Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
С.А. Матцаковдун, Т.А. Алмазбековдун, М.А. Нурматовдун, Э.К. Курманбековдун жана З.Т. Зайнабидиновдун кызыкчылыгында Н.Х. Касымовдун кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 1-бөлүгүнүн 455-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө чечим
Расмий тилден мамлекеттик тилге которулган КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Самат Аскарович Матцаковдун, Тилек Алмазбекович Алмазбековдун, Мирлан Анарбекович Нурматовдун, Эрбол Курманбекович Курманбековдун жана Зокиржон Турдимахаматович Зайнабидиновдун кызыкчылыгын көздөгөн Нуршат Хайрулаевич Касымовдун кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 455- беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча ЧЕЧИМИ 2023-жылдын 25-октябры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А.
Шаршеналиевдин курамында, катчы Камила Маамыталы кызынын; кайрылуучу тараптар – Самат Аскарович Матцаковдун, Тилек Алмазбекович Алмазбековдун, Мирлан Анарбекович Нурматовдун, Эрбол Курманбекович Курманбековдун, Зокиржон Турдимахаматович Зайнабидиновдун жана анын ишеним кат боюнча өкүлү Нуршат Хайрулаевич Касымовдун;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун; үчүнчү жактар – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдиевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Тимур Эднанович Карабаевдин, Асель Абасбековна Жапарованын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Шеримкул Замирбекович Мамыткановдун катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40, 45- беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумда карап чыкты. Бул ишти кароого С.А. Матцаковдун, Т.А. Алмазбековдун, М.А. Нурматовдун, Э.К. Курманбековдун жана З.Т. Зайнабидиновдун кызыкчылыгын көздөгөн Н.Х. Касымовдун өтүнүчтөрү себеп болду. Бул ишти кароого Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келеби деген маселеде табылган аныксыздык негиз болду. Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы К.Дж. Кыдырбаевдин маалыматын угуп, сунушталган материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту,
Т А П Т Ы: 2022-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна С.А Матцаковдун, Т.А. Алмазбековдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары – КЖПК) 455- беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58- беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Арыз ээлери белгилегендей, КЖПКда кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти жандандыруу үчүн негиздердин толук тизмеги келтирилген. Алсак, КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, кайтадан ачылган жагдайлар болуп төмөнкүлөр саналат: 1) мыйзамсыз же негизсиз өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууга алып келген, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген жабырлануучунун же күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн, эксперттин корутундусунун атайылап жалган берилиши, ошого тете эле буюм далилдеринин, тергөө жана сот аракеттеринин протоколдорунун жана башка документтердин жасалмаланышы же котормонун атайын туура эмес которулушу; 2) мыйзамсыз жана негизсиз өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууга алып келген, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин, тергөөчүнүн же прокурордун кылмыштуу аракеттери; 3) ушул ишти кароодо ал тарабынан жасалган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген судьянын кылмыштуу аракеттери; 4) өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууда сотко белгисиз болгон, өз алдынча алганда жана мурда аныкталган жагдайлар менен кошо алганда соттолгондун күнөөсүздүгү жөнүндө же ал соттолгон кылмыштын оордугунун даражасы боюнча башка кылмыш жасагандыгы жөнүндө же болбосо акталган адамдын же иши кыскартылган адамдын күнөөлүүлүгүн күбөлөндүргөн жагдайлар. Бирок, КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу жөнүндө
өтүнүчтү карап, сот төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат: 1) ушул Кодекстин 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жана сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго өткөрүп берүү тууралуу; 2) жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу же ишти кыскартуу жөнүндө; 3) жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүңдө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө. Арыз ээлеринин пикири боюнча сот ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө арызды карап чыгып, КЖПКнын 451- беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган жагдайлар боюнча гана аны канааттандыруу жөнүндө чечим чыгарган. Ошентип, соттун КЖПКнын 451- беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында каралган башка жагдайлар боюнча арызды канааттандыруу жөнүндө чечим чыгарууга мүмкүнчүлүгү жок, бул өз кезегинде соттун укуктарынын тарышына алып келет жана соттолгон адамдын ишин жогору турган сотто кароого конституциялык укугун жана Конституциянын 58-беренесинин 4-бөлүгүндө, 61-беренесинин 1-бөлүгүндө бекемделген ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугун тикелей чектөө болуп саналат. Кайрылуу субъекттери көрсөткөндөй, жогоруда келтирилген конституциялык жоболор Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8- беренесине, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 9- беренесинин 1-бөлүгүнө, 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, Адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Европа конвенциясынын 6- беренесинин 1-бөлүгүнө шайкеш келет, мында ар бир адамдын жогору турган соттук инстанцияда ишин кайра кароого укугу белгиленген. Арыз ээлери башка эч бир тартипте оңдоого мүмкүн болбогон, соттун мыйзамсыз же негизсиз чечимин кайра кароо максатында жазык ишин кайра жандандырууга негиздердин тизмегин чектөө сот актыларынын
адилеттүүлүгүн камсыз кылууну жана сот тарабынан жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын калыбына келтирүүнү мүмкүн эмес кыларын белгилешет, бул Конституциянын, ошондой эле Адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө конвенциянын жоболорун бузууга алып келет, ага ылайык, эгерде кандайдыр бир жаңы же кайтадан келип чыккан жагдайлар аныкталса, соттук чечимди кайра кароо зарылчылыгы келип чыгат, бул болсо чечимдин маңызына таасир этпей коюушу мүмкүн эмес. Кайрылуу субъекттеринин пикири боюнча укуктук жөнгө салуунун бир беткей эместиги, түшүнүксүздүгү, жеткире айтылбагандыгы анын мазмунун жана максатын адекваттуу түшүнүүгө сөзсүз түрдө тоскоол болот, укук колдонуу процессинде мамлекеттик бийлик органдарынын чексиз дискрециясына мүмкүндүк берет жана өзүм билемдикке жана сот адилеттигинин ыраатсыздыгына өбөлгө түзөт. Арыз ээлеринин пикири боюнча мыйзамдуулуктун, негиздүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына жооп бербеген соттук чечимдерди кайра кароо мүмкүнчүлүгүн чектөөнүн натыйжасында Конституция менен кепилденген адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирилип, адилеттүүлүк жана укуктук аныктык сыяктуу конституциялык баалуулуктарды коргоодо тең салмактуулуктун бузулушу орун алат, ал эми сот адилеттигинин конституциялык максаты аларды коргоо жана калыбына келтирүү болуп саналат. Эгерде жазык иши боюнча изилдөөнүн предмети болгон кыйла олуттуу жагдайлар, окуялар соттун чечиминде туура эмес чагылдырылса, анда бул чечим сот адилеттигинин калыс актысы катары каралышы мүмкүн эмес жана анын адилетсиздигине – сот актысынын мыйзамдуулугуна, негиздүүлүгүнө жана адилеттүүлүгүнө объективдүү таасирин тийгизген судьянын укукка жат аракеттери, соттук ката же башка жагдайлар себеп болгонуна карабастан оңдолушу керек. Баяндалгандарды эске алып, арыз ээлери талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнүшөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 18-майындагы аныктамасы менен С.А. Матцаковдун, Т.А. Алмазбековдун кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган. Бирок бул иш боюнча соттук өндүрүш Конституциялык соттун 2022-жылдын 17-октябрындагы аныктамасы менен токтотулуп, кийин 2023-жылдын 4- октябрында кайра жандандырылган. 2023-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна М.А. Нурматовдун КЖПКнын 455-беренесинин 1- бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарынын Конституциянын 58-беренесинин 4- бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Аталган өтүнүчтөн көрүнүп тургандай, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча жазык ишин жандандыруу институтунун конституциялык-укуктук негизи болуп Конституциянын ар бир адамга эч кандай чектөөлөргө жатпаган соттук коргоо укугун (61-берененин 1-бөлүгү), ошондой эле ар бир соттолуучунун мыйзамга ылайык анын ишин жогору турган сот тарабынан каралышын ишке ашыруу укугун (58-берененин 4-бөлүгү) кепилдеген жоболору саналат. Бул конституциялык жоболор, эгерде жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар жөнүндө маалыматтар болсо, же болбосо кандайдыр бир жаңы же кайтадан ачылган жагдай соттук катанын бар экендигинин талашсыздыгын далилдесе (14-берененин 6-пункту) мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ишти кайра кароо мүмкүнчүлүгүн болжолдогон Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын жоболоруна шайкеш келген улуттук жазык-процесстик мыйзамдардын ченемдеринде (КЖПКнын 53-главасы) андан аркы өнүгүүсүн алган. Кайтадан ачылган жагдайлардын аныкталгандыгына байланыштуу сот актыларын кайра кароо боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү соттук каталардын мүнөзү менен аныкталат, аларды оңдоо үчүн өндүрүштүн аталган түрү каралган.
Өзүнүн жүйөлөрүн негиздөө менен М.А. Нурматов КЖПКнын 455- беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде 2022-жылдын 7- сентябрында Жогорку соттун соттук коллегиясынын токтому менен анын ишин кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылып, жазык иши КЖПКнын 455- беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 2022-жылдын 18-октябрында Башкы прокуратура тарабынан Жогорку соттун соттук коллегиясына ишти кайтадан ачылган жагдайларга байланыштуу кайра жандандыруу жана Жогорку соттун соттук коллегиясынын 2016-жылдын 28-ноябрындагы токтомун жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч берилген. Бирок бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартылган. Ошол эле учурда арыз ээси ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2- пунктуна негизделгендигин белгилейт, сот анын негизинде гана жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтү карап чыгып, соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу же ишти кыскартуу жөнүндө чечим чыгара алат. Ал эми көрсөтүлгөн өтүнүчтө ишти дал кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жана соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө маселе көтөрүлгөн. Ушуга байланыштуу кайрылуу субъектиси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 7- февралындагы Чечимине шилтеме жасаган, анда “Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу сот адилеттигин туура жүргүзүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналган – жазык процессинин өз алдынча стадиясы, ал жазык сот өндүрүшүндө жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу каражаттарынын бири катары кызмат кылат» деп белгиленген. Демек, жазык иши боюнча мыйзамдуу күчүнө
кирген сот актысын кайра карап чыгуу жана жазык ишин туура чечүү үчүн маанилүү болгон жагдайлар менен сот маалымдар эместигинин натыйжасында кетирилген соттук катаны оңдоо адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоонун натыйжалуулугунун, ошондой эле сот адилеттигинин калыстыгы жана сот актыларынын туруктуулугу сыяктуу баалуулуктарды колдоонун зарыл шарты болуп саналат. Баяндалгандарды эске алуу менен М.А. Нурматов талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат. Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 2- мартындагы аныктамасы менен М.А. Нурматовдун кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган. 2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна З.Т. Зайнабидиновдун кызыкчылыгын көздөгөн Н.Х. Нурматовдун КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн Конституциянын 58-беренесинин 4- бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Бул өтүнүчтө келтирилген жүйөөлөр М.А. Нурматовдун жүйөлөрүнө окшош. Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 3- апрелиндеги аныктамасы менен Н.Х. Касымовдун кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган. 2023-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Э.К. Курманбековдун КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1- пунктунун Конституциянын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1- бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтөн көрүнүп тургандай, арыз ээси Жогорку сотко ишти кайтадан ачылган жагдайларга байланыштуу кайра жандандыруу жана Жогорку соттун 2018-жылдын 5-мартындагы, 2019-жылдын 2-апрелиндеги токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүчтөр менен кайрылган.
Жогорку сот арыз ээсинин өтүнүчүн канааттандырып, сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн жазык ишин Башкы прокурорго өткөрүп берүүнү токтом кылган. Бирок, Э.К. Курманбековдун пикири боюнча КЖПКнын 451- беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, аныктамасы, токтому жокко чыгарылышы жана жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча иш боюнча өндүрүш кайра башталышы мүмкүн экендигине карабастан, сот КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна шилтеме жасап, өтүнүчтө көрсөтүлгөн Жогорку соттун токтомдорун жокко чыгарган эмес.
Э.К. Курманбеков жогоруда аталган токтомдо сот актыларын жокко
чыгаруу жөнүндө жоболордун жоктугу, ошондой эле мындай актыларды жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу КЖПКнын 455-беренесинин 1- бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Конституциянын 58-беренесинин 4-бөлүгүндө, 61-беренесинин 1-бөлүгүндө бекемделген соттолгон адамдын ишин жогору турган сотто кароого анын конституциялык укугун жана ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугун тикелей чектөө болуп саналат деп эсептейт. Арыз ээсинин өз талаптарын негиздөө үчүн келтирген укуктук жүйөлөрү мурунку кайрылууларда баяндалгандарга окшош. Жогоруда жазылгандардын негизинде Э.К. Курманбеков талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 16-июнундагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. Жогорудагы кайрылуулардагы талаптар өз ара байланышта болгондуктан, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, судья-баяндамачынын 2023-жылдын 5-октябрындагы аныктамасы менен алар боюнча иштер бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген.
Соттук отурумда кайрылуучу тарап өз талаптарын колдоду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов каралып жаткан маселе боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди. Ал, КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, сот ишти жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтү карап чыгып, КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда гана каралгандай кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жана сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгарат, муну менен КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3- пункттарында каралган негиздер боюнча кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра каралышына ар бир адамдын укугун чектегендигин белгилейт. Бирок, КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн жобосуна ылайык, бул жагдайлар соттун ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу үчүн негиз катары каралган эмес. Конституцияда кепилденген соттук коргоонун акыркы натыйжасы болуп саналган адилет чечим чыгаруу, эгерде сот чечимди чыгарууда ал билбеген же же андан көз каранды болбогон объективдүү себептер боюнча билиши мүмкүн болбогон олуттуу жагдайлардын келип чыгышынан улам соттук актыны кайра кароого белгиленген ченемдик укуктук ченемдер менен мүмкүнчүлүк берилбесе, толук жана натыйжалуу деп табылышы мүмкүн эмес. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин өкүлү КЖПКнын 455- беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун Конституциянын 58-беренесинин 4- бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө карама- каршы келбейт деп эсептейт. Мында С.К. Ысыранов КЖПКда жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо тартиби толук жөнгө салынбагандыктан, жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу институтун
өркүндөтүү боюнча чараларды көрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш кылууну максатка ылайыктуу деп эсептейт. Соттук отурумдун жүрүшүндө С.К. Ысыранов талашылып жаткан ченемдин мамлекеттик жана расмий тилдердеги айрым терминдердин аутенттүүлүгү жөнүндө маселени кароодон алып салуу тууралуу жазуу жүзүндөгү өтүнүч киргизген, анткени бүгүнкү күндө колдонуудагы 2023- жылдын 2-августундагы № 151 “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен орун алган карама-каршылыктар четтетилген. Ал, ошондой эле Жогорку Кеңештин кароосундагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору демилгечи – Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан кайра чакыртып алынгандыгын билдирди. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаев талашылып жаткан ченем боюнча төмөнкүдөй көз карашын билдирди. Анын пикири боюнча талашылып жаткан ченем анын конституциялуулугун текшерүүгө муктаж, анткени анда укуктук аныктык принциби сакталган эмес. КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1- пунктунда КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайга гана шилтеме камтылган, ошол эле учурда кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо үчүн башка негиздер да бар. Мындан тышкары, КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн түзүмү да анын маңызын бир түрдүү эмес мааниде түшүнүүгө алып келет, бул Кыргыз
Республикасынын Жогорку сотунун бир түрдүү эмес, карама-каршылыктуу укук колдонуу практикасы менен ырасталат, мында айрым иштер боюнча өкүмдөр жокко чыгарылат, ал эми айрымдары боюнча сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн прокурорго жиберилет. Жогоруда айтылгандардын негизинде А.Т. Молдобаев кайрылуучу тараптын жүйөлөрүн колдойт. Жогорку соттун өкүлү М.Н. Сапиянова каралып жаткан маселе боюнча төмөнкүдөй көз карашын билдирди. Жазык сот өндүрүшүндө жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого укук иш боюнча мурда кабыл алынган же мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары жокко чыгарылууга тийиш болгон негиздер келип чыккан учурда мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын кайра кароо укугу менен тыгыз байланышкан, ал эми иш кайра каралууга жатат. Өзүнүн максаты жана мазмуну боюнча кайра кароо институту процесстин катышуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоонун зарыл шарты катары сот актыларынын адилеттүүлүгүнө кепилдик берүүгө багытталган жана процесстик-укуктун коргоонун бардык башка каражаттары колдонулбаганда же колдонулуп бүткөн учурларда колдонулууга тийиш. Конституцияны жана КЖПКнын ченемдерин сот актыларын жаңы жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо бөлүгүндө түздөн-түз салыштырууда, жалпысынан карама-каршылыктар жок, анткени КЖПКда бул институт каралган.
М.Н. Сапиянова КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна
ылайык, сот ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтү карап чыгып, КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4- пунктунда каралган кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жана сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгара тургандыгын белгилейт.
Ошол эле учурда, КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө кайтадан ачылган жагдайлар катары кызмат кыла турган башка жагдайлар да каралган, бирок алар соттун ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруусу үчүн негиз катары каралган эмес. КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн бул жобосу кайтадан ачылган жагдайлар боюнча иштин кайра каралышына ар бир адамдын укугун КЖПКнын 455-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында каралган негиздер боюнча чектөөгө алып келет. Эгерде сот ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандырса, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра каралган сот актылары жокко чыгарылууга жатат, бирок КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында мындай тартип камтылган эмес. Жогорудагыларды эске алуу менен Жогорку соттун өкүлү КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүн Конституцияга карама-каршы келет деп таанууга негиз бар деп эсептейт. Башкы прокуратуранын өкүлү Т.Э. Карабаев белгилегендей, талашылып жаткан ченем Конституциянын ченемдерине төмөндөгү себептерден улам карама-каршы келбейт. Сот актыларын жокко чыгарбастан сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго өткөрүп берүү боюнча сотко берилген укук адамдын укуктарын бузбайт жана объективдүү себептер менен шартталган. Алсак, мындай түрдөгү өтүнүчтөрдү карап жаткан сот, эгерде аталган жагдайлар КЖПКнын 451-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарына туура келсе, башкача айтканда, алар өкүм, аныктама же соттун токтому менен белгиленсе гана өтүнүчтү канааттандыруу жана сот актысын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Башка учурларда сот мурда чыгарылган өкүмдү, аныктаманы, токтомду тараптардын жүйөлөрүнө гана негизденип жокко чыгара албайт, алар боюнча
жогоруда көрсөтүлгөн процессуалдык актылар жок, ошондуктан мыйзамда мындай учурларда сот кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтөрдү канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алса, иш көрсөтүлгөн жагдайларды текшерүү үчүн соттун чечимин жокко чыгарбастан прокурорго жиберет. Андан ары иш боюнча тиешелүү текшерүү жүргүзүлөт, андан кийин процесстик чечим бекитилген жана кабыл алынган учурларда сот прокурордун сунуштамасынын негизинде соттук актыны жокко чыгарып жана сотко чейинки же сот өндүрүшүн КЖПКнын 456-беренесинде аныкталган тартипте кайра жандандыра алат. Ошону менен бирге ал талашылып жаткан ченемдердин формулировкасында дале укук колдонуу практикасында ача түшүнүүгө алып келген көйгөйлөр бар экендигин белгиледи. Тактап айтканда, проблемалуу маселелер түздөн-түз укук колдонулуучу сот практикасынын тууралыгында жана кайсы бир техникалык каталардын болушунда, алар ишти жаңы жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кароодо сотко тиешелүү чечимди кабыл алууга мүмкүндүк берген жазык- процесстик мыйзамдардын жана Конституциянын башка ченемдери менен компенсацияланышы мүмкүн. Ошентип, С.А. Матцаковдун, Т.А. Алмазбековдун өтүнүчтөрү боюнча
Т.Э. Карабаев КЖПКнын алар талашылып жаткан 455-беренеси, тактап
айтканда, КЖПКнын 451-беренесинин 4-пунктуна шилтеме жасаган 1-бөлүгү 2017-жылдагы ушундай редакцияда бар экендигин белгиледи. Тиешелүү түрдө 2017-2021-жылдары бул ченемди колдонуу жана анын Конституцияга ылайыктуулугу боюнча маселе көтөрүлө элек болчу. Башкача айтканда, калыптанып калган соттук практика бар эле. КЖПКнын 451-беренесинде сот ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого боло турган негиздер так көрсөтүлгөндүктөн, соттор КЖПКнын 451-беренесинин ченемин эске алышы керек.
М.А. Нурматовдун өтүнүчү боюнча Башкы прокуратуранын өкүлү
КЖПКнын 455-беренесинин расмий тилдеги колдонуудагы редакциясында
сот тарабынан кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүч канааттандырылса, сот актысын жокко чыгарбастан, сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго өткөрүп бериши мүмкүн экендиги чагылдырылгандыгын белгиледи. Ошол эле учурда М.А. Нурматовдун өтүнүчүн кароо учуруна карата күчүндө болгон мамлекеттик тилдеги ушундай эле берененин редакциясында Жогорку сотто сотко ишти прокурорго кайтаруу менен бирге соттук чечимдерди жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жиберүүгө мүмкүндүк берген ченем бар болчу. Бул эки башка чечим болуп саналат. Ошентип, Т.Э. Карабаевдин пикири боюнча М.А. Нурматовдун укуктары КЖПКнын белгиленген ченеми менен чектелген эмес, ал сот тарабынан туура эмес чечмеленип, бул категориядагы иштерди кароодо ушундай укук колдонуу практикасына алып келген.
Н.Х. Касымовдун жана Э.К. Курманбековдун өтүнүчтөрүндөгү сот
актыларын жокко чыгарбастан, жазык иштерин прокурорго кайтаруу Конституцияга каршы келет алардын пикири боюнча Т.Э. Карабаев соттун ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кароо мүмкүнчүлүгү мурда прокурордун корутундусу болгондо гана ишке ашырылышы мүмкүн болчу деп эсептейт. КЖПКнын 2017-жылдагы редакциясында ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу үчүн негиздердин бири болуп прокурор тарабынан ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө корутундуну бекиткен күн саналган. Демек, мындай корутундусуз соттор ишти маңызы боюнча карай алган эмес. Бирок, 2021- жылдагы КЖПКны иштеп чыгууда бул ченем алып салынып, кайтадан ачылган жагдайлардын датасы болуп тараптардын биринин кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө сотко өтүнүч берилген күн санала тургандыгы белгиленген. Ушуга байланыштуу учурда, мисалы, жактоочу тарап мындай жагдайлардын бар экендигин тастыктоочу процессуалдык документтер жок эле ушундай түрдөгү өтүнүчтү киргизген практика орун алууда. Мындай процесстик документтер КЖПКнын 451-беренесинин 5- бөлүгүндө чагылдырылган. Эгерде мындай жагдайлар бар болсо, ишти
кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө арызды карап жаткан сот, ал канааттандырылган учурда тергөө ишин уюштуруу жана процесстик чечим кабыл алуу үчүн ишти прокурорго жөнөтөт. Өз кезегинде прокурор өткөрүлгөн тергөө текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча сотко ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүч келтирет, ал аны канааттандырууга жана соттун чечимин жокко чыгарууга же баш тартууга укуктуу. Ошентип, сот актысын жокко чыгарбастан, ишти прокурорго кайтаруу Конституцияны бузбайт, анткени бул соттук иш боюнча акыркы чечимди акыр аягында сот чыгарат. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү М.С. Бегимбаева арыз ээлеринин жүйөлөрүн колдоп, төмөндөгүдөй пикирин билдирди. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча иштерди кайра жандандыруу – жазык ишин кароодо кетирилген соттук каталарды аныктоонун жана жоюунун өзгөчө процесстик тартиби бар жазык процессинин өзгөчө стадияларынын бири болуп саналат, мында ишти маңызы боюнча чечүүдө сот анын корутундусуна таасир этиши мүмкүн болгон жагдайлар жөнүндө билген эместиги же алар иш чечилгенден кийин пайда болгондугу менен байланыштуу. Ишти жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу институту Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга ылайык түзүлгөн, ага ылайык соттун акыркы чечимдерин кайра кароо, эгерде кандайдыр бир жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар соттук катанын бар экендигин так далилдесе жүргүзүлүүгө тийиш.
М.С. Бегимбаева КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда
сот ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтү карап чыгып, 451-статьянын 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда гана каралган кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө чечим чыгара тургандыгын жана сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго өткөрүп бере
тургандыгын, муну менен ар бир адамдын ишти кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо укугун КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында каралган негиздер боюнча чектей тургандыгын белгилейт Ушуга байланыштуу М.С. Бегимбаева КЖПКнын 455-беренесинин 1- бөлүгүнүн 1-пункту Конституциянын жоболоруна шайкеш келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын пикирлерин угуп, иштин материалдарын иликтеп чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө»
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кароо предмети болуп КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн төмөнкүдөй редакцияда баяндалган ченемдик жобосу саналат: «455-берене. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү кароочу соттун чечими
1. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо
жөнүндө өтүнүчтү карап, сот төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) ушул Кодекстин 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган
кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруу жана сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго өткөрүп берүү тууралуу;
2) жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү
канааттандыруу жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу же ишти кыскартуу жөнүндө;
3) жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо
жөнүңдө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө». 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынып, «Эркин-Тоо» гезитинин 2021-жылдын 16-ноябрындагы № 122-123 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адам укуктарын жана
эркиндиктерин эң жогорку баалуулуктар деп жарыялайт. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт. (Конституциянын 23-беренесинин 1- бөлүгү). Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин таануу, сактоо жана коргоо мамлекеттин милдетти деп конституциялык деңгээлде жарыялоо менен Кыргыз Республикасы мамлекеттин бардык башка баалуулуктарынан жалпы адамзаттык кызыкчылыктардын артыкчылыктуулугун тааныган. Мамлекет, мамлекеттик бийлик органдары жана кызмат адамдары тарабынан бул милдеттин аткарылышы жалпы адамзаттык баалуулуктарды ишке ашырууну жана натыйжалуу коргоону камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан юридикалык механизмдердин, жол-жоболордун жана кепилдиктердин системасын түзүүнү болжолдойт, мында Конституцияда жарыяланган укуктар менен реалдуу байланыш зарыл. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуунун мамлекеттик-укуктук механизминде соттук коргоо укугун ишке ашыруу өзөктүү элемент болуп саналат, андан Баш Мыйзамда кепилденген бардык башка укуктар менен эркиндиктердин аныктыгы көз каранды. Сотко кайрылуу менен бузулган укуктарды реалдуу калыбына келтирүү мыйзамда белгиленген критерийлерге ылайык мүмкүн болот, алар ченемдик түрдө
конкреттүү бир иш кайсы сотто жана кандай тартипте каралаарын алдын ала аныктайт, бул процесстин катышуучуларына, ошондой эле башка кызыкдар тараптарга бул маселедеги юридикалык белгисиздиктен оолак болууга мүмкүнчүлүк берет. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун башка механизмдеринин арасында соттук коргоонун жогорку натыйжалуулугу сот бийлигинин өзгөчөлүктөрү менен шартталган. Өзүнүн бийик максатына байланыштуу сот өзгөчө бийликтин алып жүрүүчүсү болуп саналат жана мамлекеттик бийликтин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бир дагы органы ээ болбогон бийликтик-тескөөчү ыйгарым укуктарга ээ. Мамлекеттин атынан чыгып, анын атынан иш алып баруу менен сот өзүнүн эркине баш ийдирүү жана белгилүү иш-аракеттерди жасоого же тиешелүү жүрүм-турумду карманууга мажбурлоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери, ошондой эле мыйзамдуу тескемелери, талаптары, тапшырмалары жалпысынан бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана кынтыксыз аткарылууга тийиш. Соттун чечимин аткарбоо тартип бузуучулар үчүн жоопкерчиликтин ар кандай түрлөрүнө алып келет. Ошентип, мамлекеттик институттардын функцияларынын арасында сот адилеттигин ишке ашыруу борбордук орунду ээлейт жана анын аркасында мамлекеттик бийликтин табияты укуктук жана болжолдуу мүнөзгө ээ болот. Бирок, сотторду абсолюттуу жакшы иштеген, катасыз механизм катары кароого болбойт жана болбошу керек. Соттун ишиндеги каталар ишке катышуучу адамдардын иш жүзүндөгү өз ара мамилелерин тактоодогу кыйынчылыктардан да, укук колдонуу көйгөйлөрү менен да шартталышы мүмкүн. Ар бир кетирилген сот катасы мамлекеттин жана бүтүндөй коомдун кызыкчылыгына терс таасирин тийгизип, иштерди кароонун жана чечүүнүн сапатына таасирин тийгизет, сот адилеттигинин максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылат. Ошол эле учурда сот өндүрүшүндө жол берилген бузуулар
жалаң укуктук каражаттар жана белгиленген процесстик тартипте сот тарабынан гана жоюлат. Мамлекет жаңылыш сот актыларынан жабыр тарткан адамдардын укуктарынын бузулушун четтетүүгө көмөктөшүүгө, аларга мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай ыкмалар менен өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргонуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Келечекте укуктарды калыбына келтирүү мүмкүн болбой турган шарттарды түзүү мамлекеттин жана анын органдарынын өзүнүн конституциялык милдеттерин аткарбагандыгы катары каралууга тийиш. Мындай учурда адамдын жана жарандын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун жана калыбына келтирүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу болуп, тигил же бул формада (сот өндүрүшүнүн ар бир түрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен) мамлекет тарабынан камсыз кылынууга тийиш болгон, мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын да, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жогору турган сот тарабынан кайра кароо мүмкүнчүлүгү саналат. Ошентип, сот системасында апелляциялык жана кассациялык инстанциялардан, ошондой эле жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча иштерди кайра жандандыруу институтунан турган каталарды аныктоонун жана оңдоонун кеңири инфраструктурасы каралган. Адамдын жана жарандын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын соттун жаңылыш чечимдеринен коргоону камтыган ишти жогору турган сот тарабынан кайра кароо укугу соттук коргоо укугунун ажырагыс компоненти болуп саналат. Ошентип, сот адилеттигин жүргүзүүдө кетирилген каталарды оңдоо сот тутумунун калыстыгын жана натыйжалуулугун камсыздоонун, сот адилеттигине болгон ишенимди бекемдөөнүн, демек, мыйзамды сыйлоонун маанилүү аспектиси болуп саналат.
3. Ошону менен бирге сот бийлигин ишке ашыруунун жыйынтыктоочу
актысы катары мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими аны башка укук колдонуу актыларынан айырмалоочу касиеттерге ээ. Соттук чечимдин
мыйзамдуу күчүнүн доктринасы латынча res judicata деген латын термини менен аталат. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими милдеттүүлүк, өзгөчөлүк, төгүндөлбөстүк, аткарылууга жөндөмдүүлүк жана преюдициалдуулук касиеттерге ээ. Бирок, преюдицияны бузулган укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүү максатында кайтадан ачылган жагдайлардан улам кайра кароо менен жоюуга болот. Конституциялык көзөмөл органы мурда белгилегендей, иштерди кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо институтунун маңызы – ишти кароодо сот тарабынан аныкталган жагдайларды, иштин жыйынтыгына олуттуу таасир эте турган жаңы ачылган жагдайларды эске алуу менен укуктук жактан кайра баалоодо турат. Анын үстүнө, мындай жагдайлардын юридикалык мааниси ушунчалык жогору болгондуктан, ал кызыкдар тарапка мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин мыйзамдуулугуна, негиздүүлүгүнө жана адилеттүүлүгүнө күмөн саноого мүмкүндүк берет. Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүш – мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнүн формаларынын бири болуп саналат. Бул институттун негизги максаты кайтадан ачылган жагдайлардын өңүтүндө сот тарабынан чыгарылган актынын тууралыгын текшерүү жана ал мыйзамсыз же негизсиз болгон учурда аны жокко чыгаруу болуп саналат. Акыр-аягында жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра карап чыгуу объективдүү чындык принцибин толук ишке ашыруунун каражаты катары кызмат кылат. Бул институт өзүнүн арналышы жана мазмуну боюнча процесстик жана укуктук коргоонун бардык башка каражаттары түгөнгөндө колдонулат, ал адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоонун зарыл шарты катары сот актыларынын адилеттүүлүгүн кепилдөөгө, ошондой эле сот актыларынын адилеттүүлүгү жана туруктуулугу сыяктуу баалуулуктардын тең салмактуулугун колдоого багытталган. (Кыргыз
Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014- жылдын 31-январындагы чечими, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 14-июнундагы чечими). Кылмыш-жаза процессуалдык кодекс калыс сот адилеттигине болгон укуктун курамдык бөлүгү катары жаңылыш сот актыларын ушундай оңдоо мүмкүнчүлүгүн караштырса да, укуктук аныктык принцибин эске алуу менен буга жол берилүүчү чектерди белгилейт. Алсак, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароого КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө саналып өткөн белгилүү бир негиздер болгондо жол берилет. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин аталган ченеми кайтадан ачылган жагдайлар деп төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) мыйзамсыз же негизсиз өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууга
алып келген, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген жабырлануучунун же күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн, эксперттин корутундусунун атайылап жалган берилиши, ошого тете эле буюм далилдеринин, тергөө жана сот аракеттеринин протоколдорунун жана башка документтердин жасалмаланышы же котормонун атайын туура эмес которулушу;
2) мыйзамсыз жана негизсиз өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууга
алып келген, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин, тергөөчүнүн же прокурордун кылмыштуу аракеттери;
3) ушул ишти кароодо ал тарабынан жасалган, соттун мыйзамдуу күчүнө
кирген өкүмү менен белгиленген судьянын кылмыштуу аракеттери;
4) өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарууда сотко белгисиз болгон, өз
алдынча алганда жана мурда аныкталган жагдайлар менен кошо алганда соттолгондун күнөөсүздүгү жөнүндө же ал соттолгон кылмыштын оордугунун даражасы боюнча башка кылмыш жасагандыгы жөнүндө же болбосо акталган адамдын же иши кыскартылган адамдын күнөөлүүлүгүн күбөлөндүргөн жагдайлар.
Ошону менен бирге КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1- пунктунун колдонулушу КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4- пунктунда каралган негиз боюнча гана иш боюнча өндүрүштү кайра жандандырууну жана жагдайларды сотко чейинки текшерүүнү уюштуруу үчүн ишти прокурорго өткөрүп берүүнү карайт. Соттордун башка негиздер боюнча өндүрүштү кайра жандандыруудан баш тартууга укугу жок экендиги айкын, анткени көрсөтүлгөн негизде гана өндүрүштү кайра баштоо соттук коргоо укугун чектөө катары бааланат. Соттук коргоого болгон укукту ишке ашыруунун маанилүү курамдык бөлүгү болуп соттук коргоого жетүү саналгандыктан, ал өз кезегинде мамлекет тарабынан эч кандай чектөөлөрсүз бузулган укуктарды адилеттүү калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү уюштуруучулук жана процессуалдык шарттарды түзүүнү болжолдойт. Кайрадан ачылган жагдайлар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра карап чыгуу боюнча өндүрүш кайтадан ачылган жагдайдын бар экендигин таанууга байланыштуу мурда жасалган сот актысын жокко чыгаруунун натыйжасында жүргүзүлүүчү соттук териштирүү болуп саналарын эске алып, кайтадан ачылган жагдайлар катары каралган юридикалык фактыларга баа берүү жана аларды сотко чейинки текшерүүнүн зарылчылыгы бар же жок экендиги менен байланыштуу маселени сот гана өз кароосу боюнча чечүүгө укуктуу экендигин белгилей кетүү керек. Башкача айтканда, сот актыларын кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды кароо кайра кароо болуп саналбайт, анткени биринчи этапта сот актысы каралбастан, кайра кароо үчүн фактылык негиздин бар же жок экендиги гана белгиленет жана бул процессуалдык чара соттун гана артыкчылыктуу укугу болуп саналат. Ошентип, өндүрүштүн белгиленген стадиясы эки чакан этаптан турат: 1) кайтадан ачылган жагдайды аныктоо жана мурда кабыл алынган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын жокко чыгаруу; 2) ишти кайтадан ачылган жагдайларды эске алуу менен кайра кароо жана жаңы сот актысын чыгаруу.
Баяндалгандарды эске алуу менен, КЖПКнын 455-беренесинин 1- бөлүгүндө КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында каралган башка негиздер боюнча өндүрүштү кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун ченем жаратуу технологиясынын талаптарын бузуунун натыйжасы болуп саналарын белгилеп кетүү керек, мында талашылып жаткан ченемде көрсөтүлгөн пункттарга талап кылынган шилтеме алардын мазмунун жана мазмундуу жүгүн эске алуу менен колдонулган эмес. Натыйжада, мыйзам чыгаруучу тарабынан талашылып жаткан ченемде концептуалдык мүнөздөгү калтырууга жол берилген, муну менен биринчиден, КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча соттун сот адилеттигин жүзөгө ашыруудагы конституциялык функцияларын ишке ашыруу, тактап айтканда, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, ишти жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү боюнча ыйгарым укуктарын чектеген, экинчиден жазык иштери боюнча адилетсиз сот актылары менен жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын соттук коргоого конституциялык укугун чектеген. Башкача айтканда, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу маселесин колдонуудагы укуктук жөнгө салуу кайтадан ачылган жагдайлардын бардык спектрин камтууга мүмкүндүк бербейт, натыйжада жазык иштери боюнча адилетсиз чечимдер менен жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүнүн процессуалдык мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Ошентип, сот ишти соттук отурумда изилденген кайтадан ачылган жагдайлардын негизинде алардын каралып жаткан ишке тиешелүүлүгү предмети боюнча чечүүдө өкүмдү, аныктаманы, токтомду жокко чыгаруу укугунан пайдаланып, өндүрүштү КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бардык негиздер боюнча кайра жандандырууга укугу болушу керек. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5-
бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
455-беренесинин 1-бөлүгү кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо, соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти кыскартуу, ишти жаңы соттук териштирүүгө өткөрүп берүү боюнча соттун ыйгарым укуктарын чектеген даражада Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети колдонуудагы
укуктук жөнгө салууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү демилгелесин.
3. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
455-беренесинин 1-бөлүгү ушул Чечимге ылайык келтирилгенге чейин кайтадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү сот тарабынан кайра баштоо Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 451-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бардык негиздер боюнча, өкүмдү, аныктаманы, токтомду жокко чыгаруу, ишти кыскартуу, жаңы соттук териштирүү үчүн ишти сотко өткөрүп берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 31, 456-беренелерине ылайык жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
6. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 0
References (3)
- Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Закон «О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики»Закон · 02.08.2023 · № 151