Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
This document has been repealed
This document is marked as «Утратил силу» in the registry. Do not cite it in current documents without checking the current edition. The current edition is dated 2025-09-10.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 73 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 6-майы №110 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келтирүү, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруусун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, 10-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-беренесиндеги "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөр "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-беренесиндеги 2-абзац алып салынсын;
- 13-беренесиндеги 3-абзацындагы "ашык" деген сөз алып салынсын;
- 13-беренесиндеги 4-абзац алып салынсын;
- 18-берене төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде түзүлгөн жумушчу топтордун жетекчилери болуп дайындалган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашуусу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган шайлоо процесстин субъектилерине Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий бланкында каттарга өз колдорун коюп жөнөтүүгө укуктуу";
- 34-беренесинин 2-абзацындагы "төмөн турган шайлоо комиссияларын таркатуу" деген сөздөр ", Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын, төрагасынын орун басарларын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 43-берене төмөнкү мазмундагы 5-абзац менен толукталсын:
"Баш ийген жана башка мекемелерге, жарандарга жиберилүүчү документтерге түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери компетенцияларына ылайык кол коюуга укуктуу".
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 2 · related 3
Cited by (2)
- Постановление центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР РЕГЛАМЕНТ Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской РеспубликиПостановление · 13.07.2011 · № 16
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү…Постановление · 10.09.2025 · № 73 · No longer in force
References (1)
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О нормативных правовых актах Кыргызской Республики»Закон · 20.07.2009 · № 241
- Закон «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики»Закон · 30.06.2011 · № 62
- Постановление центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 13 июля 2011 года № 16 "О Регламенте Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов…Постановление · 13.07.2011 · № 16