Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 2-сентябры № 198 2020-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобонун 3-бөлүгүнүн 3.5-пункттарын жетекчиликке алып (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-октябрындагы № 493 токтомунун редакциясында) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун үлгүдөгү күбөлүгү бекитилсин (№ 1, 2, 3-тиркеме).
2. Эл аралык кызматташтык департаменти жана Пландоо, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук департаменти аккредитациялоого берилген арыздарга ылайык эл аралык байкоочунун күбөлүгүн даярдоону уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 2
References (2)
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 9 ноября 2016 года № 197 "Об утверждении Положения "О порядке деятельности, статусе и полномочиях…Постановление · 09.11.2016 · № 197
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 4 октября 2017 года № 493 "О внесении изменений в положение "О порядке деятельности, статусе и…Постановление · 04.10.2017 · № 493
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68 "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Закон «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики»Закон · 30.06.2011 · № 62