Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин «Көк-Жаңгак шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2023-2024-ж.ж. болжолун (прогноз) бекитүү жөнүндө» токтому
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги ХII-сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 12/1 Көк-Жаңгак шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2023-2024-ж.ж. болжолун (прогноз) бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Көк-Жаңгак шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолунун (прогноз) долбоорун шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмелеринде каралганы жөнүндө белгилеп, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХII сессиясы ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 18 282,3 миң (он сегиз миллион эки жүз сексен эки миң үч жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 13 694,0 миң ( он үч миллион алты жүз токсон төрт миң) сом, теңдөөчү грант 4 588,3 миң (төрт миллион беш жүз сексен сегиз миң үч жүз) сом, 2023-жылга болжолу 18 620,3 миң (он сегиз миллион алты жүз жыйырма миң үч жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 14 032,0 миң ( он төрт миллион отуз эки миң) сом, теңдөөчү грант 4 588,3 миң ( төрт миллион беш жүз сексен сегиз миң үч жүз) сом, 2024-жылга болжолу 18 866,3 миң ( он сегиз миллион сегиз жүз алтымыш алты миң үч жүз) сом, анын ичинен жергиликтүү кирешелер 14 278,0 миң (он төрт миллион эки жүз жетимиш сегиз миң) сом, теңдөөчү грант 4 588,3 миң (төрт миллион беш жүз сексен сегиз миң үч жүз) сом №1,2 тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
(Тиркеме № 1,2 тиркелет)
2. Көк-Жаңгак шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү кирешелер 13 694,0 миң (он үч миллион алты жүз токсон төрт миң) сомду түзүп, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 2 678,8 миң ( эки миллион алты жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз) сом бекитилсин.
3. Республикалык бюджеттен түшүүчү 4 588,3 миң (төрт миллион беш жүз сексен сегиз миң үч жүз) сом теңдөөчу грант бекитилсин.
4. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган калдык акча 1 625,2 миң (бир миллион алты жүз жыйырма беш миң эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына калган калдык 1 625,2 миң сом акча каражаттын эсебинен:
Шаардык мэрияга жалпысынан 1 437,6 миң сом каралсын, анын ичинен: Эмгек акысына – 190,9 миң сом; Соц.фонд төлөмдөрүнө – 32,9 миң сом; Башка тейлөө кызматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар – 620,0 миң сом; Көмүр алууга – 20,0 миң сом; Имараттар жана курулмаларга – 573,8 миң сом;
Шаардык кеңешке жалпысынан 83,4 миң сом каралсын, анын ичинен: Эмгек акысына – 58,9 миң сом; Соц.фонд төлөмдөрүнө – 9,9 миң сом; Машина жана жабдуулар – 14,6 миң сом;
Коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 76,2 миң сом каралсын, анын ичинен: Эмгек акысына – 65,0 миң сом; Соц.фонд төлөмдөрүнө – 11,2 миң сом;
Маданият бөлүмүнө жалпысынан 28,0 миң сом каралсын, анын ичинен: Машина жана жабдуулар үчүн– 28,0 миң сом;
6. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жергиликтүү бюджеттин чыгымдардын көлөмүнө карата 1% чегинде резервдик фонд 155,0 миң сом шаардын мэринин эсебине бекитилсин.
7. Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнө (Сейдакматова С.) афганчылардын, 1-2 топтогу майыптардын жана тоголок жетимдердин, ата-энеси майыптардын балдарынын 100%га, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын, бала кезинен майып балдарды 50% га ата-энелер төлөмүнөн (родплата) бошотуу милдеттендирилсин.
8. Көк-Жаңгак шаардык мэриясына жалпысынан 5 224,7 миң (беш миллион эки жүз жыйырма төрт миң жети жүз) сом анын ичинен 200,0 миң сом жыл ичинде күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн бекитилсин.
9. Калкка соц.жардам берүү боюнча жөлөк пүл 487,5 миң (төрт жүз сексен жети миң беш жүз) сом бекитилсин.
10. Көк-Жаңгак шаардык кеңешке жалпысынан 955,1 миң (тогуз жүз элүү беш миң бир жүз) сом бекитилсин.
11. Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 3 523,3 миң (үч миллион беш жүз жыйырма үч миң үч жүз) сом бекитилсин.
12. Шаардык маданият бөлүмүнө жалпысынан 3 012,0 миң (үч миллион он эки миң) сом бекитилсин.
13. Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 2 360,9 миң (эки миллион үч жүз алтымыш миң тогуз жүз) сом бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл 15-январдагы №7 токтомуна ылайык «Радуга», «Ромашка», «Байчечекей», «Сказка», «Солнышко» балдар бакчаларындагы тарбиялануучуларга 18 сомдон күнүнө тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн, каражаттардын өз учурунда максаттуу пайдаланышына жоопкерчилик шаардын мэрине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине жана балдар бакчаларынын жетекчилерине жүктөлсүн. Ата-энелерден жана башка спонсордук жардамдардан түшкөн төлөмдөр атайын эсепке түшүрүлүп, максаттуу жана мыйзамдын негизинде жумшалсын.
14. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде ар кварталдык жана жылдык отчеттордун аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна берилсин.
15. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине милдеттендирилсин.
16. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.
17. Бул токтом расмий жарыяланып, 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:
З. Байдавлетов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 15 января 2008 года № 7 "О денежных нормах питания в учреждениях социальной сферы"Постановление · 15.01.2008 · № 7