, С.К. Ысыранов адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун башка механизмдеринин арасында соттук коргоонун жогорку натыйжалуулугу сот бийлигинин өзгөчөлүктөрү менен шартталган деп белгилейт. Өзүнүн жогорку милдетине байланыштуу сот өзгөчө бийликтин алып жүрүүчүсү болуп саналат жана мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бир дагы органы ээ болбогон бийликтик-тескөөчү ыйгарым укуктарга ээ. Алсак, КЖПКнын 431-беренесинде өкүмдү аткарууда сот тарабынан каралууга тийиш болгон маселелер, анын ичинде камакта кармоо убактысын, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 80 жана 118-беренелерине ылайык дарылоо мекемесинде болгон убактысын эсепке алуу жөнүндө маселелер аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 118-беренеси боюнча өкүмдүн аткарылышын сот тарабынан кароонун тартиби медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын жана мажбурлап дарылоону караган анын 18-главасы менен регламенттелет.
С.К. Ысырановдун пикири боюнча талашылып жаткан ченемде 431-
4
берененин 14-пунктуна шилтеменин жоктугу бул маселе соттор тарабынан каралбайт дегенди билдирбейт, анткени мыйзамда башкача белгиленген эмес. КЖПКнын 397-405-беренелеринин талаптарына ылайык С.А. Матцаков соттун токтомун жогору турган сот инстанцияларына даттанууга укуктуу болгон, азыркы учурда соттор тарабынан камакта кармоо убактысынын эсеби Конституциялык соттун 2023-жылдын 29-мартындагы Чечимине ылайык каралып жатат, ага ылайык КЖКнын 80-беренесинин 5-бөлүгү Конституциянын 56-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүн карама-каршы келет деп таанылган болчу. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү
А.Т. Молдобаев жоопкер тараптыкына окшош позициясын билдирип,
мыйзам чыгаруучу, сот тарабынан камакта кармоо убактысын, ошондой эле дарылоо мекемесинде болуу убактысын эсептөө жөнүндө өкүмдүн аткарылышы Кылмыш–жаза кодексинин 80 жана 118-беренелерине ылайык каралышы керектигин караштыргандыгын белгиледи.
А.Т. Молдобаевдин пикири боюнча, камакта кармоо убактысын туура
белгилөө үчүн арыз ээси тарабынан Аламүдун райондук сотуна соттолгон адам жөнүндө маалыматтар, тактап айтканда, өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө кириши, мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн аткарылышы, аны кармоо датасы, айыпталуучуга карата тандалып алынган бөгөт коюу чарасынын түрү жана мөөнөтү жөнүндө материалдар берилген эмес, ушуга байланыштуу сот өкүмдү чыгарган сотко кайрылуу зарылдыгы жөнүндө өзүнүн жүйөлөштүрүү бөлүгүндө негиздеген. Мындан тышкары, А.Т. Молдобаев КЖПКнын ченемдерине ылайык
С. А. Матцаков биринчи инстанциядагы соттун токтомуна жогору турган сот
инстанцияларына даттанууга укуктуу экенин белгилейт. Ушуга байланыштуу А.Т. Молдобаев талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Жогорку соттун өкүлү М. Н. Сапиянова белгилегендей, КЖПКнын 431- 5
беренесинде көрсөтүлгөн айрым маселелер боюнча, тактап айтканда, 14, 18 жана 20-пункттар боюнча сотко караштуулук аныкталган эмес. Ошол эле учурда, өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселелер боюнча жазык мыйзамдарындагы боштукту мыйзам чыгаруу органы КЖПКга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен толтурушу мүмкүн. .
М. Н. Сапиянова, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы №220-т тескемеси менен түзүлгөн кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле прокуратура органдарынын ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында КЖПКнын 432-беренесине боштуктарды толтуруу максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү каралгандыгын белгилейт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, М. Н. Сапиянова КЖПКнын 432-беренеси Конституциянын ченемдерине карама-каршы келбейт деп эсептейт. Башкы прокуратуранын өкүлү камакта кармоо убактысын туура белгилөө үчүн арыз ээси тарабынан Аламүдүн райондук сотуна соттолгон адам жөнүндө маалыматтар, тактап айтканда өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө кириши, мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн аткарылышы, аны кармоо датасы, айыпталуучуга карата тандалып алынган бөгөт коюу чарасынын түрү жана мөөнөтү жөнүндө материалдар берилбегендигин белгилейт, буга байланыштуу сот өкүм чыгарган сотко кайрылуу зарылдыгын көрсөткөн. Ушуга байланыштуу Т.О. Айбашев КЖПКнын 432-беренесиндеги укуктук белгисиздик конституциялык укуктарды бузуу катары каралышы мүмкүн эмес, ошону менен бирге кайрылууда коюлган маселе КЖПКга тактоочу өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен чечүүнү талап кылат деп эсептейт. 6
Юстиция министрлигинин өкүлү КЖПКнын 354-беренесине ылайык, эгерде айыпталуучу өкүм чыкканга чейин кармалган болсо же ага карата камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган болсо, же ал психиатриялык мекемеде жайгаштырылган болсо, камакта кармоо убактысын эсепке алуу тууралуу чечим соттун айыптоо өкүмүнүн резолютивдик бөлүгүндө көрсөтүлүүгө тийиш деп белгилейт. Ошондой эле КЖПКнын 452-беренесине ылайык ишти жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө өтүнүчтү караган соттор мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими боюнча жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча жазык ишин кайра кароо жөнүндө өтүнүчтөрдү кабыл алышат жана жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча мындай чечимди кабыл алган сот тарабынан каралат. Ошентип, мыйзам чыгаруучу өкүм чыгарган сотко же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте жогору турган сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн караштырган. Буга байланыштуу Р.А. Кулназаров КЖПКнын 432-беренеси Конституцияга карама-каршы келбейт жана сотко кайрылуу укугу менен билдирилген конституциялык укуктун бузулушуна алып келбейт деп эсептейт. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлү Б.Ш. Термечиков бул жагдай мыйзамдардагы боштук болуп саналат деп эсептейт, андыктан Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин 432- беренесинин 3-бөлүгүнө, соттолгондун же анын жактоочусунун өтүнүчү боюнча жазаны өтөө жери боюнча жайгашкан сотторго алдын ала камакта кармоо убактысын эсепке алууну колдонуу функциясын жүктөө менен тиешелүү өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт. Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди. 7
1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, бул иш боюнча Конституциялык соттун кароосунун предмети болуп Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин төмөнкүдөй мазмундагы 432-беренеси саналат: «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси 432-берене. Өкүмдү аткарууга алуу менен байланышкан маселелерди чечүүчү соттор
1. Ушул Кодекстин 431-беренесинин 1, 11-13, 15, 16, 19-пункттарында
жана 433-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер өкүм чыгарган сот тарабынан чечилет.
2. Эгерде өкүмдү аткаруу өкүм чыгарган сот иштеген райондон
сырткары жерде жүргүзүлсө, анда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелер өкүм аткарылып жаткан жердеги сот тарабынан чечилет. Бул учурда өкүм аткарылган жердеги соттун токтомунун көчүрмөсү өкүм чыгарган сотко жиберилет.
3. Ушул Кодекстин 431-беренесинин 2-4, 8, 15, 19-пункттарында
көрсөтүлгөн маселелер кайсы сот тарабынан өкүм чыгарылганына карабастан соттолгон адам жаза өтөп жаткан жердеги сот тарабынан чечилет.
4. Ушул Кодекстин 431-беренесинин 5-7, 9, 10, 11, 17-пункттарында
көрсөтүлгөн маселелер соттолгон адам жашаган жердеги сот тарабынан чечилет.
5. Өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди чечүү прокурордун
катышуусу менен соттук отурумда жүргүзүлөт.». Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси мыйзамда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, “Эркин Тоо” гезитинин 2021-жылдын 16-ноябрындагы № 122-133 санында жарыяланган, 8
Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Конституциянын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз
Республикасы – укуктук мамлекет. Демек, мамлекеттин ишмердүүлүгү баарынан мурда укуктун үстөмдүгүнө, мыйзамдуулук режимине, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин таанууга жана сактоого негизделген. Жогоруда айтылгандар, өз кезегинде, инсандын да, ошондой эле мамлекеттин да мыйзамдардын талаптарын карманууга жана так аткарууга өз ара жоопкерчилигине алып келет жана муну менен укуктук мамилелердин бардык субъекттерине укук ченемдүү жүрүм-турумду тандоого түрткү берет. Ушундан улам, акыр аягында жогорку адеп-ахлактык, социалдык, маданий, экономикалык жактан өнүккөн коомду түзүүгө алып келе турган укуктук аң- сезимдин деңгээлиндеги инсанды калыптандыруу мааниге ээ. Бул аспектиде мыйзамдуулук режими, укуктук чындыктын жана коомдун жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүнө таасир этүү менен, инсандын укукка карата сый, позитивдүү жана баалоочулук мамилесинен көрүнгөн коомдук мамилелердин иреттүүлүгүн чагылдырат. Мунун натыйжасында укуктук мамлекеттүүлүктүн калыптануу жана өнүгүү процесстери бекемделип, баалуу көрүнүш катары укуктун артыкчылыгы жогорулайт, бул бүтүндөй коомдун жашоо-турмушунун негиздерине түздөн- түз таасир этет. Демек, мыйзамдуулук жана туруктуу укуктук тартип принциби – бул укуктук мамлекет менен инсандын өз ара байланышын, теңчилик, адилеттүүлүк жана жалпы укук идеяларын коомго жайылтылышын шарттаган жана коомдун андан ары өнүгүшүнүн негиздерин жана ар бир адамдын бакубаттуулугун калыптандыруучу фундаменталдуу линия болуп саналат . Укуктук тартипти жана мыйзамдуулук режимин күтүүнүн колдо бар бардык механизмдеринин ичинен эң башкы орунду сот тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу сот адилеттиги ээлейт. Бул механизмдин жогорку натыйжалуулугу башка эч бир мамлекеттик органга берилбеген бийлик- 9
тескөөчү ыйгарым укуктарга жана таасир этүү каражаттарына ээ болуу артыкчылыгы менен шартталат жана алардын аркасында мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн, жасалган укук бузуу үчүн жазанын кепилдиги жана шексиздиги принциптери ишке ашырылат. Судьянын токтомунда талаптагыдай жүйөлөштүрүлгөн мыйзамдуу жана негиздүү өкүм мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөөгө, кылмыштардын алдын алууга жана жоюуга, жарандарды анын аймагында колдонулган мыйзамдарды кыйшаюусуз аткарууга жана социалдык жатакананын эрежелерин урматтоого тарбиялоого көмөктөшүүчү эң маанилүү укуктук каражаттардын бири болуп саналат.
3. Коомдун жашоо-турмушу социалдык организм катары көп кырдуу
жана татаал, көп аспекттүү мамилелерге толгон жана анда келип чыгуучу социалдык чыр-чатактар көп учурда сот адилеттиги аркылуу гана чечилиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу чындыкты кыйла натыйжалуу аныктоо, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында сот адилеттиги ар кандай жол-жоболор аркылуу жүзөгө ашырылат. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында сот бийлиги сот өндүрүшүнүн конституциялык, жарандык, жазыктык жана административдик жана мыйзамда каралган башка түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат. (94- берененин 2-бөлүгү). Жазык сот өндүрүшүнүн маңызы кимдир-бирөөнүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде тыюу салынган коомдук коркунучтуу жосун жасагандыгынын бардык фактыларына карата аларды аныктоо, анын кесепеттерин жоюу жана күнөөлүүгө өлчөмдөш жаза дайындоо аркылуу мамлекеттин чара көрүүсү болуп саналат. Ар бир кылмыш жеке жүрүм-турумдун социалдык олуттуу актысын билдирет, анын кесепеттери инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоо- турмушунун фундаменталдык негиздерин бузууга жөндөмдүү. Башкача айтканда, кылмыш – бул кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомго 10
коркунучтуу аракет же аракетсиздик, ал кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн негиз болуп саналат. Кылмыш жасаган күнөөлүүгө карата соттун өкүмү боюнча колдонулган жаза – мамлекеттик мажбурлоочу чаралардын бири катары соттолгондун укуктарын жана эркиндигин чектөөнү жана ага белгилүү бир милдеттерди жүктөөнү билдирет (Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин 1-бөлүгү). Мында жазанын негизги максаты жазык мыйзамдарын колдонуу механизминин иштөөсүнүн натыйжасы катары жабырлануучулардын укуктарын коргоо, өлчөмдөш жазалоо жана кылмыштын кесепеттерин жоюу аркылуу социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү болуп саналат Ошону менен бирге, жазаны жабырлануучуга карата социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү катары гана кароого болбойт. Ал өзүнө юридикалык жоопкерчилик системасынын маани-маңызын түзүүчү компоненти жана жазанын сөзсүздүгү, туруктуу мыйзамдуулук жана өлкөдө укук тартиби жөнүндө коомдук аң-сезимди бекемдөөнүн зарыл шарты катары кылмыштын оордугун жараша жазалоонун максималдуу өлчөмдөштүгүн камтыйт.
4. Соттун кылмыш-жаза иштерин кароо боюнча ишинин жыйынтыгы
болуп өкүмдү токтом кылуу эсептелет. Өкүм – бул иштин бардык жагдайларын иликтөөнү жыйынтыктаган, сот адилеттигинин бардык кепилдиктерин максималдуу сактоо менен кылдат териштирүүдөн өткөн далилдерге негизделген акыркы акт. Мыйзамдуу күчүнө кириши менен ал төгүндөлбөстүк, преюдициалдуулук, аткаруу касиеттерине ээ болот жана иштин бардык катышуучулары үчүн тагдыр чечүүчү мааниге ээ. Буга байланыштуу мыйзам чыгаруучу жазык мыйзамында айыптоочу өкүмдүн мазмунуна, анын ичинде күнөөлүүгө жаза дайындоо бөлүгүндө бир катар императивдик талаптарды бекиткен. 11
Алсак, КЖПКнын 349-беренеси айыптоо өкүмүндө сот анын түрүн, режимин, өлчөмүн жана жаза өтөө мөөнөтүн эсептөөнүн башталышын так аныкташы керектигин белгилейт. Бул талап айыпталуучунун камакта өткөргөн убактысын эсепке алууну да камтыйт жана КЖКнын 80 жана КЖПКнын 354-беренелеринде каралган эрежелерге ылайык өкүмдүн резолютивдик бөлүгүндө көрсөтүлөт. Камакта кармоо кылмыш-жаза процессуалдык институт катары жазалоо эмес, бөгөт коюу чарасы катары колдонулуучу, эркиндигинен ажыратуунун бир түрү болуп саналат. Демек, бул камакта кармоо күнөөсү сот тарабынан аныктала элек адамга карата жүргүзүлөт, тиешелүү түрдө ал камакка алынган учурдан тартып айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки соттолгон адам камакта кала берген мезгил (кээде узак убакыт), соттун көз жаздымынан чыгышы мүмкүн эмес. Алсак, КЖПКнын 354-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, эгерде айыпталуучу өкүм чыкканга чейин кармалган болсо же ага карата камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган болсо, же ал психиатриялык мекемеде жайгаштырылган болсо, камакта кармоо убактысын эсепке алуу тууралуу маалымат айыптоо өкүмүнүн резолютивдик бөлүгүндө көрсөтүлүүгө тийиш. Соттун расмий эрк билдирүүсүн камтыган өкүмдүн дал резолютивдик бөлүгү, атап айтканда, аткаруу милдеттүү болгон талаптарды камтыйт. Ошондуктан, сот тарабынан өкүм чыгарылган учурда камакта кармоо убактысын эсепке алуу маселесин чечүү абдан маанилүү болуп саналат. Мындан четтөө процессуалдык мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын бузуу катары бааланышы жана сот актысын жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн (КЖПКнын 421- беренеси). Ошентип, өкүм чыгарууда судьянын талаптагыдай жүйөлөштүрүлгөн мыйзамдуу жана негиздүү өкүмү мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөөгө, кылмыштардын алдын алууга жана жоюуга, жарандарды мыйзамдарды кыйшаюусуз сактоо жана социалдык жатакананын эрежелерин 12
урматтоо духунда тарбиялоого өбөлгө түзгөн эң маанилүү укуктук каражаттардын бири болуп саналат.
5. Конституциялык сот 2023-жылдын 29-мартындагы өзүнүн
Чечиминде кылмыш-жаза сот адилеттиги системасынын негизги максаты соттолгонду реабилитациялоого умтулуу жана ар бир адамга сый-урмат мамиле кылуу, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле кылмыш-жаза сот адилеттиги системасынын катаал жазалоону гана эмес, реабилитациялоону жана жеңилирээк чараларды колдонууга умтулуусун камсыз кылуу экендигин белгилеген. Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучуга Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесин аталган Чечимге ылайык келтиргенге чейин, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоо мөөнөтүн камакта кармоонун бир күнүн эркиндигинен ажыратуунун эки күнү катары эсептөө тапшырылган. КЖПКнын 451-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Конституциялык соттун ушул кылмыш ишинде сот колдонгон мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыны же болбосо алардын бөлүгүн конституциялык эмес жана Конституцияга карама-каршы келет деп таануусу жаңы жагдайлар боюнча иш боюнча өндүрүштү жандандыруу үчүн негиз болуп саналат. Бул камакта кармоо убактысын эсепке алуу Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүгү Конституциялык сот тарабынан Конституцияга карама-каршы келет деп таанылганга чейин колдонулган эрежелер боюнча жүргүзүлгөн жазасын өтөп жаткан адамдар камакта кармоо убактысын эсепке алуунун жаңы эрежелери боюнча жаза өтөө мөөнөтүн кайра карап чыгуу өтүнүчү менен өкүм чыгарган сотко кайрылууга укуктуу дегенди билдирет. Ошентип, жазаны өтөгөн жери боюнча сот тарабынан жаңы эрежелер боюнча жаза өтөө мөөнөтүн аныктоо бөлүгүндө сот актысын кайра кароодон баш тартылган учурда, ал эми колдонуудагы укуктук жөнгө салуу бул маселенин чечилишин өкүм чыгарган соттун укуктарына киргизет, ал эми 13
бул маселе чечилбеген учурда – сот актысынын бул бөлүгүн жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого мүмкүнчүлүк берет, мында Конституциялык сот ар кимдин соттук коргонууга конституциялык укугун жана соттолгондун ишин жогору турган сот тарабынан кайра каралышына болгон анын укугун чектөө белгилерин тапкан жок. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
432-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысына” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ №________ 14
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.