Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз XII (он экинчи) сессиясынын «Ысык-Ата айыл аймагындагы жер участокторун которуу жөнүндө» токтому
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз XII (он экинчи) сессиясы
2022-жылдын 18-августу № 76/XII-28
Ысык-Ата айыл аймагындагы жер участокторун которуу жөнүндө Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан аянты 1,95 га болгон «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындагы жер тилкесин которуу жөнүндөгү дайындалган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу жобосунун жана Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 18 беренелерине ылайык, Ысык-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын №282 контурунда жайгашкан аянты 0,345 га, №348 контурунда жайгашкан аянты 0,343 га, №347 контурунда жайгашкан 0,20 га жана №350 контурунда жайгашкан 1,066 га болгон «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясындыгы «жайыттар» түрүндөгү жалпы аянты 1,95 га болгон жер тилкесин, «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан, «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына, кичи ГЭС куруу максатында которууга макулдук берилсин.
2. Бул буйрук Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүго жөнөтүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын Ысык-Ата айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага
Ж.Бейшекеев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 3
References (1)
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · No longer in force
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force