Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Москаленко Александр Викторовичтин, Канцлер ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөгөн Плахутин Иван Викторовичтин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн тиешелүү түрдө “иштин маңызы боюнча чыгарылган” жана “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү, ошондой эле “Мамыр” АКнын кызыкчылыгын көздөгөн Адылов Э. С. кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Административдик- процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Москаленко Александр Викторовичтин, “Канцлер” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөгөн М Плахутин Иван Викторовичтин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373- беренесинин 1-бөлүгүнүн, 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн тиешелүү түрдө “иштин маңызы боюнча чыгарылган” жана “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү, ошондой эле “Мамыр” АКнын кызыкчылыгын көздөгөн Адылов Эрнст Сабыровичтин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Административдик- процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Ч Е Ч И М И 2023-жылдын 27-декабры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева,
К.А. Дуйшеев, Л.Ч. Жолдошева, М.Ш Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев,
Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы Камила Маамыталы кызынын;
кайрылуучу тараптар – “Мамыр” акционердик коомунун кызыкчылыгын көздөгөн Адылов Эрнст Сабыровичтин, Арапова Анна Викторовнанын, “Канцлер” жоопкерчилиги чектелген коомунун кызыкчылыгын көздөгөн Плахутин Иван Викторовичтин; жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун; үчүнчү жактар – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдиевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Искаков Эркин Бакбуровичтин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аманжолова Кундуз Бошкоевнанын катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40, 45- беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык- процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн тиешелүү түрдө “иштин маңызы боюнча чыгарылган” жана “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жоболорунун, “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумда карап чыкты. Бул ишти кароого А.В.Москаленконун, “Мамыр” АКнын кызыкчылыгын көздөгөн Э.С.Адыловдун, “Канцлер” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөгөн И.В.Плахутиндин өтүнүчтөрү себеп болду жана жогоруда аталган ченем менен ченемдик жоболордун Кыргыз 2
Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндө маселеде белгилүү болгон аныксыздык негиз болду. Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы
М.Ш.Касымалиевдин маалыматын угуп, иштин сунушталган материалдарын
изилдеп, үчүнчү жактардын пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун жана 4, 5- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: 2023-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна А.В. Москаленконун Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары – ЖПК) 373-беренесинин 1- бөлүгүнүн “иштин маңызы боюнча чыгарылган” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 4,5-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1,2- бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтө көрсөтүлгөндөй, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2018-жылдын 15-майындагы аныктамасы менен “ЭкоИсламикБанк” ЖАКтын 2018-жылдын 2-февралындагы “ЭВОС” ЖЧКсына карата каржылоо боюнча карызын өндүрүү жана күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу боюнча доо арызы караштуулугу боюнча кароо үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жиберилген. Кийинчерээк арыз ээсине Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы К.К.Абакиров 2018-жылдын 11-июнунда соттук отурумдан тышкары доонун баасын белгилөө жана мамлекеттик алымды кошумча төлөө жөнүндө аныктама чыгаргандыгы белгилүү болгон, бул туурасында А.В. Москаленкого өз убагында жана талаптагыдай билдирилген эмес, ошол 3
себептен ал мыйзам менен белгиленген тартипте өз кызыкчылыктарын соттук коргоо укугунан ажыраган. 2022-жылдын 15-декабрында А.В. Москаленко ишти жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын 2018-жылдын 11-июнундагы аныктамасын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ушул эле соттун 2023-жылдын 16-январындагы аныктамасы менен жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча соттук актыны кайра кароо жөнүндө
А.В.Москаленконун арызы ЖПКнын 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн
негизинде канааттандыруусуз калтырылган, ага ылайык ишти кайра кароо иштин маңызы боюнча чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын негизинде гана мүмкүн. Арыз ээси Конституциянын 23-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, анда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес, ал эми ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык Конституцияда белгиленген адам укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектелүүгө жатпайт деп белгилейт. Ал ошондой эле Конституциянын 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык ар бир адамга өзүнүн Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилээрин; ар бир адам мыйзам тарабынан тыюу салынбаган бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, ошондой эле бузулган укуктарынын калыбына келтирилишин камсыз кылууга укуктуу экендигин белгилейт. Ошентип, арыз ээсинин пикири боюнча Жарандык процесстик кодекстин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн “иштин маңызы боюнча чыгарылган” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу 4
Конституциянын 23-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүнө карама-каршы келет, анткени жарандардын соттук коргоого болгон укуктарын чектейт. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемдик жобонун Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүүнү өтүнөт. Судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 6-апрелиндеги аныктамасы менен А.В. Москаленконун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. 2023-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна “Мамыр” АКнын кызыкчылыгын көздөгөн Э.С.Адыловдон Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин (мындан ары – АПК) 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн Конституциянын 23-беренесинин 4- бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтө көрсөтүлгөндөй, “Мамыр” АК 2007-жылы ага 108 гектар жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын берүүнү “Кадастр” мамлекеттик мекемесин (мындан ары – “Кадастр” мамлекеттик мекемеси) милдеттендирүү тууралуу доо менен Ысык-Көл облустук райондор аралык сотуна кайрылган. Аталган соттун 2008-жылдын 20-мартындагы чечими менен “Мамыр” АКнын доо арызы канааттандырылган жана “Кадастр” мамлекеттик мекемеси тарабынан аталган коомго көрсөтүлгөн жерге жеке менчик укугуна мамлекеттик акт берилген. Бирок, 2022-жылы “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча 2008-жылдын 20-мартындагы чечимин кайра кароо жөнүндө арыз менен Ысык-Көл облустук административдик сотуна кайрылган, буга 2022-жылдын 30-майындагы тиешелүү аныктама менен баш тартылган. Кабыл алынган сот актысына макул болбой, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси апелляциялык даттануу жана бул даттанууну берүүнүн өтүп кеткен процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч берген. 5
Ысык-Көл облустук сотунун 2022-жылдын 18-июлундагы аныктамасы менен өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч канааттандырылган, Ысык-Көл облустук административдик сотунун 2022-жылдын 30-майындагы аныктамасы жокко чыгарылган. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча чечимди кайра кароо жөнүндө “Кадастр” МИнин арызы да Ысык-Көл облусунун административдик сотунун 2008-жылдын 20-мартындагы чечимин жокко чыгаруу менен ишти маңызы боюнча кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүү менен канаттандырылган. Өз кезегинде “Мамыр” АК Ысык-Көл облустук сотунун 2022-жылдын 18-июлундагы аныктамасына кассациялык даттануу берген. Жогорку соттун 2022-жылдын 29-сентябрындагы аныктамасы менен Ысык-Көл облустук сотунун 2022-жылдын 18-июлундагы аныктамасы өзгөртүүсүз калтырылган. “Мамыр” АК жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча Ысык-Көл облустук сотунун 2022-жылдын 18-июлундагы аныктамасын кайра кароо жөнүндө арыз берген. Ысык-Көл облустук сотунун 2022-жылдын 13-декабрындагы аныктамасы менен бул арыз канааттандыруусуз калтырылган. Бул аныктамага “Мамыр” АКсы кассациялык даттануу менен кайрылган, бирок Жогорку соттун 2023-жылдын 22-мартындагы аныктамасы менен Ысык-Көл облустук сотунун сот актысы өзгөртүүсүз калтырган.
Э.С. Адылов белгилегендей, “Мамыр” АКнын кассациялык
даттануусун канааттандыруудан баш тартуу үчүн АПКнын 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдери негиз болгон, ага ылайык жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча соттун чечими, доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктамасы, иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама, доону кароосуз калтыруу жөнүндө аныктама гана кайра каралышы мүмкүн.
Э.С. Адылов АПКнын 267-беренесинин 2-бөлүгүндө келтирилген
соттук актылардын тизмеси Конституциянын 23-беренесинин 4-бөлүгүндө каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн 6
эмес экендигин караган талабына карабастан кабыл алынган деп эсептейт. Ал ошондой эле Конституциянын 61-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү менен кепилденген ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугун чектейт. Кайрылуунун автору Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жол берилген актылардын ичинен алынып салынган аралык сот актылары (аныктамалары) көмөкчү мүнөзгө ээ, айрым учурларда бул мааниден тышкары, өз алдынча да мааниге ээ жана адамдын, коомдун да, мамлекеттин да эң маанилүү кызыкчылыктарын козгоо менен иштин жыйынтыгына олуттуу таасир этиши мүмкүн деген укуктук позициясын карманат. “Мындай аралык сот актылары өзүнүн функционалдык багыты боюнча жыйынтыктоочу актылардын бардык белгилерине ээ жана сот процессинин өнүгүшүнө (мисалы: доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү) да таасир этүүгө, ага бөгөт коюучу да таасирге (өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу, доонун эскирүү мөөнөтүн колдонуу, иш боюнча өндүрүштү токтотуу) жөндөмдүү (2021-жылдын 17- мартындагы Чечим). Ушуга байланыштуу арыз ээси талашылып жаткан ченем жогоруда аталган Чечимдин келтирилген жоболоруна карама-каршы келерин жана мыйзамда белгиленген тартипте аткарылууга тийиш экендигин белгилейт («Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 3-бөлүгү).
Э.С.Адыловдун пикири боюнча талашылып жаткан ченем Ысык-Көл
облустук сотунун 2022-жылдын 18-июлундагы аныктамасын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жол бербейт, бул эч кандай чектөөлөргө жатпаган, Конституцияда кепилденген соттук коргоо укугун бузат. Мындан тышкары, соттук отурумда ал аралык соттук актыларга, атап айтканда, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өтүп кеткен процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү жөнүндө актыларга даттануунун мүмкүн эместиги алардын соттук коргоого болгон укуктарын чектеп жаткандыгын өзгөчө баса белгиледи. 7
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемдин Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүүнү өтүнөт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 24-апрелиндеги аныктамасы менен “Мамыр” АКнын кызыкчылыгын көздөгөн Э.С.Адыловдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. 2023-жылдын 13-сентябрында А.В. Москаленко өзүнүн кошумча өтүнүчүндө ЖПКнын 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун Конституциянын 23-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1,2- бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүүнү суранган. Бул өтүнүч канааттандырылган. 2023-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна “Канцлер” ЖЧКсынын кызыкчылыгын көздөгөн
И.В.Плахутинден Жарандык процесстик кодекстин 375-беренесинин
1-бөлүгүнүн “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Кайрылуу субъектиси көрсөткөндөй, жеке ишкер Е.В. Соловьева 2017-жылдын 3-апрелинен 2017-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде “Канцлер” ЖЧКсы менен биргелешип иш алып барууда андан сатуу үчүн материалдык баалуулуктарды алган. Бирок, үч айдан кийин Е.В. Соловьева андан аркы кызматташуудан жана өз ара эсептешүүлөрдү текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган топтолгон карызды мыйзамдуу кайтарып берүүдөн баш тарткан. Карызды өндүрүү үчүн “Канцлер” ЖЧКсы 2018-жылы Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна кайрылган. Бул сот өзүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы чечими менен “Канцлер” ЖЧКсынын талабын 8
канааттандырган. Кийинчерээк бул чечимди Бишкек шаардык соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту күчүндө калтырган. Бирок 2022-жылдын март айында Е.В. Соловьева Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна 2019-жылдын 18-июнундагы Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо арызы менен кайрылган. Е.В. Соловьеванын талабы канааттандырылган жана белгиленген чечим жокко чыгарылган. Өз кезегинде “Канцлер” ЖЧКсы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна ЖПКнын 374-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо арызы менен кайрылган, бирок бул сот Жарандык процесстик кодекстин 375- беренесинин негизинде арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарган. Жогорудагыларды эске алуу менен кайрылуунун автору ЖПКнын 375- беренесинин 1-бөлүгүнүн “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу Конституциянын 94-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын бузат, анткени бузуулар менен кабыл алынышы мүмкүн болгон, талаш-тартыштын маңызы боюнча чыгарылган сот актыларына жаңы жагдайлар боюнча арыз берүүгө тыюу салуу киргизет деп эсептейт. Мындай жагдай, арыз ээсинин пикири боюнча негизсиз, мыйзамсыз жана адилетсиз, бул өз кезегинде соттор тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун объективдүүлүгүнө күмөн жаратат. Кайрылуунун автору өзүнүн жүйөлөрүн негиздөөдө Конституциянын 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө шилтеме жасайт, алар ар бир адамга анын укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берет; ар бир адамдын өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жана бузулган укуктарын мыйзам тарабынан тыюу салынбаган бардык жеткиликтүү ыкмалар менен калыбына келтирилишин камсыз кылуу укугун кепилдик берет. Кайрылуу субъектиси, ошондой эле сот актыларын жаңыдан ачылган 9
же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо институту ишке катышып жаткан тараптардын соттук коргоого тоскоолдуксуз жетүүсү, ошондой эле өз укуктарын жана кызыкчылыктарын бардык ыкмалар менен коргоосу, анын ичинде мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароо аркылуу коргоосу үчүн түзүлгөндүгүн белгилейт. Жогорудагыларды эске алуу менен арыз ээси талашылып жаткан ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келет деп табууну өтүнгөн. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 19-октябрындагы аныктамасы менен “Канцлер” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөгөн И.В.Плахутиндин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. Жогорудагы кайрылуулардагы талаптардын бир түрдүүлүгүнө байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун талаптарына ылайык судья-баяндамачынын 2023-жылдын 24-апрелиндеги жана 2023-жылдын 23-октябрындагы аныктамалары менен алар боюнча иштер бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген. Соттук отурумда арыз ээлери өз талаптарын колдошту жана аларды канааттандырууну өтүнүштү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү
С. К. Ысыранов ЖПКнын 373, 375-беренелеринин талашылып жаткан
ченемдик жоболору боюнча ал, мыйзам чыгаруучу процесстик үнөмдүүлүк жана сот актыларынын укуктук аныктыгын камсыз кылуу, соттук процессти создуктурууга жана ишти акылга сыярлык мөөнөттөрдө кароо принцибин бузууга жол бербөө максатын көздөп, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жол берилген актылардын ичинен аралык сот актыларын алып салгандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу талаштын маңызы боюнча эмес чыгарылган сот актыларын жаңыдан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароодон 10
соттун баш тартуусу мыйзамдуу жана соттук коргоо укугун чектөө же кемитүү болуп саналбайт деп эсептейт. Анын пикири боюнча мындай чектөө укукту кыянаттык менен пайдаланууга бөгөт коѐт, тиешелүү түрдө Жарандык процесстик кодекстин 373 жана 375-беренелеринин талашылып жаткан ченемдик жоболору Конституцияга каршы келбейт. Административдик-процесстик кодекстин талашылып жаткан ченеми боюнча С.К. Ысыранов сот чечимдерин кайра кароо үчүн негиз катары жаңы жагдайлар жана жаңыдан ачылган жагдайлар так аныкталган чектерге ээ болууга жана абстрактуу аныктамаларды камтыбоого тийиш, антпесе бул сот актыларынын укуктук туруктуулугуна жана аныктыгына каршы келет жана укуктук мамлекеттин принциптеринин бузулушуна алып келет деп эсептейт. Ал сот актыларын кайра кароо боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу АПКнын 267-беренесинин 2-бөлүгү өзүнүн укуктук табиятына жана максатына ылайык келет, жарандардын соттук коргоого болгон укуктарын чектебейт жана тиешелүү түрдө Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү
А.Т. Молдобаев талашылып жаткан ЖПКнын 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн,
375-беренесинин 1-бөлүгүнүн тиешелүү түрдө “иштин маңызы боюнча чыгарылган, “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жоболору боюнча сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо институту сот өндүрүшүнүн өз алдынча стадиясы болуп санала тургандыгын жана ишти чечүү учурунда арыз ээсине жана сотко белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон бул иш үчүн олуттуу жагдайлардын аныкталгандыгына байланыштуу соттук коргоого жана ишти кайра кароого укукту камсыз кылуунун ыкмасы болуп санала тургандыгын белгиледи. Ошентип, сот актысынын мыйзамдуулугу жаңыдан ачылган жагдайлардын келип чыгышына байланыштуу иш жүзүндөгү жагдайлардын өзгөрүшүнөн көз каранды болот. 11
Ал белгилегендей, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17-мартындагы Чечиминде айрым аралык актылар өзүнүн функционалдык багыты боюнча сот процессинин өнүгүшүнө бөгөт коюучу гана таасирин тийгизбестен, ошондой эле жыйынтыктоочу актылардын бардык белгилерин алып жүрөт жана ага таасир этүүгө жөндөмдүү. Башкача айтканда, алар иштин жыйынтыгына олуттуу, кээде чечүүчү роль ойноп, процесстик укук мамилелеринин чегинен чыккан укуктук кесепеттерди пайда кылат. Демек, алар жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча иш маңызы боюнча каралып, акыркы чечим чыгарылгандан кийин кайра кароо стадиясына жылдырылышы мүмкүн болгон сот актылары катары каралбашы керек. Ушуга байланыштуу А.Т. Молдобаев административдик да, жарандык да иштерди кароодо процесстик ченемдердин бирдей укуктук колдонулушун камсыз кылуу максатында Жарандык процесстик кодекстин талашылып жаткан ченемдик жоболору Конституциянын 23-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө толук көлөмдө ылайык келбейт деп эсептейт. АПКнын талашылып жаткан 267-беренесинин 2-бөлүгү боюнча
А.Т. Молдобаев жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча иштерди кароонун
өзгөчөлүгү анын мыйзамдуу күчүнө кирген чечимди жокко чыгарууга багытталгандыгы болуп саналаарын белгиледи. Соттук актыны жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз чечимдин так мазмунуна таасир этүү, иштин маңызы боюнча башкача чечимге жетишүү максатын көздөйт. Ошону менен бирге, АПКнын 276-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын аныктамасы даттанууга жатпайт.
А.Т. Молдобаев АПКнын 267-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн
жаңыдан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра каралышы мүмкүн 12
болгон сот актылары соттук коргоо укугун чектөө же кемитүү болуп саналбайт деп эсептейт. Жогорудагыларды эске алуу менен А.Т. Молдобаев АПКнын 267- беренесинин 2-бөлүгү Конституциянын 23-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61- беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Э.Б. Искаков ЖПКнын талашылып жаткан ченемдик жоболору боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди. Соттук коргоого болгон укукту толук ишке ашырууну камсыз кылуу максатында жарандык процесстик мыйзамдар менен кабыл алынган сот актыларынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн апелляциялык жана кассациялык тартипте текшерүүдөн тышкары, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо боюнча өндүрүш каралган. Бул институт сот өндүрүшүнүн өз алдынча стадиясы болуп саналат жана соттук коргоо укугун, ошондой эле ишти чечүү учурунда арыз ээсине жана сотко белгилүү болбогон жана белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон, жана иш үчүн олуттуу болгон жагдайлардын табылгандыгына байланыштуу ишти кайра кароо укугун камсыз кылуу ыкмасы болуп саналат. Ошентип, Э.Б.Искаков белгилегендей, Жарандык процесстик кодекстин 373-беренесинин 1-бөлүгү, 375-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген, жыйынтыктоочу сот актысын кайра кароо боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик жоболор өздөрүнүн укуктук табиятына жана багытына ылайык келет, ошондой эле жарандардын соттук коргоого болгон укуктарын чектебейт же кемитпейт, тескерисинче, сот актыларынын адилеттүүлүгүнүн жана туруктуулугунун кепилдиги болуп саналат. Жогорудагыларды эске алуу менен Э.Б. Искаков ЖПКнын талашылып жаткан ченемдик жоболору Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. 13
Э.Б. Искаков АПКнын 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн
конституциялуулугун текшерүү бөлүгүндө жыйынтыктоочу процесстик чечим менен аяктаган соттук ишти кайра кароо боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ченем анын укуктук табиятына да ылайык келерин, жарандардын укуктарын кемитпей тургандыгын жана Конституциянын 23-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбей тургандыгын белгилейт. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү
К.Б. Аманжолова ЖПКнын талашылып жаткан ченемдик жоболору жана
АПКнын ченеми боюнча ал Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү
А.Т. Молдобаевдин позициясына окшош позицияны билдирди.
Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын пикирин угуп жана иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянакка келди.
1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, бул иш боюнча Конституциялык соттун кароо предмети төмөнкүлөр болуп саналат: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373- беренесинин 1-бөлүгүнүн, 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн тиешелүү түрдө “иштин маңызы боюнча чыгарылган” жана “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен берилген төмөнкүдөй редакцияда баяндалган ченемдик жоболору: “373-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери 14
1. Жаңыдан ачылган жагдайлар – бул, мыйзамдуу күчүнө кирген, иштин
маңызы боюнча чыгарылган талаштуу сот актысы кабыл алынган учурда бар болгон, арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон жагдайлар. “375-берене. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароочу соттор
1. Биринчи, апелляциялык инстанциялардагы соттордун мыйзамдуу
күчүнө кирген актылары иштин маңызы боюнча ушул актыларды кабыл алган сот тарабынан жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра каралат. Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин төмөнкүдөй редакцияда баяндалган 267-беренесинин 2-бөлүгү: “267-берене. Сот актыларын кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо
2. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча төмөнкүлөр
кайра каралышы мүмкүн:
1) соттун чечими;
2) доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама;
3) иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама;
4) доону кароосуз калтыруу жөнүндө аныктама.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 Жарандык процесстик кодекси мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынган, “Эркин-Тоо” гезитинин 2017-жылдын 2-февралындагы № 12-13 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 Административдик-процесстик кодекси мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алыган, “Эркин-Тоо” гезитинин 2017-жылдын 1-февралындагы № 10-11 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук 15
актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырат
(Конституциянын 94-беренесинин 1-бөлүгү). Укуктук мамлекеттин эң маанилүү белгиси болуу менен сот адилеттиги – бул социалдык чыр- чатактардын бардык түрлөрүн чечүүнүн бирдиктүү формасын билдирет, мында белгиленген мыйзамдык жол-жоболор жана критерийлер боюнча көз карандысыз жана калыс соттор иштерди мыйзамдардын жана өзүм билемдиктин ар кандай формасын болтурбаган, мыйзам жана сот алдында бардыгынын тең укуктуулук принцибинин негизинде каралышын жана чечилишин камсыз кылат. Ошол эле учурда сот адилеттиги ар бир инсандын сотко кайрылуусуна кепилдик болгондо гана натыйжалуу болот. Сөз кызыкдар тараптын ар кандай маселе боюнча сотко кайрылуу жана анын ишин ашыкча укуктук же иш жүзүндөгү тоскоолдуктарсыз кароого жетүү укугу жөнүндө болууда. Укук коргоо жана укук колдонуу мамлекеттик ишинин түрү катары сот адилеттиги аркылуу адамдын жана жарандын эң маанилүү укуктарынын бири – соттук коргоого укугу ишке ашырылат (Конституциянын 61- беренесинин 1-бөлүгү). Ошентип, ал бир эле учурда соттук коргоого болгон укуктун кепилдиги жана аны ишке ашыруунун каражаты катары кызмат кылат. Бул укукту ишке ашыруу мамлекет тарабынан сот органдарынын системасын, иштерди чечүүнүн критерийлеринин укуктук негиздерин жана сот өндүрүшүнүн жол-жоболорун түзүүгө багытталган көп кырдуу жана татаал түзүмдүк иш-аракеттерди аткаруусу менен байланышкан.
3. Сот адилеттиги системасы ар бир иштин адилеттүү жана мыйзамдуу
чечилишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөндүгүнө карабастан, соттук катачылык болбой коюушу мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын укуктук системасында мыйзам чыгаруучу тараптарга сот иштерин кайра кароого да, апелляциялык жана кассациялык соттук 16
инстанцияларда да иерархиялык ырааттуулукта кайра кароого мүмкүнчүлүк берген институционалдык негиздер менен укуктук механизмдерди караган. Бул механизм сот актыларынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн, укуктук ченемдердин туура колдонулушун текшерүү функциясын аткарат жана ал толук, адилеттүү жана эффективдүү соттук териштирүү тууралуу конституциялык концепциясын ишке ашырууга багытталган. Соттук катаны четтетүү мүмкүнчүлүгү сот адилеттигинин ажырагыс компоненти болуп саналат, ансыз адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын соттук коргоонун конституциялык кепилдиктери толук эмес болмок. Мындай мүмкүнчүлүктү ар бир адамга берүү мамлекет тарабынан кепилденген, ал эми аны жоюу ыкмасы жеткиликтүү жана эффективдүү болушу керек. Өз кезегинде соттук каталардын келип чыгуусунун субъективдүү да, объективдүү да мүнөздөгү себептери болушу мүмкүн. Эгерде субъективдүү мүнөздөгү соттук каталар судьянын ак ниет жаңылышуусунан, анын одоно шалаакылыгынын же кесиптик компетентсиздигинин натыйжасында жасалышы мүмкүн болсо, экинчисинде негизги себеби объективдүү факторлор болуп саналат, алардын келип чыгышын сот адилеттигин ишке ашырууга судьянын эң ак ниет мамилесине карабастан алдын ала көрө билүү мүмкүн эмес болгон учур. Башкача айтканда, сот актысын кайра карап чыгуунун себеби сот чечимди кабыл алуу учурунда эске ала албаган маанилүү жагдайлардын табылгандыгы болуп саналат, анткени алар арыз ээсине да, сотко да белгилүү болгон эмес жана белгилүү болушу да мүмкүн эмес эле, бирок кабыл алынган сот актысынын маңызына таасир этүүгө жөндөмдүү. Мындай жагдайлар ЖПКга ылайык жаңыдан ачылган же жаңы жагдайлар болуп саналат. Жаңыдан ачылган жагдайлар – бул, мыйзамдуу күчүнө кирген, иштин маңызы боюнча чыгарылган талаштуу сот актысы кабыл алынган учурда бар болгон, арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон жагдайлар (ЖПКнын 373-беренесинин 1-бөлүгү). 17
Жаңы жагдайлар – бул, мыйзамдуу күчүнө кирген талаштуу сот актысы кабыл алынгандан кийин пайда болгон жагдайлар ЖПКнын 375-беренесинин 1-бөлүгү). Жаңыдан ачылган же жаңы жагдайлардын болушу иш үчүн принципиалдуу мааниге ээ, анткени ал сот актысынын мыйзамдуулугуна күмөн жаратат. Көрсөтүлгөн жагдайлар ачылган учурда сот соттук акты кабыл алат, аны менен ал мурда кабыл алынган жыйынтыктоочу сот актысын жокко чыгарат жана иш боюнча өндүрүштү кайра жандандырат. Мындай өндүрүштүн натыйжасында сот иштин бардык жагдайларын кайра кароо аркылуу өзгөргөн жагдайды эске алуу менен мурунку сот актысын жарым- жартылай же толугу менен жокко чыгаруу чечимин кабыл ала алат жана ошону менен иштин катышуучулары үчүн укуктук кесепеттер түп- тамырынан өзгөрүшү мүмкүн. Ошентип, мурунку сот актысын жокко чыгаруу менен иш боюнча өндүрүштү кайра жандандыруу фактысынын өзү ишке катышкан бардык тараптар үчүн фундаменталдуу мааниге ээ, ушуга байланыштуу бул тууралуу соттук акт кайра кароо ишти маңызы боюнча кароодон жана жыйынтыктоочу актыны чыгаруудан кийинки стадияга которулушу мүмкүн болгон актыларга таандык кылынышы мүмкүн эмес.
4. Сот бийлигин ишке ашыруунун бирдиктүү механизми менен
шартталган сот өндүрүшүн түзүүнүн жалпы эрежелеринин жана мыйзам ченемдүүлгүнүн алкагында дээрлик бардык соттук териштирүүлөр өзүнө аралык соттук актыларды чыгарууну камтыйт. Процесстик иштин мазмунун чагылдырган аралык сот актылары жалпысынан сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын өздөрүнүн процесстик укуктарын жана милдеттерин талаптагыдай ишке ашыруусун камсыз кылуу, ошондой эле сот жыйынтыктоочу соттук актыны кабыл алууга ырааттуу келгидей иштин бардык жагдайларын изилдөө жана баалоо боюнча соттук процесстин өзүн этап-этабы менен алга жылдыруу максатында кабыл алынат. Башкача айтканда, алар соттун биротоло чечими чыгаар алдында орун алат. 18
Ушуга окшош ишти Административдик-процесстик кодекстин алкагында карап, Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2021-жылдын 17-мартындагы Чечиминде, бир катар учурларда аралык соттук актылар айкын көмөкчү мүнөзгө ээ экендигин белгилеген. Бирок, башка учурларда алар бул маанинин чегинен чыгып, өз алдынча мааниге ээ жана инсандын да, коомдун да, мамлекеттин да эң маанилүү кызыкчылыктарын козгогон иштин жыйынтыгына олуттуу таасир этиши мүмкүн. Мындай аралык сот актылары өзүнүн функционалдык багыты боюнча жыйынтыктоочу актылардын бардык белгилерине ээ жана сот процессинин өнүгүшүнө да (мисалы: доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү), ага бөгөт коюучу (өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу, доонун эскирүү мөөнөтүн колдонуу, иш боюнча өндүрүштү токтотуу) да таасирге жөндөмдүү. Башкача айтканда, алар иштин жыйынтыгында олуттуу, кээде чечүүчү роль ойнойт, процесстик укук мамилелеринин чегинен чыккан укуктук кесепеттерди пайда кылат, ошондуктан «демейки» болуп эсептелбейт. Процесстик укуктун принциптери өз ара шартталгандыгын жана өз ара байланышта экендигин эске алуу менен административдик жана жарандык процесстик мыйзамдарда өздөрүнүн укуктук табияты боюнча окшош укук мамилелери бир түрдүү укуктук жөнгө салууга жатат, бул оболу тең процесстик кепилдиктерди камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталган. Албетте, мында иштин кароонун жана чечүүнүн тармактык өзгөчөлүгү сакталат. Ошентип, конституциялык контроль органынын жогоруда аталган Чечиминен келип чыккандай, соттук процесске бөгөттүк таасир көрсөтүүчү, ошондой эле жаңы өнүгүү алуусуна таасир тийгизүүгө жөндөмдүү, иштин жыйынтыгына аныгында олуттуу таасир көрсөтүүчү аралык актылардын айрым категорияларын көмөкчү категорияга таандык кылуу сот адилеттигин ишке ашыруудагы алардын ролун баалабай коюуга алып келет. Бул маңызы боюнча чыгарылбаган сот актыларын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун мүмкүн эместиги жарандык сот 19
өндүрүшүндө процесстик кепилдиктердин төмөн деңгээлин түзөт дегенди билдирет. Ал эми бул өз кезегинде мыйзамдын жана соттун алдында бардыгынын тең укуктуулугунун конституциялык принцибинин бузулушуна жана соттук коргоого конституциялык укуктун чектелишине алып келет, ал эми Конституциянын 23-беренесинин 5-бөлүгүнүн императивдик талабы боюнча соттук коргоого конституциялык укукту чектөөгө жол берилбейт.
5. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын
17-мартындагы Чечимин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 12-июлундагы № 64 Мыйзамды кабыл алган жана 267-берене жаңы редакцияда баяндалган, анын 2-бөлүгү менен кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча төмөнкүлөр каралышы мүмкүн экендиги белгиленген: соттун чечими; доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама; иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама; доо арызын кароосуз калтыруу жөнүндө аныктама. Ошону менен бирге киргизилген өзгөртүүлөр өзүнүн мазмуну боюнча аталган Чечимде баяндалган бардык укуктук позицияларды толук көлөмдө камтыган жок. Тактап айтканда, талашылып жаткан ченем жаңыдан ачылган жана жаңы жагдайлардын негизинде боюнча адамдын субъективдүү укуктары жана юридикалык милдеттери токтотула турган бөгөт коюу мүнөзүндөгү аралык сот актыларын кайра кароо мүмкүнчүлүгүн белгилейт. Ошол эле учурда бул тизме сот өндүрүшүнүн жаңы өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этүүчү доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү, ошондой эле соттун чечимин жокко чыгаруу жана жаңыдан ачылган жагдайларга байланыштуу өндүрүштү кайра жандандыруу жөнүндө актыларды камтыбайт. Бирок, каралып жаткан Чечимде Жогорку соттун Конституциялык палатасы жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өткөрүп жиберген процесстик 20
мөөнөттөрдү калыбына келтирүү жөнүндө актыны кайра кароого мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын караштырбаганын белгилей кетүү керек. Процесстик мөөнөттөр деп иш козгоо стадиясынан баштап акыркы чечимди аткаруу стадиясын кошо алганда анын алкагында иш каралууга же кандайдыр бир процесстик аракет жасалууга тийиш болгон убакыттык мөөнөттү аныктоонун өлчөгүчү катары кызмат кылган убакыттын объективдүү өтүшүн чагылдыруунун юридикалык формасы түшүнүлөт. Бул түшүнүк ошондой эле даттануунун мөөнөттөрүн жана ишти жогору турган сот тарабынан кароонун тартибин, соттук жол-жоболорду жүргүзүүнү жана соттук процесстин катышуучуларынын башка субъективдүү укуктарын ишке ашыруусун камтыйт. Процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү же калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө актылар даттанылышы мүмкүн жана жогору турган сот инстанциялары тарабынан жалпы тартипте каралууга тийиш. Муну менен процесстин катышуучуларынын соттук коргоого жана алардын ишин жогорку турган сотто кайра кароого конституциялык укугу толук көлөмдө камсыз кылынат. Ошону менен бирге бул актыларды жаңыдан ачылган жагдайларга байланыштуу кошумча кайра карап чыгууга мыйзамдык мүмкүнчүлүк берүү сот системасына ашыкча жүк болуп калат, мында сот процессинин катышуучуларынын субъективдүү укуктарына зыян келтирбестен, алар соттун жыйынтыктоочу чечими менен бирге каралышы мүмкүн. Бул, оболу, процесстик мөөнөттөр маселеси боюнча сот актылары Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана Конституциялык соттун укуктук позицияларында көрсөтүлгөн критерийлерге жооп бербегендиги менен шартталган жана чечүүчү мааниси бар аралык актыларына таандык кылынышы мүмкүн эмес. Ошол эле учурда Конституциялык сот 2022-жылдын 12-июлундагы № 64 “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамда камтылбаган укуктук позицияларды ишке ашыруу максатында АПКнын 267-беренесинин 21
колдонуудагы редакциясын кошумча кайра карап чыгуу зарылчылыгын белгилейт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин
373-беренесинин 1-бөлүгүнүн “иштин маңызы боюнча чыгарылган” деген сөздөр менен баяндалган, ошондой эле 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик
кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17-мартындагы Чечиминде билдирилген укуктук позицияларга шайкеш келбеген өлчөмдө карама-каршы келет деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети колдонуудагы
укуктук жөнгө салууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17-мартындагы Чечиминен жана ушул Чечимден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин. Укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17-мартындагы Чечимине жана 22
ушул Чечимге ылайык келтирилгенге чейин Конституция, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021- жылдын 17-мартындагы Чечими жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ушул Чечими түздөн-түз колдонулат.
4. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
6. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ №________ 23
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 4 · cited by 0 · related 0
References (4)
- Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 25.01.2017 · № 14
- Административно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 25.01.2017 · № 13
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Закон «О внесении изменений в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики»Закон · 12.07.2022 · № 64