Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Баткен шаардык кеңешинин «Баткен шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2022-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун отчётун угуу жөнүндө» Токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы 2023-жылдын 30-январы № 2 Баткен шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2022-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун отчётун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-берененин 6-пунктуна, Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялардын биргелешкен кортундуларына ылайыкБаткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын 2022-жыл ичинде аткарылышына Баткен шаарынын мэри И.А.Буркановдун отчёту канааттандыраарлык экендиги белгиленсин. (отчёту тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий баракчасы аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын №01-11/2 токтомуна №1 тиркеме
Баткен шаары боюнча социалдык-маданий өнүктүрүү тармагы боюнча 2022-
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ БАТКЕН ОБЛУСУ БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
Баткен шаарынын социалдык маданий өнүгүү секторунун 2022-жылдын 12 айдын жыйынтыгы боюнча маалыматы
Негиз:1. Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” ПЖ№1 Жарлыгы;
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” ПЖ № 4 жарлыгын;
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” ПЖ№23 Жарлыгы;
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө” ПЖ№412 Жарлыгы;
5.Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 13-декабрындагы “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” ПЖ № 561 Жарлыгы;
6.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгы;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” №510 токтому;
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө” №227 токтому;9. Кыргыз Республикасынынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кайрылман" программасын бекитүү жөнүндө” №518 токтому;
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепсиясы жөнүндө” ПЖ № 39 Жарлыгы.
Баткен шаары 2022-ж.
жылдын 12 айдын жыйынтыгына карата маалымат. Билим берүү: Баткен шаарынын аймагында 7 орто мектеп, 1 гимназия мектеп-интернаты, 2 башталгыч мектеп, 5 мамлекеттик мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери, 1 Кесиптик лицей, өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет. Мындан сырткары 4 жеке менчик башталгыч мектеби жана 6 жеке менчик балдар бакчасы бар. Бул билим берүү мекемелеринде 2021-2022- окуу жылында жалпы мамлекеттик жана жеке менчик болуп 23 билим берүү мекемелеринде 9170 окуучуга 547 мугалим билим-тарбия берүүдө.
Аталышы
Мектеп жана бала бакчалардын саны
Мугалим жана тарбиячылардын саны
Окуучунун жана нарителердин саны
2021
2022
(+/-)
2021
2022
(+/-)
2021
2022
%
(+/-)
Мектептер
Мамл. орто мектептер
6
7
-
338
351
13
6442
6414
99,7
28
Мамл. башт.мектептер
2
2
-
14
15
1
118
108
91,5
-10
Гимназия жатак мектеби
1
1
-
38
42
4
422
411
97,4
-10
№57 Кесиптик лицейи
1
1
-
27
30
3
221
233
105,4
12
Менчик башт. мектептер
3
4
0
38
41
3
582
521
89,5
-61
Бардыгы
13
14
0
464
494
33
7785
7687
98,7
-98
Бала бакчалар
Мамл. балдар бакчалары
4
6
1
44
56
10
1132
1287
113,7
155
Менчик балдар бакчалары
6
6
-1
12
12
0
173
196
113,3
23
Бардыгы
10
12
0
50
53
3
1305
1483
213,6
178
Жалпы
23
26
0
514
547
36
9090
9170
100,9
80
Аткарылган иш чаралар
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз-Швед математика мектеби тарабынан 2022-жылдын 5-январында өткөрүлгөн Республикалык математикалык олимпиданын жыйынтыктоочу турунда Баткен областтык-гимназия-жатак мектебинин 9-классынын окуучусу Курбанбекова Алиенора байгелүү 3-орунду камсыз кылды. Анын негизинде, даярдаган мугалими Султанов Алмазга мэрия тарабынан 15 000 сомдук материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Мектеп окуучуларынын областтык предметтик олимпиадасы Кадамжай шаарындагы “Семетей” лицейинин базасында 2022-жылдын 25-26-февраль күндөрү өткөрүлдү. Олимпиаданын жыйынтыгында 1-орунду 6 окуучу, 2-орунду 6 окуучу, 3-орунду 4 окуучу ээлеп, жалпысынан 16 окуучу байгелүү орундарды камсыз кылышты. Окуучулары байгелүү орундарды камсыз кылган мугалимдерге жана ийгилик жараткан мектеп директорлоруна мэрия тарабынан 137 000 сомдук акчалай колдоо көрсөтүлдү. Ал эми 2022-жылдын 23-24-март күндөрү Бишкек шаарында өткөн олимпиаданын республикалык этабында физика предмети боюнча 11-класстын окуучусу Умар уулу Асан 2-орунду камсыз кылган. Мэрия тарабынан 10 000 сомдук акчалай колдоо көрсөтүлдү. Шаардын окуучулары арасында “Илим жана техника” боюнча сынактын облустук турдун жыйынтыгы менен мыкты даярданган Ж.Бөкөнбаев мектебинин 9-а классынын окуучусу Арапов Эрмек, 5-в классынын окуучусу Атаханов Мардан, Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин 8”г”- классынын окуучусу Рысбаев Алишер жеңүүчү деп табылып, республикалык этабына катышып келишти. Бул сынактын шаардык этабы 2022-жылдын 26-январында №3 орто мектебинде өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 16-майындагы №908/1 буйругуна ылайык мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн "Алтын тамга" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы 31-май күнү өткөрүлдү. Өзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга 2232 бүтүрүүчү талапкер болуп, тесттин жыйынтыгы менен республика боюнча 80 талапкер артыкчылык үлгүдөгү аттестат алуу укугун тастыктаган. Баткен шаарынан Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү Кумарбек кызы Жасмина, Азимов Алмазбек, Саитбурканов Ырыскелдилер "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына ээ болушту. Шаардык мэрия тарабынан “Алтын Тамга” артыкчылык аттестатын алган Баткен облустук гимназия-жатак- мектебинин 3 бүтүрүүчүсүнө 5000 сомдон жалпы 15 000 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды. “Манас таануу” кароо сынагы 1-февралда өткөрүлдү. Ага шаардан 7 команда катышты. 1-орунду гимназия мектеби, 2-орунду В.И.Ленин, 3-орунду гимназия мектеби ээлешти. "Манас таануу" интеллектуалдык таймашынын республикалык туруна Баткен шаарынан мектептин "Аян" тобу катышып, 31 команданын ичинен байгелүү 4-орунду камсыз кылышты. Баткен шаарындагы билим берүү мекемелеринде 2021-жылдын 24-ноябрында “Мектеп лигасы боюнча” Футбол, волейбол, баскетбол боюнча шаардык туру өткөрүлдү. 2022-жылдын 3-мартында Алтын-Бешик балдар бакчасынын базасында “2022-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо сынагынын шаардык туру өткөрүлүп, ага 5 тарбиячы катышып, жайынтыгында жеңүүчүлөргө билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитети тарабынан 7 000 сомдук белектер берилди. 2022-жылдын 20-майында билим берүү кызматкерлеринин арасында волейбол, футбол, тогуз коргоол, шахмат боюнча спартакиада өткөрүлдү. Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитети тарабынан 21000 сомдук акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер берилди. 2022-жылдын март айында В.И.Ленин атындагы орто мектептин окуучулары Бишкек шаарындагы улуттук музейге жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине барып келишти. Ошондой эле алар КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Ражабалиев Нурланбек, Айжигитов Султанбай жана Айдарова Айгүл менен жолугушту. Экскурсия, В.И.Ленин атындагы орто мектебинин тарых мугалими Сапарова Жыпаргүл тарабынан демилгеленген. Ошондой эле окуучулар Бишкекте жашаган баткендик жеке ишкер Айтпай Надыров менен да жолугушту. Жолугушууда жеке ишкер Надыров Айтпай бизнес жүргүзүү, ишкердик жасоо тууралуу ой бөлүшүп, окуучуларга мотивация берди. 2022-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында өткөрүлгөн КРнын биринчилигинде Баткен шаарынын окуучулары Жамалов Мирланбек 41 кг - 1-орун А.Имаров-Кызыл Топу а.о.м., Рахматов Азретали 61 кг – 1-орун Баткен обл.гимназия-жатак мектеби, Топчиев Майрамбек 55 кг – 1-орун А.Имаров-Кызыл Топу а.о.м., Тажидинов Мухамед 67 кг – 1-орун А.Имаров-Кызыл Топу а.о.м., Аззамов Исабек 89 кг – 1-орун А.Имаров-Кызыл Топу а.о.м., Кубатбеков Нурдастан 96 кг – 2-орун Ж.Бөкөнбаев а.о.м. камсыз кылышты. 2022-жылдын 19-апрель күнү В.И.Ленин атындагы орто мектептин базасында "ЖЫЛ МУГАЛИМИ-2022" кароо сынагынын шаардык туру өткөрүлүп, сынактын катышуучулары 6 критерий боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында I орунду Максытова Айнура ээлеп, 1-даражадагы диплом жана кир жуугуч машина менен, II орунду Усманова Санавархан ээлеп, 2-даражадагы диплом жана шаардык профсоюз комитетинин Жалал-Абад санаториясына 10 күндүк жолдомо сертификаты менен, III орунду Рахматилла кызы Айзирек камсыз кылып, 3-даражадагы диплом жана микротолкундуу электр меши менен сыйланышты. Сынакка активдүү катышып, педагогикалык чеберчиликтерин көрсөткөн мугалимдерге шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы жана баалуу белектер да тапшырылды. Аталган сынактын облустук турунда Баткен областтык гимназия- жатак мектебинин физика мугалими Максытова Айнура 1-орунду ээледи. КРнын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсанды руханий жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана 2022-жылдын 31-январындагы №17 “2022-жылды Тоо экосистемаларын жана климаттын туруктуулугун коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыктарына ылайык билим берүү мекемелеринде “Жашыл-Мурас” улуттук өнөктүгүнүн жана жалпы республикалык “Бир окуучу – бир көчөт” акциясынын алкагында окуучулар алма, алча, өрүк, көп жылдык гүлдөрдүн уруктарын жана көчөттөрун алып келип отургузушту. Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин 10-г классынын окуучусу Эшбаева Нуршат, 9-г классынын окуучусу Матисаева Айана, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Тажиева Камилалар “FLEX 2022-2023 программасынын” жеңүүчүлөрү болуп табылып, алдыда Америкага барып окуп келүү мүмкүнчүлүктөрү турат. Баткен шаарынын аймагындагы бардык билим берүү мекемелерине 2022-жылдын 11-апрелинен баштап 2022-2023-окуу жылына карата балдарды 1-класска кабыл алуу 2022-жылдын 19-январындагы №44/1 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык система жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлүүдө. 17-май күнү Баткен шаарындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин "Светофор" командасы "Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү" конкурсунун областтык турунда 1-орунду багындырып Республикалык кароо-сынакка жолдомо алышты. Баткен облусунун окуучулары үчүн уюштурулган "Окурман окуучу" конкурсуна шаардын окуучулары да активдүү катышып, 2022-жылдын 20-май күнү жыйынтыгы чыгарылып, анда гимназия мектебинин окуучулары баш байгени "Дубайга жолдомо" жана 6 байгелүү орундарды ээлешти. Активдүү катышкан шаардык мугалимдер да белектер менен сыйланышты. 24-майда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин көчмө коллегиясында гимназия мектебинин химия-биология мугалими Эралиева Мавлюда Камаловна билим берүүдөгү көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси жана Өрүкзар балдар бакчасынын тарбиячысы Камчиева Каныгүл Ардак грамотасы менен сыйланышты. Баткен шаардык билим берүү бөлүмү Баткен шаарынын Мэриясынын 2022-жылдын 17-майындагы №113 тескемесин аткаруу алып, график боюнча мектептерде 9-11-класстардын окуучуларына ата-энелерине Баткен ШБББнүн кызматкерлеринин, ар тармактын өкүлдөрүнүн катышуусунда чогулуштар өткөрүлдү. Чогулушта балдарга карата болгон зордук-зомбулук, “Акыркы коңгуроо” майрамын өткөрүү, мыйзамсыз акча чогултпоо, жайкы эс алууда балдардын өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугу боюнча маселелер каралып, окуучулар, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Балдарды жайкы эс алууга кетирүүнүн алдында коопсуздук боюнча класстык сааттарды өткөрүп, кол койдуруу, ата-энелеринен тил кат алуу жагы эскертилди. Баткен шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 13-майындагы №219 токтомун, 2022-жылдын 17-майындагы №115 буйругун аткарууга алып, шаардын аймагындагы билим берүү мекмелериндеги окуп жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына моралдык жана материалдык жактан колдоо максатында билим берүү мекемелеринде 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнү өткөрүлүп, балдарга майрамдык маанай тартууланды. Шаардагы 5 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде чакан концерттик программалар уюштурулуп, ата-энелердин, тарбиячылардын демөөрчүлүгү астында атайын мамалактар келип, балдар менен кошо бийлеп, көңүлдүү маанай тартуулашты. Майрамдын урматына ата-энелер, Кызыл жарым ай коому, Мэрия тарабынан берилген шириндиктер, оюнчуктар, балмуздактар жана токочтор жаш өзгөчөлүгү эске алынып балдарга таркатылды. Октябрь кино театрынын кызматкери балдар үчүн өз эсебинен 1 сааттык мультфильм коюп берди.
Баткен шаардык билим берүү бөлүмү Баткен шаарынын Мэриясынын 2022-жылдын 17-майындагы №113 тескемесин аткаруу алып, график боюнча мектептерде 9-11-класстардын окуучуларына ата-энелерине Баткен ШБББнүн кызматкерлеринин, ар тармактын өкүлдөрүнүн катышуусунда чогулуштар өткөрүлдү. Чогулушта балдарга карата болгон зордук-зомбулук, “Акыркы коңгуроо” майрамын өткөрүү, мыйзамсыз акча чогултпоо, жайкы эс алууда балдардын өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугу боюнча маселелер каралып, окуучулар, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Балдарды жайкы эс алууга кетирүүнүн алдында коопсуздук боюнча класстык сааттарды өткөрүп, кол койдуруу, ата-энелеринен тил кат алуу жагы эскертилди. Баткен шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 13-майындагы №219 токтомун жана 2022-жылдын 17-майындагы №115 буйругун аткарууга алып, шаардын аймагындагы билим берүү мекмелериндеги окуп жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына моралдык жана материалдык жактан колдоо максатында билим берүү мекемелеринде 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнү өткөрүлүп, балдарга майрамдык маанай тартууланды. Баткен шаардык билим берүү бөлүмү, Баткен шаардык ички иштер бөлүмү жана Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте 2022-жылдын ноябрь-декабрь айларында Баткен шаарынын мэриясынын “Зордук зомбулуксуз 16 кун” тескемеси кабыл алынып, ар кандай акция, жөө жүрүш, мектептерде лекциялар, отурумдар дагы башка ар түрдүу иш-чаралар уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Баткен областтык гимназия жатак мектебинин география мугалими Момунов Султан 2022-жылдын 24-30-июнунда республикалык туристик жана край таануу слетуна 7-класстын 8 окуучусу менен катышып, байгелүү 2-орунду камсыз кылып келишти. Ал сынактын максаты- тоо экосистемасын сактоо . Кыргыз Республикасынын Президентинин “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө №4 жарлыгын ишке ашыруу максатында шаардын аймагындагы билим берүү мекемелеринин социалдык педагогдору тарабынан изилдөөлөр жүргүзүлүп ата-энелери миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдүн балдары менен жакындан иш алып барылды. Мигрант үй бүлөнүн балдарына жакындан моралдык колдоо көрсөтүү боюнча жекече иштер жургузүлду. Зордук зомбулуктун алдын алуу, Миграцияда жургөн ата энелердин балдарына колдоо көрсөтуу максатында “Зомбулукту биргеликте токтотуу” деген темада Сахналык көрүнүштөр көрсөтүлүп, видеороликтердин конкурсу уюуштурулду. Бул боюнча сандык көрсөткүчтөрү Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери бонча маалыматтар берилип келет. Кыргыз Республикасынын Республикасынын Президентинин 2021-жылдагы “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсун өнуктуруу жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнундө” 23 жарлыгын ишке ашыруу максатында Жалпы мектептерде биринчи кезекте мектеп имаратына кирүү үчүн эшиктин алдына дезинфекциялык каражаттар уюштурулуп, кол жууганга жагдайга жараша шарт түзүлдү. Андан сырткары мугалимдердин, кызматкерлердин жана окуучулардын учурдагы абалга байланыштуу, дене табын өлчөп киргизүү үчүн, жооптуу нөөмөтчүлөрдүн графиктери түзүлүп, мектеп директорлору тарабынан бекитилген. Ар кандай жугуштуу ооруулардын алдын алуу жана анын, жайылуусуна бөгөт коюу максатында, мектептин мугалимдерине, окуучуларына, ата-энелерине, кызматкелерине жеткиликтүү иштер жүргүзүлүүдө. Жумушка, окууга келген жарандардын дене табын өлчөө, аларды каттоо журналы түзүлүп, тыгыз иш алынып барылууда. Ошондой эле билим берүү уюмдарында “Ден соолук адам көркү”, “Тазалык өмүргө гүл азык”, “Ден соолукка зыян келитирүүчү, тамеки, ичимдик жана насвай кесепеттери”, “СПИД 21 кылым чумасы” деген темаларда тарбиялык сабактар өтүлдү. “Спорт ден соолуктун булагы” деген темаларда мектептерде спорттун түрлөрү боюнча мелдештер ай сайын өткөрүлүп турат. Сергек жашоого тарбиялоо боюнча окуучулардын санитардык — гигиеналык эрежелерин сакталышы боюнча мектептерде ар бир кабинетте ден соолук бурчу уюшулган. Баткен МЧББМда массалуу түрдө жугуштуу оорулардын козголуп, жана көбөйүп кетүүсү катталган эмес. Жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча мекеменин мед. айымдары тарабынан “Гепатит В.С ооруларын алдын алуу”, “Балдар арасында туура кол жууну жана өздүк гигиенанын талаптарын үйрөтүү” окутуу семинарын өттү. Кыргыз республикасынын Президентинин 2021-жылдын “2021-2026-жылдарга Кыргыз республикасынын диний чөйрөдөгу мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнундө”№412 жарлыгы боюнча Областтык казыяттын кызматкерлери, шаардык мэрия, шаардык ички иштер бөлүмүнүн ЖЖӨИ жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери ата энелерге жана окуучуларга “Диний чөйрөдөгу мамлекеттик саясат” жөнүндө маалымат берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тил саясатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” №510 токтомун ишке ашыруу максатында билим берүү уюмдарында атайын иш чаралар түзүлүп аткарууга алынды. 23-сентябрь мамлекттик тил күнүнө карата атайын иш чара түзүлүп ачык сабактар, акыл ордо таймаштары, эссе жана көркөм окуу сынактары өткөрүлгөн. Шаардын аймагындагы билим берүү мекемелери Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында ар кандай республикалык, областтык конкурстарга да тынымсыз катышып байгелүү орундарды камсыз кылып келүүдө. “Улуттун улуулугу тилинде” деген темада 1-4-класстардын окуучуларына тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Бала бакчаларда да “Кыргыз тили эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” деген темада ачык сабак өтүштү. “Тил тагдыры- эл тагдыры” аталышында иш чара өтүлдү. Иш чарада балдар тил жөнүндө ырларды, Аркан тартуу, Таяк тартуу, чүкө ойноо, кыз куумай сыяктуу улуттук оюндарын балдарды катыштыруу менен көрсөтүп беришти. Тил майрамынын алкагында учурда замандын көйгөйү болгон телефон боюнча даярдалган көрүнүштөрү эн маанилүү жана образдуу көрсөтүлдү. Кыргыз республикасынын министрлер кабинетинин “2022-2025-жылдарга Кыргыз республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө” №227 токтомун ишке ашыруу максатында “Өз укугунду бил, мен конституциянын негизинде жашайм”деген темаларда укук коргоо органдары менен жолугушуу өтулду. ”Адам сатуу бул кылмыш” деген темада дубал гезит конкурсу, сүрөт конкурсу, спорттук мелдештер өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн-өзү таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө” №39 жарлыгын ишке ашырууда шаардынаймагындагы билим берүү уюмдарында “Кыргыз жараны концепциясын жайылтуу, кылмыштуулуктун алдын алуу, мектеп окуучуларынын инсандык өнүгүүсүн жогорулатуу боюнча иштер алынып барып жатат. Баткен шаардык билим берүү бөлүмү боюнча 2021-2022-окуу жылындагы ЖРТ жөнүндө маалымат 29.06.2022 Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында 2021-2022-окуу жылын аяктоо жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн негизги жалпы орто билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” 2019-жылдын 22-мартындагы № 304/1 жана 2022-жылдын 3-мартындагы №264/1, 2022-жылдын 9-мартындагы №296/1 буйруктарынын негизинди мектептерде 2022-жылдын 11-июнунан баштап Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өткөрүлдү. Баткен шаары боюнча жалпысынан 9-классты 522, 11-классты 336 окуучу бүтүрөт. ЖРТнын жыйынтыгы менен Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин бүтүрүүчүсү Зайнидин кызы Элиза 223 балл алып, “Алтын сертификатка” ээ болду.
№
Мектептердин аталышы
Жалпы бүтүрүүчүлөр
Анын ичинен ЖРТга катышканы
%
Упай көрсөткүчтөрү боюнча
110 упайдан жогору алган окуучулардын саны
%
Орточо балл
110 упайга чейин алганы
110-150 упайга чейин алгандар
151-200 упайга чейин алгандар
200 упайдан жогору алгандар
Жалпы бүтүрүүчүлөргө
ЖРТга катышкандардын санына
1
В.И.Ленин орто мектеби
101
76
75
49
20
7
27
26,7
35,5
119
2
Бөкөнбаев орто мектеби
57
56
98
20
19
16
1
36
63,2
64,3
124
3
Кызыл-Жол орто мектеби
41
33
80
20
9
4
13
31,7
39,4
117
4
С.Айтматоворто мектеби
22
20
91
8
8
4
12
54,5
60,0
123
5
№3 атындагы орто мектеби
44
36
82
18
14
4
18
40,9
50,0
125
6
Гимназия мектеби
71
70
99
2
17
46
5
68
95,8
97,1
164,5
6
Жалпы:
336
291
87
117
87
81
6
174
51,8
59,8
128,8
Жаңы окуу жылына карата даярдыктар Баткен шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин 2022-2023-окуу жылына карата даярдыгын карап чыгуу боюнча Баткен шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 8-августундагы №164 тескемесинин негизинде комиссиянын курамы түзүлгөн. Билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына карата косметикалык оңдоп-түзөө иштери үчүн республикалык бюджеттен мектептер үчүн 780,0 сом, ал эми бала бакчалар үчүн 240,0 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Жалпылап алганда, билим берүү мекмелериде 95,0% ремонт иштери жүргүзүлүп бүткөн. Текшерүү учурунда ремонт иштеринен кийинки мектептердин эмеректерин иреттөө иштери жүрүп жаткандыгына күбө болдук. Ошону менен катар билим берүү болүмүнүн жетекчилигине, ар бир мектептердин жетекчилигине жана жооптуу тараптарга 1-сентябрь окуу күнүнө карата толук бүткөрүү тапшырмалар берилди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” 2022-жылдын 30-апрелиндеги №234 токтомун аткарууга алып Баткен шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 1-июнунда №125 буйругу чыккан. Баткен шаары боюнча жалпы билим берүү мекемелеринин жылытуу системалары боюнча; Көмүр менен жылытылган обьектилер:
1.
№3 орто мектеби
- көмүр м-н (кател)
2.
Кызыл-Жол орто мектеби
- көмүр м-н (катель) 1-корпус
3.
С.Огато орто мектеби
- көмүр м-н (катель)
4.
“Ак-Жолтой” балдар бакчасы
- көмүр м-н (катель)
5.
Ак-Таш орто мектеп
- көмүр м-н (катель) жаңы ачылууда
6.
Мээрим-Нуру балдар бакчасы
- көмүр м-н (катель) жаңы ачылды.
7.
№4 орто мектеби
- көмүр м-н (катель) жаңы ачылды
Электр энергиясы менен жылытылган обьектилер:
7.
В.И.Ленин орто мектеби
- электр энергиясы менен
8.
Ж.Бөкөнбаев орто мектеби
- электр энергиясы менен,
9.
Кызыл Жол орто мектеби
- электр энергиясы менен,
10.
С.Айтматов орто мектеби
- электр энергиясы менен,
11.
Булак Башы башт. мектеби
- электр энергиясы менен,
12.
Гимназия жатак мектеби
- электр энергиясы менен,
13.
“Өрүкзар” балдар бакчасы
- электр энергиясы менен,
14.
“Алтын-Бешик” балдар бакчасы
- электр энергиясы менен,
15.
Булак-Башы балдар бакчасы
- электр энергиясы менен,
16.
“Данектай” балдар бакчасы
- электр энергиясы менен,
Билим берүү мекемелерининкүз-кыш мезгилине карата көмүр сатып алуу боюнча тендерлер эки этап менен өткөрүлгөн. Билим берүү тармагына 2022-2023-окуу жылына жалпы жалпы 332 тонна көмүр керектелсе, Тендердин биринчи этабында жеңүүчү деп табылган “Баткен Мунай” ЖЧКсы менен 149,7 тоннага келишим түзүлгөн. Көмүрдүн баасы тоннасы 5950,0 сомду түзөт. Ал эми Тендердин экинчи этабында жеңүүчү деп табылган “Азамат-Кен” ЖЧКсы менен 145,5 тоннага келишим түзүлгөн. Көмүрдүн баасы тоннасы 5200 сомду түзөт.
№
Мектептин аталышы
Калдык (тонна)
Канча тонна керектелет
Ташылганы (тонна)
%
1
№3 орто мектеби
4
110
24,6
22,4
2
Кызыл- Жол о.м.
-
18
12,3
68,3
3
С.Огата а.о.м.
-
18
12,3
68,3
4
Акжолтой-Баткен бакчасы
-
80
24,4
30,5
5
Мээрим Нуру бакчасы
16
16
0,0
6
Жаңы мектеп
-
90
0,0
Бардыгы:
20
332
73,6
22,2
Электр энергиясы 2022-жылга бекитилген лимит-1670,9 кВт, ал эми жалпы иштетилгени 1382,2 кВт. 3497000 сом которулган. 2022-жылга бекитилген болжолдуу лимит-2535,8 кВт, ал эми жалпы сумма 9 686 900 сомду түзөт. Баткен шаарынын аймагындагы билим берүү жана мамлекеттик мекеме-ишканаларды көмүр менен камсыз кылуу үчүн
жергиликтүү бюджеттен
- 250 миң сом;
республикалык бюджеттен
- 865,12 миң сом;
жалпы суммасы
-2009,2 миң сом бөлүнгөн.
Анын ичинен:
Тармактардын аталышы
Керектелет (тонна)
Каржылоо булагы
Жерг. бюдж. (миң (сом)
Респ. бюдж. (миң (сом)
көмүр баасы (кг)
Билим берүү мекемелерине
254,0
1524,0
6сом
Мамлекеттик ишканаларга
50,0
250,0
Саламаттык сактоо мекемелерине
127,7
715,12
5,6
№57 Кесиптик тех. лицейине
38,6
150.0
Бардыгы
470,0
250,0
1 763,32
2013,3
Баткен шаарынын Кызыл-Дөн кварталынын Ак-Таш участкасында эки кабатуу 375 орундуу мектептин курулуш иштери бүтүү алдында турат. Долбоордун жалпы суммасы-96,4млн сом (1,3млн АКШ доллары) Каржылоо булагы –Саудия –Араб Өнүктүрүү Фонду Курулуштун башталышы 2019-жылдын 2-кварталы Жалпы жер аянты-1,5га Аткаруучу тарап (подрядчик) –“Беймен” ЖЧКсы жана “Алга Билд” ЖЧКсы консорциум түзүү аркылуу ишке ашырылып жатат.
Ошондой эле Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында Фаиза шаарчасында “Мээрим Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемеси жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп тиешелүү жабдуулар алынып, 2022-жылдын айында ачылды. Баткен шаарынын аймагындагы бардык билим берүү мекемелерине 2022-жылдын 11-апрелинен баштап 2022-2023-окуу жылына карата балдарды 1-класска кабыл алуу 2022-жылдын 19-январындагы №44/1 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык система жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлүүдө. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталында 2022-жылдын декабрь айында жаңы мектеп заманбап болуп курулуп колдонууга берилди, 2022-жылдын 30-декабрь күнү мектептин официалдуу ачылуу аземи болуп өттү. КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН КОРГОО Социалдык төлөмдөрдү чектөө -Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны - 676 -Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жөлөкпул чегерилген балдардын саны - 2088 -Социалдык жөлөкпул алуучулардын саны – 575 адамды түзөт. -2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын кошумча социалдык жөлөкпул алуучулардын саны - 12 үй бүлөнү 19 адамды түзөт. (а.и.курман болгондордун балдары- 13 бала, майып болгондор-5 адам, жалгыз бой эне-1 адам).
- Акчалай компенсация алуучулардын саны - 165 адамды түзөт.
-Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 173 адамга 7370,3 миң сом төлөндү. -Сөөк коюуга (расымдык) жөлөкпул 2 адамга 10,8 миң төлөндү. Социалдык төлөмдөрдү төлөө Баткен шаары боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө үчүн Республикалык бюджеттен төмөнкүдөй каржылоо жүргүзүлдү:
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпул
– 21462,9 миң сом;
- Социалдык жөлөкпул
– 21462,9 мин сом;
- Кошумча социалдык жөлөкпул
– 632,7 мин сом;
- Акчалай компенсация
– 2 433,6 мин сом;
- Сөөк коюуга жөлөкпул
– 10,8 мин сом;
- Кош бойлуулук жана торот боюнча жөлөкпул
– 5298,6 мин сом;
- 9-Май-Улуу Жениш күнүнө карата ооруктун ардагерлерине
- 5 адамга 75,5 миң сом;
Социалдык кызмат көрсөтүү Шаар боюнча жалгыз бой, ДМЧ, ТШО жалпы 17 адамды социалдык кызматкерлер уйуно барып тейлешет. Баткен шаары боюнча калктын саны 7157 үй бүлөнү же 29723 адамды түзгөн. Ал эми жакыр үй бүлөнүн саны 1289 же жакырчылык денгээли 18,0% ды түзгөн. Жергиликтүү бюджеттен 650 адамга 546,4 мин сомдук материалдык жардамдар, демөөрчүлөр тарабынан 21 үй-бүлөгө 168,5 миң сомдук материалдык жардамдар, 168 үй бүлөгө 71,4 мин сомдук гуманитардык жардамдар көрсөтүлгөн. 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон кыргыз- тажик чек арасындагы окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мучолоруно жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын кошумча социалдык жолокпул дайындалып, 17 адамга 377,4 мин сом төлөнүп берилди. Даталуу күндөргө карата: 15-февраль - Ооган ардагерлеринин күнүнө карата ардагерлерге жана ТШО адамдарга 58,0 мин сом, Социалдык адилеттүүлүк күнүндө - 80 адамга демөөчүлөрдөн 225,0 мин сом, 26-апрель- ЧАЭС күнүндө - 4 адамга 9,0 мин сом, 9-Май-Жениш күнүндө - 14 адамга 295,0 мин сом, 1-Июнь-Балдарды коргоо күнүндө- 250 балага 143,9 мин сомдук жардамдар көрсөтүлгөн. Баткен шаары боюнча ДМЧА жалпы саны 1093 адамды түзөт, анын ичинен Социалдык фонд аркылуу пенсия алган ДМЧ жарандар 721 адам, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу социалдык жөлөкпул алган ДМЧ жарандар 372 адам. 1 ДМЧ жаранга майыптык кресло-коляска, 30 ДМЧ жаранга санаториялык курорттук жолдомолор берилди. Эмгек жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү
* Экономикалык жактан активдүү калктын саны
14694 адам
* Иштеген калктын саны
5462 адам
* Эсепте турган жумушсуздардын саны
1414 адам
2023-жылдын 01-январына карата жалпы жумушсуздардын саны Баткен шаары боюнча 1414 кишини түзгөн, алардын ичинен 956адам иш менен камсыз кылуу кызматтында жумушсуз статусун алгандары Жалпы жумушсуздуктун деңгээли Баткен шаары боюнча 9,6% түзөт, (бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 1,2% аз) Иш менен камсыз кылуу кызматтарында расмий катталган жумушсуздардын саны 212 адамды түзөт, алардын ичинен 95 аялдар, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 58 адамга көп. Алардын ичинен эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесипти тандоо боюнча консультацияларды 283адам алган. Ички жана тышкы миграция жана этникалык кыргыздар боюнча маалымат Баткен шаары боюнча ички миграцияда 89 жарандар катталган, тышкы миграцияда 568 жаран катталган. Кесипке окутуу жана кайра окутуу Жумушсуз жарандарды окутуу эн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, эмгек рыногунун белгилүү-бир кесиптиктеги жумушчу күчүнүн керектөөлөрүн эске алып, иш менен камсыз кылуу кызматтарынын тарабынан кесиптик окутууга Баткен шаардык №57 кесиптик лицейге 68 адам жиберилген. Анын ичинен “Тигүүчү” кесибине 20 адам жана “Ширетүүчү” кесибине 12 адам жана “Ашпозчу” кесибине 24 адам жана “Күнөскана” кесибине 12 адам жиберилген. Коомдук акы төлөнүүчү жумуштар Региондордогу эмгек рыногундагы активдүү чаралардын бири коомдук акы төлөөчү жумуштар болуп эсептелет. Акы төлөнүүчү коомдук иштер, кызматкерлердин алдын ала кесиптик даярдыгын талап кылбаган, социалдык-пайдалуу багытын көздөйт жана негизинен социалдык инфраструктураны жакшыртуу багыты боюнча жүргүзүлөт. Социалдык-маданий турмуштун объектилерин (мектептерди, балдар мекемелерин, маданият мекемелерин) куруу, тарыхый-архитектуралык эстеликтерди, комплекстерди жана корук зоналарын кайра калыбына келтирүү ж.б.. 2022-жылдын 1-октябрына карата убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү убактылуу жумуштарга 236 жумушсуз жаран тартылган, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 65 жумушсуз жаранга көп. Баткен шаар ичиндеги майыптарды караганга шаар боюнча 38 персоналдык ассистенттер убактылуу жумушка кабыл алынып 6300 сомдон 239400 сом акчалай төлөнүп берилди. Баткен шаары БУУДАТ программасы боюнча азыркы убакта долбоорлор жок. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо 2022-жылдын 1-декабрына карата Баткен шаарынын аймагындагы райондук статистика комитетинин маалыматы боюнча 12917 жашы жете элек балдар катталган.
1. 24 бала ТШО кабылып ПИРС, ИПЗР түзүлүп каттоого алынган
2. Соттун чечими менен 5 бала камкордукка жана көзөмөлгө алынган. Ал эми асырап алууга 1 бала берилген.
3. Миграцияда жүргөн 906 баласы изилденип, райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан тийиштүү иш чаралар жүргүзулдү.
4. Шаар боюнча 195 майыптыгы бар бала каттоодо турат.
5. Тоголок жетим балдардын саны 5 бала.
6. Профилактикалык каттоодо турган бала 4 баланы тузөт.
7. Эмгекке тартылган балдарды аныктоо боюнча 12 жолу рейд жүргүзүлдү.
2022-жылдын январь-февраль айларында Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен шаарынын аймагында жашаган кооптуу топтогу, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдун балдарынын жашоо шарттарына изилдөө жүргүзүлүп, тийиштүү иш чаралар жүргүзүлдү. Ата-энеси миграцияга кеткен, камкорчулукка алынган жана асырап алынган балдардын камкорчуларына жана асырап алуучулар менен зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү. 2022-жылдын февраль айында Баткен ШИИБнун ЖЖОИнын кызматкерлери, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Баткен райондук прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен шаарынын орто мектептеринде окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алдын алуу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча окуучулар менен жолугушуу өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Баткен шаарындагы “тобокел тобундагы” үй-бүлөлөрдүн жана өгөй ата-энеси бар, ынтымагы жок үй-булөлөрдун балдары менен ар бир мектептин соцпедагогдун коштоосу менен барып, алардын зордук-зомбулукка кабылып калбоосу үчүн балдардын ата-энеси, өгөй ата-энеси, камкорчулары менен жолугушуу өткөрүлдү. Алардын көйгөйүүнү аныктап, кандай болгондо балага жагымдуу шарт болооруна иликтөө менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзулдү. 2022-жылдын январь айына карата Баткен шаардын аймагында 12917 жашы жете элек балдар катталган. Баткен шаарында ата-энеси миграцияда жүргөн үйлөр кыдырылды, 403 миграцияда жүргөн ата-эне жана 806 бала мигранттын балдары деп аныкталган. Үй-бүлөдө зордук-зомбулуктун алдын алууга карата таалим-тарбия иштери мектеп жана ата-энелер тарабынан эки тараптуу жүргүзүүсүн, ата-энеси миграцияда жүргөн балдар көзөмөлсүз калбоосу жана терс көрүнүштөр байкалган учурда “101”, “117” ишеним телефондоруна чалуу керек экендиги жөнүндө түшүндүрүлдү. 2022-жыл ичинде Баткен шаарында жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук катталган эмес. Ал эми үй-бүлөлүк зордук-зомбулук 7 учур катталып, 7 коргоо ордери берилди. Зомбулукка кабылган 4 аялдын жашоо шартына изилдөлөр жүргүзүлүп, тийиштүү жардамдар берилди. Бүгүнкү күндө зомбулукка учураган үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамилелери калыбына келтирилди. 2022-жыл ичинде Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 4 бала камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) алынды. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-булөлөрдүн балдарынын жашоо шарттарына изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын ата-энеси жана камкорчуларына балдардын тарбиясына тийиштүү көңүл буруп, каникул учурунда өзгөчө көзөмөл буруу жөнүндө эскертилди. Баткен шаарынын ички иштер бөлүмүнүн ЖЖӨИ кызматкерлери менен биргеликте ата-энеси миграцияда жүргөн балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын-алуу боюнча үймө-үй кыдыруу уюштурулуп, туугандарынын карамагында калган балдар такталып, камкорчулардын милдеттерин, балдардын укуктары жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди. Алардын жашоо шарттары изилденип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Балдардын жүрүш-турушуна, тартибине жана окуусуна көзөмөл жүргүзүү,түнкү убакта ата-энеси же чоңдордун коштоосу жок көчөдө жүрбөөнү жана балдарга ырайымсыз мамиленин алдын-ала боюнча түшүндүрүү берилди. Баткен шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата “Балдар - биздин жаркын келечегибиз” аттуу майрамдык салтанат жана марафон 2022-жылдын 1-июнь күнү өткөрүлдү. Бул марафонго КР Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.М.Исаков, Баткен шаарынын мэри И.Бурханов, Баткен шаарынын кеңешинин төрагасы А.Аширов, Баткен шаарынын мекеме-ишканаларынын жетекчилери, Баткен областынын китепканасынын башчысы Т.Пирматова, “Жарык” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү Девид Никсон жана Керималиев Мирбек, “Оптима”, РСК банктарынын өкүлдөрү, “Мегаком”, “Билайн” компаниясынын, Толеранттуулуктун Баткендеги өкүлү Г.Темирбаева жана Баткен шаарындагы орто мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилери, ошондой эле катардагы жарандар катышып өз салымдарын кошту. Баткен шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттен 36 000 сом акча каражаты бөлүнүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган 72 балага 500 сомдон таркатылды. Өткөрүлгөн марафондо түшкөн акчанын жалпы суммасы 107.950 (бир жүз жети миң тогуз жүз элүү) сомду түзөт. Майрамдык салтанатка шаардагы “Алтын-Бешик”, “Өрүкзар”, “Данектай”, “Акжолтой” жана “Актилек” балдар бакчасынын балдары катышып, майрамдык маанай тартуулашты. Асфальтка “Бактылуу балалык” аттуу конкурс уюштурулуп, сүрөт тартуу өткөрүлдлү. Бул конкурска Баткен шаарынын баардык мектептеринен 80 бала катышып, аларга 9010 сомдук белектер тартууланды. Сүрөт тартууга жана концерттик программага катышкан балдардын бардыгына атайын белектер жана шириндиктер таратылды. Майрамга келген балдарга жеке ишкер Карагулов Шамши тарабынан 800 (сегиз жүз) даана 8000 сомдук балмуздактар акысыз таркатылды. Баткен шаарынын “Алтын-Бешик”, “Өрүкзар”, “Данектай”, “Акжолтой” жана “Актилек” балдар бакчасынын балдарына оюнчуктар жана таттуулар берилди. Баткен областындагы “Билайн” уюлдук компаниясы 350 даана, Кыргыз Республикасынын Баткендеги Улуттук Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан 100 даана акысыз балмуздак таратылды. Марафондон түшкөн акчаны өткөрүлгөн иш чаранын чыгымдарына, “Нур” балдарды калыптандыруу борборуна 5000 (беш миң) сом берилип, Баткен шаарынын аймагында жашаган 5 тоголок жетим балдардын эсебине салынды. Ошондой эле 2022-жылдын декабрь айында аталган мекемеде окуп тарбияланып жаткан балдпрга белектер берилип, “Нур” балдарды калыптандыруу борборуна акчалай колдоо көрсөтүлдү. Санариптештирүү Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында “Е-кызмат” жана электрондук документ алмашуу боюнча “Инфодокс” программалары ишке киргизилди. Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын аппаратында эмгектенген бардык кызматкерлер компьютер менен жана үзгүлтуксуз жогорку ылдамдыктагы Интернет байланышы менен камсыз болушкан. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан Социалдык жардам алуучулардын корпоративдик мааалымат системасы (КИССП) жана Эмгек рыногунун маалымат системасы (ИСРТ) иштелип чыгып, ишке киргизилип, маалымат базасы түзүлгөн. Мамлекеттик жөлөкпул, акчалай компенсация, персоналдык ассистент, санаториялык курорттук жолдомо, майыптык креслоколяска алуучулар, турмуш шарты оор үй-бүлөлөр, жумушсуздар маалымат базасына киргизилген. «Түндүк» «Ведомстволор аралык маалымат алмашуу» системасын алкагында Социалдык жардам алуучулардын корпоративдик мааалымат системасына (КИССП га) маалымат алмашуу боюнча кошумча функциялары киргизилип, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөдө “Түндүк” программасына кошулган мамлекеттик органдардан алынуучу маалымкаттар (Социалдык фонддон, Мамлекеттик каттоо кызматынан, Салык органдарынан, Ветеринария кызматынан, Жумушсуздук статусу жөнүндө ж.б.) талап кылынбай, «Түндүк» «Ведомстволор аралык маалымат алмашуу» системасы аркылуу алынып, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн талап кылынуучу документтердин саны кыскарып жана коррупциялык тобокелдиктер азайды. Санаториялык курорттук жолдомоллорду жана майыптык кресло-коляскаларды беруу боюнча арыздар Корпоративдик социалдык жардамдардын маалымат системасына (КСЖМС) киргизилип, электрондук кезек тартибине өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан бала асырап алуу процесстерин автоматташтыруу максатында бала асырап алууга талапкерлердин жана асыроого берилуучу балдардын бирдиктуу базасы тузулуп, иштеп жатат. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык онугуу министрлиги тарабынан министрликтин системасына кирген мекеме уюмдар арасында Зимбра маалымат алмашуу системасы ишке киргизилип, министрликтин системасына кирген мекеме уюмдар арасында маалымат алмашуу Зимбра аркылуу жургузулуп жатат. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал мезгилинде жардам муктаж болгон жарандарга жардам корсотуу боюнча 1227 түндүк сайты иштелип чыгып, ишке киргизилип, бардык айыл окмотторуно логин, парольдор берилип, көрсөтүлгөн жардамдар айыл өкмөттөрү тарабынан сайтка киргизилип жатат. Ошондой эле үй бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу максатында Министрлик тарабынан 117 ыкчам линиясы ишке киргизилди. Жакыр үй бүлөлөрдүн социалдык паспорту электрондук форматка өткөрүлүп, электрондук социалдык паспорту түзүлдү. САЛАМАТТЫК САКТОО Баткен облусттук үй-бүлөлүк медицина борборунун администрациясы КРнын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы «Саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калктын жашоосун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү» №23 Жарлыгын ишке ашырууда төмөнкүдөй иш чаралар аткарылгандыгын билдирет. КРнын Президентинин Жарлыгына ылайык мамлекеттик саясаттын эн негизги багыты болгон Баткен шаарындагы саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүдө калкка сапаттуу медициналык-санитардык жардам көргөзүүдө заманбап медициналык жабдуулар менен окутулган медицина кызматкерлери негизги көргөзгүч болуп саналып келет. СOVID 19 илдетине каршы эмдөө боюнча 2022-жылдын 8- сентябрынан тарта Баткен шаарында жайгашкан шаардык, райондук, облусттук мекеме иш каналарга эмдөө туралуу маалымат ошондой эле эмдөөнүн өзгөчө 3-дозасыны алууга чакыруулар жүрдү. Калкты СOVID 19 илдетине каршы эмдөө үчүн Пфайзер жана Синофарм веросел вакцин жасалып жатат. Алсак,
08.09.2022-ж КР ӨКМнин Баткен облустук (МЧС) башкармалыгы тараптан уюштурулуп, 27 кызматкерге 3-доза эмдөө жасалды.
09.09.2022-жылы Баткен шаардык ички иштер бөлүмү уюштуруп, жалпы 12 кызматкери 3-доза эмдөө жасалды.
12.09.2022-ж Баткен райондук ички иштер бөлүмү уюштуруп, 13 кызматкерге 3-доза эмдөө жасалды.
2022-жылдын 16-17-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы болгон кырдаалда Баткен областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери эвакуация болгон элдердин ден-соолугуна кам көрүшүп, күнү-түнү эмгектеништи.Тез жардам унааларыбыз жарадар болгон аскерлерибизди өз убагында больницага жеткирип турушту. Тиешелүү жогорку органдарга жараат алган жоокерлердин саламаттыгы боюнча оперативдүү маалыматтар берилип турду. Азыркы учурда да үйлөрү өрттөлгөн жарандарыбыз кээ бир мектептерде жашап жаткандыгына байланыштуу, алардын ден –соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баткен ден соолукту чыңдоо каанасынын (ДЧК) адистери өзгөчө дин кызматкерлерине «Ковид 19-каршы эмдөө», жана балдардын эмдөөсү боюнча семинарлар өткөрүлгөн жалпылап алганда 41 дин кызматкери катышышты. Мындан сырткары 16-февралдан тартып 10-мартка чейин БУМБ жана 4ГСВ ФАПтарда медицина кызматкерлери 490 жаранга акысыз Артериалык кан басым, Кандагы канттын өлчөмүн, бой, салмак өлчөнүп акысыз медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Анын натыйжасында артериялык кан басымы жогорку жаңыдан 4 жаран табылды. 24- март Бүткүл Дүйнөлүк Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата баардык район шаарларда ошондой эле айылдарда АДК жардамы менен масштабдуу акциялар өткөрүлгөн. Акцияга жалпылап алганда 400 адам катышышты. Өткөрүлгөн иш чаралар ЖМК аркылуу элге чагылдырылды. 31-май Бүткүл Дүйнөлүк Чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнүнө карата В.И.Ленин атындагы орто мектебинде толеранттулук долбоорунун алкагында "Зыяндуу адаттарга чекит" деген темада конкурс өткөрүлгөн. Ошондой эле Тамекини зыяндуулугу, Наркомания, Насвайдын зыяны тууралуу 6-7 класстарынын окуучуларына түшүндүрүү иштери жана маалыматтар берилген. Эне сүтүнүн артыкчылыгы боюнча август айынын биринчи жумаалыгы “Эмчек эмизүү жумалыгы” алкагында Баткен областык үй-бүлөлүк борборунун жетекчилиги Баткен Медиа борбору аркылуу «Актуалдуу маек» программасы аркылуу эне сүтүнүн пайдалуулугу боюнча элге маалымат берген. Ошондой эле шаарыбыздагы ФАП, ҮДТ дарыгерлери «Салам Медиа» радио берүү аркылуу “Эне сүтүнүн артыкчылыгы” деген темада элге маалымат беришти. Мындан тышкары Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүндө жөө жүрүш уланып, шаардын энелерине жана конокторуна маалымат баракчалары берилди. Уюштурулган акцияга жалпысынан 130 медициналык кызматкерлер жана энелер катышкан. 2022-жылдын декабрь айында Баткен областык үй-бүлөлүк борборунун атайын мобилдик унаасы менен тиешелүү адистер шаар тургундарын жер жерлерде медициналык текшерүүдөн өткөрүштү. Медициналык текшерүү алгач Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын “Фаиза” шаарчасынын жашоочуларынан башталды. Баткен шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2022-жылдын 12 ай ичинде аткарылган спорттук иш-чаралары.
1. Спорттун кол күрөш (Армрестлинг) түрү боюнча Баткен шаарынын ачык чемпионаты22-23-январь күндөрү өткөрүлдү. Аталган мелдешке 21 244 сом акча каражаты бөлүндү.
2. Баткен шаарынын дене тарбия жана спортунун калыптанышына, өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсан Т.Таабалдиевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш 4-5-март күндөрү өткөрүлдү. Аталган мелдешке 65000 сом акча каражаты бөлүндү. Мелдеште 1-орунду ОшМУ командасы, 2-орунду Ош шаарынын командасы, 3-орунду МЧС командасы ээлешти.
3. “Нооруз” элдик майрамына карата Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Улукттук оюндар дирекциясы менен биргеликте 18-21-март күндөрү Көк-Бөрү, Салбуурун, Жаа атмай жана Алыш күрөш боюнча мелдештер өткөрүлдү.
4. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Баткен шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасында кичи-футбол, шахмат жана волейбол боюнча мелдеш 6-7-апрель күндөрү өткөрүлдү. Аталган мелдешке 26 000 сом акча каражаты бөлүндү. Жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орун С.Айтматов а.о.мектеби 2-орун Балдар бакчасы, 3-орун В.И.Ленин а.о.мектебинин командалары ээлешти. Ал эми кичи-футбол боюнча 1-орун Райондук соттун командасы 2-орун Баткен ШИИБ, 3-орун Батке аймактык колледжинин командалары ээлешти.
5. 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Шахмат боюнча Баткен шаарынын биринчилиги өткөрүлдү. Аталган мелдешке 6500 сом акча каражаты бөлүндү.
6. 1-июнь Бүткүл Дүйнөлүк Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жаш жеткинчектер арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдешке Баткен шаарынын “Айыл Банк” филиалынын демөөрчүлүгү менен 4000 сом акча каражаты бөлүндү.
7. 2022-жылдын 31-август күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн күнүнө карата Баткен облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен биргеликте улуттук күрөш, таяк тартыш, таш көтөрүү жана шахмат боюнча мелдештер өткөрүлдү, ошондой эле 2022-жылдын декабрь айында шахмат жана теннис боюнча мелдештер өткөрүлдү.
8.2022-жылдын 3-4-декабрь күндөрү Баткен шаарынын Чет-булак варталында кыргыздын негизги салттык оюндарынын бири “КөК-Бөрү” боюнча мелдеш уюштурлуп шаардык жан райондон келген командалар катышты. Байгелүү орунду алган командаларга сыйлыктар ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" №54 Жарлыгын аткарууга алып, Баткен шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 11-мартындагы №61 буйругу иштелип чыгып, анын негизинде Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы комиссиянын курамы түзүлгөн. 2022-жылдын 2-мартында облустук музыкалык-драма театрынын имаратында Баткен шаарынын эли менен жолугушуу өткөрүлүп, калктын сунуш пикирлерин угуу менен Жобонун долбоору иштелип чыкты. Жогорудагы жобонун долбоору Баткен шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 16-мартында №01-21/327 сандуу каты менен Баткен шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталып, 2022-жылдын 31-мартындагы Баткен шаардык Кенешинин №01-11/23 токтому бекитилген. Бүгүнкү күндө ар бир кварталдарда 9 комиссиянын курамы түзүлүп, бекитилген. Түзүлгөн комиссия тарабынан шаар аймагында ысык, суук мааракелердин өткөрүлүшү жөнүндө маалыматтар мэрияга жана тиешелүү тармактарга берилип турат. Маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлүүдө. Калк арасында өткөрүлгөн жолугушууларга катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мезгил ичиндеги жалпы саны 1365 киши, ал эми катышкан мезгил ичиндеги калктын саны 17294 киши. Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 2022-жылдын 3-мартынан баштап берилип жаткан ыкчам маалыматтардын 1-декабрына карата жыйынтыгы боюнча алсак, -Маркумдуу узатуу боюнча өткөрүлгөн мааракелердин саны – 105, андагы союлган койлордун саны – 77 баш. Бодо мал жана эчки союлгандыгы катталган жок. -Эскертүүлөр берилген жок. (№54 Жарлыктын аткарылышына каршы чыккан жарандар катталган жок) Ошондой эле маркумга арналган жана башка иш-чараларды тартипке келтирүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана коомдук институттардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында камсыз болууда. Баткен шаарынын аймагында бүгүнкү күндө Жарлыктын негизинде алгылыктуу иштер аткарылууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” ПЖ № 17 Жарлыгы; -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын8-февралындагы «Кыргыз Республикасында агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» №25 жарлыгын ишке ашыруу жана КРӨ Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2021-жылдын 18-мартындагы №89-б буйругу; -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» №3 жарлыгын 2021-жылдын 29-январы ПЖ №3 жарлыгын ишке ашыруу максатында жана КР ПрезидентининБаткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2021-жылдын 19-мартындагы №92-б буйру; -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» №24 жарлыгын ишке ашыруу жана КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2021-жылдын 19-мартындагы №91-б буйругу; -Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы “2022-2024 -жылдарга консолидацияланган бюджеттин максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө” №96-т тескемеси; -Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын6-сентябрындагы “2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө” №484 токтому
Баткен шаарынын 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы жөнүндө маалымат
Баткен шаарынын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы төмөнкүдөй жыйынтыкталды. -Өнөр жай көрсөткүчү 973340,0 миң сомго, физикалык көлөмү 109,5%га -электр энергиясыз 156072,3 миң сомго, физикалык көлөмү 105,0 % га аткарылган.
январь-декабрь
2021-жыл (миң сом)
2022-жыл (миң сом)
Отчеттук айына карата %
Отчеттук мезгилге карата %
Өнөр жай(миң сом)
912160,1
973340,0
132,2
109,5
Электр энергиясыз
129026,1
156072,3
105,1
105,0
Шаарыбыздын өнөр жай тармагында бул көрсөткүчтөрдү жаратууда шаарыбызда кичи жана Калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча (ПДН) жалпы 91 ишканалары бар. Алар,
№
Ишканалар
2021
2022
1
Электр тармактар ишканасы; (Ошэлектро)
1
1
2
Муниципалдык ишканалар(Таза суу, Тазалык,Автобаза)
3
3
3
Мол-Түшүм кооперативи
1
1
4
“Алтын-Бак” ЖЧК сы
1
1
5
“ДАНЕКО” ЖЧК сы
1
1
6
Калктын жеке ишкердүүлүгү боюнча (ПДН)
74
84
Бардыгы
81
91
Калктын жеке ишкердүүлүгү ПДН ишканалар;
1
Пескоблок, лего кирпич, еврозабор чыгаруучу цехтер
11
14
2
Кийим тигүү цехтери
6
8
3
Желим эшик-терезе жосаачу цехтер
9
12
4
Мебель жасоочу цехтер
6
7
5
Навайканалар
26
27
6
Жыгач эшик-терезе жасоочу цехтер
7
7
7
Кондитердик цехтер
4
4
8
Пилорамалар
3
3
9
Мал союучу жайлар
2
2
Бардыгы
74
84
-Тейлөө рыногу
– 2432138,2 миң сомго, өсүү темпи 109,5 %ды,
-Чекене соода жүгүртүү
– 1787925,0 миң сомго, өсүү темпи 116,3 %ды,
-Кызмат көрсөтүү
– 644213,2 миң сомго, өсүү темпи 89,8 %ды,
-Айыл чарбасы
– 1142449,3 миң сомго, өсүү темпи 100,4 %ды,
-Капиталдык курулуш
– 262327,2миң сомго салыштырмалуу 152,0%,
-Жаңы жумуш орун түзүү
– 478 адам салыштырмалуу 118,6 %ды,
-Катталган жумушсуздардын саны
– 1414 адам, а.и. официалдуу 959 адам.
-Орточо эмгек акы
– 26331,4 сом салыштырмалуу 146,2 %ды,
-Салык топтоо
- 180324,6 миң сом салыштырмалуу 140,2 %ды түздү.
Таблица түрүндө көрсөткөндө
январь-декабрь
Көрсөткүчтөрдүн аталышы
2021-жыл (миң сом)
2022-жыл (миң сом)
Салыштырмалуу % менен
Отчеттук айга
Отчеттук мезгилге
Өнөр жай
912160,1
973340,0
132,2
109,5
Тейлөө рыногу
1954658,1
2432138,2
124,4
104,8
Чекене соода жүгүртүү
1338611,6
1787925,0
133,6
116,3
Кызмат көрсөтүү
616046,5
644213,2
104,5
89,8
Айыл чарба
1134126,7
1142449,3
100,7
100,4
Капиталдык курулуш
172553,0
262327,2
152,0
Орточо эмгек акы
18074,0
26331,4
146,2
Жумуш орундарын түзүү
403
478
118,6
Жумушсуздардын саны
1316
1414
118,6
А.и. официалдуу катталганы
883
959
САЛЫК ТОПТОО Мамлекеттик салык жана төлөмдөрдүн жеткирилген планы 180324,6 миң сомго аткарылып, 104,3%ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 57717,4миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 140,2%ды түзүп, 51662,3 миң сомго көп аткарылган. Анын ичинен: -республикалык бюджет 53898,7миң сомго аткарылып, өсүү темпи 91,5%га же планга салыштырмалуу 4978,2 миң сомго аз чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 142,1%ды түзүп, 10983,0 миң сомго көп аткарылган. -жергиликтүү бюджет 126426,0 миң. сомго аткарылып, планга салыштырмалуу өсүү темпи 110,9%га же болбосо 12458,4 миң сомго көп чогултулган. Мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 40679,4 миң сомго көп аткарылып,147,4 %ды түздү.
январь-декабрь 2021 жыл
январь-декабрь 2022 года
План өсүү темпи (%)
Факт өсүү темпи (%)
План айырма (+-)
Факт Айырма (+-)
план
факт
өсүү темпи (%)
Айырма (+-)
план
факт
өсүү темпи (%)
Айырма (+-)
115127,1
128662,3
111,8
13535,2
172844,5
180324,6
104,3
7480,1
150,1
140,2
57717,4
51662,3
Республиканский бюджет
41432,1
42915,7
103,6
1483,6
58876,9
53898,7
91,5
-4978,2
142,1
125,6
17444,8
10983,0
Местный бюджет
73695,0
85746,6
116,4
12051,6
113967,6
126426,0
110,9
12458,4
154,6
147,4
40272,6
40679,4
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин ижара акыларды топтоодо аткарып жаткан иштери боюнча Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба жерлерин, калктуу конуштардагы айыл-чарба багытындагы эмес жерлерин ижарага берүүдө жана муниципалдык менчиктеги жерлерди аукцион аркылуу менчикке сатууда төмөнкүдөй иш чаралар аткарылды.
К.Б.Ф. жерлеринин жалпы аянты
-469,0га
Анын ичинен: суугат айдоо жери
-268,0га
көп жылдык бак
-124,0га
кайрак-
-77,0га
КБФ жерлери
Жалпы жер аянты (га)
Ижарага берилгени
Ижарага берилбей калганы
эскертүү
Сугат айдоо
268,0
214.0
54,0
Көп жылдык бак
124,0
121,79
2,21
Кайрак
77,0
34,0
43,0
Бардыгы
469,0
369,8
99,2
Жалпы ижара төлөмдөрү боюнча маалымат: Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаментининин карамагындагы жалпы 369,8 га КБФ жерлерин жана 43735м2 калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө бекитилген планы 3812,0 миң сомго аткарылып 105,1% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 185,0 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 167,5% га же болбосо 1,4 миң сомго көп аткарылган. Алсак, Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жерлерди ижарага берүү боюнча бекитилген планы 1092,0 миң сомго аткарылып 96,9% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 35,0 миң сомго аз чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 179,2% га же болбосо 473,0 миң сомго аз аткарылган. Калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерин ижарага берүү боюнча бекитилген планы 2720,0 миң сомго аткарылып 108,8% ды түзүп, 220,0 миң сомго көп аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 163,2% га же болбосо 1053,0 миң сомго көп аткарылган. Таблица менен көрсөткөндө
2021-жыл
2022-жыл
Өсүү темпи % менен
Айырма (+/-) миң сом
план
факт
Аткарылды (%)
Айырма (+/-)
план
факт
Аткарылды (%)
Айырма (+/-)
план
факт
план
факт
Жалпы суммасы
3850,0
3476,0
90,3
-374,0
3627,0
3812,0
105,1
185,0
94,2
109,7
-223,0
336,0
Кайра бөлүштүрүү фондунун
1350,0
1354,0
100,3
4,0
1127,3
1092,0
96,9
-35,3
83,5
80,6
-222,8
-262,0
Калктуу конуштардагы айыл чарба эмес муниципалдык жерлерин
2500,0
2122,0
84,9
-378,0
2500,0
2720,0
108,8
220,0
100,0
128,2
0,0
598,0
2021-жыл
2022-жыл
Өсүү темпи % менен
Айырма (+/-) миң сом
план
факт
Аткарылды (%)
Айырма (+/-)
план
факт
План
Факт
Жалпы суммасы
13020,0
13330,0
102,4
310,0
12000,0
12441,2
103,7
441,2
92,2
93,3
-1020,0
-888,8
Калкты таза суу менен камсыз кылуу
8771,0
8692,1
99,1
-78,9
9030,0
8774,6
97,2
-255,4
103,0
100,9
259,0
82,5
Техникалык шарттарды берүү
536,0
631,2
117,8
95,2
2396,0
868,1
36,2
-1527,9
447,0
137,5
1860,0
236,9
Булганыч суулардан тазалоо
500,0
493
98,6
-7,0
574,0
679,3
118,3
105,3
114,8
137,8
74,0
186,3
Ар түрдүү каражаттар (кызмат көрсөтүү ижара акылар ж.б.)
3213,0
3513,7
109,4
300,7
0,0
2119,2
0,0
2119,2
0,0
60,3
-3213,0
-1394,5
БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ “ТАЗА СУУ” ЧАРБАЛЫК ЭСЕПТЕГИ МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫ
Таза суу төлөмдөрүн жыйноо боюнча“Таза суу” ишканасынын бекитилген планы 12441,2 миң сомго аткарылып 103,7% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 441,2 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 93,3% га же болбосо 888,8 миң сомго аз аткарылган. Анын ичинен: Таза суу пайдалануучулардан топтолуучу каражаттардын планы 8774,6 сомго аткарылып 97,2% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 255,4 миң сомго аз чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 100,9% га же болбосо 82,5 миң сомго көп аткарылган. Техникалык шарттарды түзүүдөн топтолуучу каражаттар план 868,1 сомго аткарылып, 36,2 % ды түзгөн. Натыйжада 1527,9 миңсомго аз аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 236,9 мин сомго көп аткарылган. Шаарды булганыч суулардан тазалоодон топтолуучу каражаттар план 679,3 сомго аткарылган же 118,3 % ды түзгөн. Натыйжада 105,3 миң сомго көпаткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 186,3 миң сомго көп аткарылган. Ар түрдүү кирешелерден топтолуучу каражаттар үчүн фактыда 2119,2 миң сомго аткарылган.
БАТКЕН ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АЛДЫНДАГЫ “БАТКЕН ТАЗАЛЫК” ЧАРБАЛЫК ЭСЕПТЕГИ МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫ
“Тазалык” ишканасынын шаар аймагындагы таштанларды ташуу үчүн төлөмдөрдү жыйноодо бекитилген планы 4353,6 миң сом аткарылып, же болбосо138,2% түзгөн. Натыйжада пландан1203,6 миң сомго көп чогултулган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 144,2% га же болбосо 1334,9 миң сомго көп аткарылган. Анын ичинен: Бюджеттик ишканалардан топтолуучу каражаттардын планы 2273,3 миң сомго аткарылып,197,7% ды түзгөн. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 917,3 миң сомго көп чогултулган. Комерциялык ишканалардын топтолуучу каражаттардын планы 386,8 миң сомго аткарылып96,7% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 13,2 сомго аз аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 9,0 миң сомго көп чогултулган. Калкты тейлөөдөгү топтолуучу каражаттардын планы 1468,6 миң сомго аткарылып,117,5% ды түзгөн. Же болбосо планга салыштырмалуу 218,6 миң сомго көп аткарылган. Ал эми мурдагы жылдын ушул мезгилиндеги фактыга салыштырмалуу 372,1 миң сомго көп аткарылган. Таблица менен көрсөткөндө(миң сом)
2021-жыл
2022-жыл
Өсүү темпи (%)
Айырма (+/-)
план
факт
Аткарылды (%)
Айырма (+/-)
план
факт
Аткарылды (%)
Айырма (+/-)
план
факт
План
Факт
Жалпы суммасы
2509,4
3018,7
120,3
509,2
3150,0
4353,6
138,2
1203,6
125,5
144,2
640,6
1334,9
Бюджеттик ишканалар
1060,3
1356,0
127,9
295,7
1150,0
2273,3
197,7
1123,3
108,5
167,6
89,7
917,3
Коммерциялык ишканалар
317,9
377,8
118,8
59,9
400,0
386,8
96,7
-13,2
125,8
102,4
82,1
9,0
Тамактануучу жайлар (кафе, ресторандар)
291,2
188,4
64,7
-102,9
350,0
224,9
64,3
-125,1
120,2
119,4
58,8
36,6
Калкты тейлөө
840,0
1096,5
130,5
256,5
1250,0
1468,6
117,5
218,6
148,8
133,9
410,0
372,1
Баткен шаарынын биринчи вице мэри
А.Орозов
БАТКЕН ШААРЫНЫН ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА КАБЫЛ АЛЫНГАН ИШ ЧАРАЛАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ Жалпы ички жана тышкы инвестиция тартууда план боюнча 556,4 млн сомдук 64 иш чара кабыл алынган болсо анын ичинен 45 иш-чара аткарылып389,7 млн сомду же 70,3% ды түзгөн:
Алсак,
-республикалык бюджеттен
- 183,7 млн.сом,
-жергиликтүү бюджеттен
- 45,1 млн.сом,
-жеке секторлордон
- 24,7 млн.сом
-тышкы инвестиция
- 57,2 млн. сом,
-ар түрдүү каражаттар
- 79,0 млн. сом.
РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТ
Республикалык бюджеттин эсебинен 183,7 млн сомдук 14 иш-чара кабыл алынып анын ичинен 10 иш чара аткарылып, 3 иш чаранын курулуш иштери жүрүүдө. Алсак,
№
ИШ ЧАРАЛАР
2022-ж. карата (млн.сом)
Аткарылышы жөнүндө маалымат
респ.бюдж
жерг.бюдж.
Жалпы сумма
1
Баткен облустук айлана чөйрөнү коргоо жана экология башкармасынын офистик имаратын куруу. Долбоордун башталышы 2022-жылдын 1-кварталы, бүтүшү 2023-жылдын декабры. Жалпы суммасы 40,0 млн сомду түзөт.
21
21,0
Курулуш жүрүүдө:
2
Улуттук банктын мекемесин куруу долбоору. Долбоордун башталышы 2022-жылдын 1-кварталы, бүтүшү 2023-жылдын декабры. Жалпы суммасы 137,0 млн сомду түзөт
50
50,0
Курулуш жүрүүдө:
3
Баткен шаарынын Чет-Булак участкасына КР аскер прокуратурасынын имаратынын курулушу бүткөрүлдү. Долбоор 2022-жылдын 1-кварталында башталып, 2023-жылдын январынан пайдаланууга берилди. Жалпы суммасы 137,0 млн сомду түзөт
25
25,0
Аткарылды:
4
2022-жылы 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек ара окуясында жабыр тарткан обьектилерди калыбына келтирүүдө: -Турак үй куруу - 1 х 2,5 млн. -Капремонт - 2 х 1,25 млн. -Кезектеги ремонт - 25 х 0,58 млн. -Юридикалык жактар - 4 х 7,6 млн сом.
11,9
11,9
аткарылды:
5
Кызы-Дөң кварталынын Бакай-Ата конушундагы сел арага көпүрө куруу (12 метр)
10,7
10,7
аткарылды:
6
Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы С.Айтматов мектебинин жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө. Долбоордун башталышы 2022-жылдын июнь айы, бүтүшү 2024-жылдын декабры. Жалпы суммасы 132,9 млн сомду түзөт
25,0
25,0
Курулуш жүрүүдө:
7
Курманжан-Датка көчөсүнө карантиндик лабороториясынын курулушу
11,0
11,0
аткарылды:
8
Кыргыз Республикасынын материалдык резервдер фондунун эсебинен Баткен шаарындагы калктын аярлуу катмарындагы үй бүлөлөргө 2054 кап ун таркатылды
4,2
4,2
аткарылды:
9
2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргы-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон жарандардын үй-бүлөсүнө жана шаарыбыздын аймагындагы карыялар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоолорду көрсөтүү
0,27
0,1
0,4
аткарылды:
10
Баткен шаарынын И. Раззаков көчөсүнө жарыктандыруу каражаттарын орнотуу
3,0
1,1
4,07
Аткарылды СТИМГРАНТ
11
Борбордук стадионду реконструкциялоо
15,2
2,0
17,2
аткарылды:
12
А.Орозбеков көчөсүнө сугат ноолорун орнотуу жана тротуар куруу (725 метр)
3,0
1,3
4,26
Аткарылды СТИМГРАНТ
13
Баткен шаарынын 8-март көчөсүнө суугат ноолорун орнотуу жана тротуар куруу
3,4
3,0
6,41
Аткарылды СТИМГРАНТ
Бардыгы
183,7
7,4
191,1
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТ Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 45,1 млн сомдук 26 иш чарага каржылоо болуп, 25 иш чара аткарылды. Анын ичинен 1 иш чаранын (мал базар куруу) курулуш иштери жүрүүдө. Алсак,
№
ИШ ЧАРАЛАР
2022-жылга (млн сом)
Аткарылышы жөнүндө маалымат
респ.бюдж
жерг.бюдж.
инвестиция
Жалпы сумма
1
Чет-Булак кварталындагы таштанды полигонун иретке келтирүү үчүн Т-130 маркадагы бульдозер сатып алынды.
0,98
0,98
аткарылды:
2
ЕБРРдин каржылоосу менен 4,0 млн. евролук «Баткен шаарынын таза суу жана канализация системаларын өнүктүрүү» долбоору ишке ашырылды. А.и. Грант-2.5 млн.€, кредит-1.5млн.€,
13,0
6,4
19,4
Аткарылды:
3
Чет-Була кварталында жайгашкан социалдык шаарчага "Мээрим Нуру" бала бакчасын ачуу
0,6
0,6
аткарылды
4
2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргы-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон жарандардын үй-бүлөсүнө жана шаарыбыздын аймагындагы карыялар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоолорду көрсөтүү
0,27
0,1
0,4
аткарылды:
5
Баткен шаарынын жаңы конуштарына электр мамычаларын, сым жана трансфорлорду сатып алуу.
3,0
аткарылды:
6
Баткен шаарынын И. Раззаков көчөсүнө жарыктандыруу каражаттарын орнотуу
3,0
1,1
4,07
Аткарылды СТИМГРАНТ
7
Борбордук стадионду реконструкциялоо
15,2
2,0
17,2
аткарылды:
8
Борбордук стадионго кийим алмаштыруучу жайды куруу
1,5
1,5
аткарылды:
9
Шаардын аймагындагы мамлекеттик атрибуттарды алмаштыруу үчүн
0,25
0,25
аткарылды:
10
Жениш паркына 2021-жылы Кыргыз-тажик чек ара окуясында курман болгон 36 баатырдын эстелигин курулду. Ага кошумча 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арада курман болгондордун тизмеси кошо киргизүү үчүн кошумча курулуш иштери жүрүүдө
0,6
0,6
аткарылды:
11
Баткен шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, 1050 түп ийне жалбырактуу көчөт жана 6400 түп гүлдөр отургузулду.
1,30
1,30
аткарылды:
12
Шаарда өтүүчү ишембиликтерге чарбалык каражаттарды сатып алуу
0,25
0,25
аткарылды:
13
Тазалык ишканасына: Жолбун иттерди атуу-0,25млн;
0,25
0,25
аткарылды:
14
Баткен шаарынын ички көчөлөрүнүн асфальттарын жамоо иштерин жүргүзүүгө
1,3
1,30
аткарылды:
15
Баткен шаарынын ички көчөлөрүн тегиздөө, шагыл төшөө жумуштары үчүн
0,4
0,40
аткарылды:
16
Шаардагы жолдорго жол белги орнотуу
0,7
0,70
аткарылды:
17
Шаардын аймагындагы светофорлорду тейлөө жумуштарына
0,2
0,20
аткарылды:
18
А.Орозбеков көчөсүнө сугат ноолорун орнотуу жана тротуар куруу (725 метр)
3,0
1,3
4,26
Аткарылды СТИМГРАНТ
19
Баткен шаарынын М. Салихов көчөсүнө ноолорун орнотуу жана тротуар куруу
3,4
3,40
Аткарылды:
20
Баткен шаарынын 8-март көчөсүнө суугат ноолорун орнотуу жана тротуар куруу
3,4
3,0
6,41
Аткарылды СТИМГРАНТ
21
М.Нургазыев көчөсүнө тротуар куруужана жарыктандыруу
3,0
3,0
аткарылды:
22
Мэрияны күзөтүү кызматы үчүн
0,24
0,24
аткарылды
23
Юридикалык иш-кагаздарга керектелуучу чыгымдар
2,00
2,00
аткарылды
24
Баткен шаарынын мэриясынын учурдагы ондоп түзөө жумуштарына
1,50
1,50
аткарылды
25
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 3,0 га жер аянтына муниципалдык базар куруу иштери
3,0
3,0
Курулуш жүрүүдө
26
Баткен шаарына видео байкоо каражаттарын сатып алуу
0,14
0,14
аткарылды
Бардыгы
24,9
45,1
6,4
76,4
ТЫШКЫ ИНВЕСТИЦИЯ
№
ИШ ЧАРАЛАР
2022-ж. каралган сумма (млн сом)
Аткарылышы жөнүндө маалымат
жерг.бюдж.
инвестиция
Жалпы суммасы
1
ЕБРРдин колдоосу менен 2016-2019 жалдары 5,02 млн. евролук «Баткен шаарынын таза суу жана канализация системаларын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу.
13,0
6,4
19,4
Аткарылды
2
Саудия Өнүктүрүү Фонду тарабынан каржыланып жаткан Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын Ак-Таш учаткасына 375 орундуу, 2 кабаттуу мектептин курулушу бүтүп пайдаланууга берилди. Долбоордун жалпы суммасы - 107,4 млн сом.
24,3
24,3
аткарылды
3
Баткен СЭС тин базасына Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан Баткен район аралык ОАА жана МСЭК борборундагы вирусология лобороториясынын курулушу
15,0
15,0
аткарылды:
4
2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргы-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыр тарткандар үчүн жана калктын аярлуу катмарына ООНдун Азык Түлүк Программасы (ВПП ООН) тарабынан 700 үй бүлөгө материалдык жардам берилди
11,6
11,6
Аткарылды:
Бардыгы
13,0
57,2
70,2
Тышкы инвестиция тартууда 57,2 млн сом каржыланып, 4долбоор ишке ашырылды. Алсак,
АР ТҮРДҮҮ КАРАЖАТТАР Ар түрдүү каражаттардын эсебинен 79,0 млн сом каржыланып, 4долбоор ишке ашырылды. Алсак,
№
ИШ ЧАРАЛАР
Жалпы суммасы (млн сом)
Аткарылышы жөнүндө маалымат
1
Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүндөгү "Жаштык" жаштык эс алуу багына санитардык тейлөө борборун курулушу жүрүп жатат. (ажаткана, душ, химичистка,) Каржылоо булагы КР Президентинин алдындагы инвестицияларды өнүктүрүү фонду.
2,5
курулуш жүрүүдө:
2
Чет-Булак кварталынын Курманжан-Датка көчөсүнө 0,5 га жер аянтына 3 кабаттуу, 300 орундуу Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиянын алдындагы ординатордук "Медициналык илимий-окуу-дарылоо" корпусунун имаратынын куруу долбоору жүрүүдө. Долбоордун башталышы 2022-жылдын июнь айы, бүтүшү 2024-жылдын декабры. Жалпы суммасы 603,0 млн сомду түзөт
67,3
Курулуш жүрүүдө:
3
С.Сыдыков көчөсүнө МЕГАКОМ уюлдук компаниясынын антенасын куруу
0,7
орнотулууда
4
Баткен Мамлекеттик Университетинин 1 кабаттуу кошумча имаратынын курулушу бүтүп пайдаланууга берилди
8,5
аткарылды
5
Бардыгы
79,0
ЖЕКЕ СЕКТОР 2022-жылы ичинде калктын жеке ишкердүүлүгүн колдоо багытында жалпы суммасы 27,1 млн сомдук 11 иш-чара аткарылды. Алар,
№
Иш чаралар
Жеке сектор
Эскертүү
1
Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүнө мебель жасоочу цехтин ачуу
1,6
аткарылды:
2
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр жай алкагына таш-шырдак жасоочу цех куруу долбоору жүрүп жатат. Жалпы жер аянты 1,0 га, Долбоордун жалпы суммасы 5,0 млн сом.
0,9
Курулуш жүрүүдө.
Соода сатык жана тейлөө тармагы
3
Чет-Булак кварталынын С.Сыдыков көчөсүндөгү унаатетиктерин сатуучу дүкөндүн курулушу. ж/и Назаров Абдипатта Жалалович.
2,2
аткарылды:
4
М.Нургазыев көчөсүндөгү "Форель" мини маркетинин курулушу ишке киргизилди.
1,5
аткарылды:
5
Чет-Булак кварталынадагы "Аида" азык-түлүк дүкөнүнүн курулушу
0,871
аткарылды:
6
Чет-Булак кварталынын С.Сыдыков көчөсүндөгү "Айгул-Тоо" мейманканасынын курулушу. ж/и Д.Акматбеков
10,235
аткарылды:
7
Баткен шаарынын С.Айтматов көчөсүнө санитардык тейлөө борборун куруу (ажаткана, душ, химичистка, тигүү цехи)
3,13
аткарылды:
8
Курманжан-Датка көчөсүндөгү азык-түлүк дүкөнүнүн курулушу
2,40
аткарылды:
9
Кызыл-Дөң кварталынын К.Турмаматов көчөсүндөгү "Көз нуру" медициналык борборун ачуу (ж/и Ибраимова Айгүл Асановна)
1,60
аткарылды:
Айыл чарба
10
Базар-Башы кварталынын Токтогул-Олуя айылына 1000 тоокко ыйлайыкташтырылган ферманын курулушу. ж/и Алиева Бактыгүл
1,4
аткарылды:
11
Кызы-Жол кварталынын БАМ участкасына 0,6 га жер аянтына күнөскана куруу
1,3
аткарылды:
Бардыгы
27,14
Маалым болгондой жеке ишкерлерди колдоо максатында Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына өнөр жай аймагы үчүн 172,9 га жер аянты транформацияланган. Бул жер аянттардын бүгүнкү күнгө болгону 12,2 га жер аянты жеке ишкерлерге берилген. 160,7 га сатылбай турат. Анын ичинен “Ихлас” компаниясына сатыш керек болгон 8,0 га жер аянтынын маселеси чечилбей турат.
Баткен шаарынын мэри
И.Бурканов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 4 · cited by 0 · related 0
References (4)
- Указ Президента КР от 29 января 2021 года УП № 3 "О защите собственности и поддержке предпринимателей и инвесторов"Указ · 29.01.2021 · № 3
- Указ Президента КР от 31 января 2022 года УП № 17 "Об объявлении 2022 года Годом защиты горных экосистем и климатической устойчивости"Указ · 31.01.2022 · № 17
- Указ Президента КР от 29 января 2021 года УП № 1 "О духовно-нравственном развитии и физическом воспитании личности"Указ · 29.01.2021 · № 1
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 апреля 2022 года № 234 "О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду…Постановление · 30.04.2022 · № 234 · No longer in force