Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Тал айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомун аткарууга алуу жөнүндө» токтому
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XX-сессиясы
2019-жылдын 10-июлу № 20/4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомун аткарууга алуу жөнүндө “Сугат, айдоо жерлерин, жарактуу башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мароторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлерин жер участокторун которуунун (транформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомуна ылайык, депутаттардын сын-сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Ак-Тал айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтому менен бекитилген жобонун эрежелерине ылайык, Ак-Тал айыл аймагынын түштүк батыш тарабындагы сугат айдоо жер аянтын турак жай салуу үчүн бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) боюнча райондук жана облустук жер комиссиясына сунушталсын (2009-жылга чейин турак жай салууга берилген жерлер).
2. Тиешелүү иш кагаздарды мыйзамдаштыруу жана укук берүүчү документтерди Ак-Талаа райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагын Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбекке милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы:
М. Сулайманов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 31 октября 2018 года № 512 "Об утверждении Временного порядка перевода (трансформации) земельных участков орошаемой пашни, застроенных…Постановление · 31.10.2018 · № 512 · No longer in force