Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Достук айылдык кеңешинин «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 13-январы № 11 Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл № 715 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жана Достук айыл өкмөтү менен түзүлүүчү айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишими боюнча айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Нурмамат уулу Нышанбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жана Достук айыл өкмөтү менен түзүлүүчү айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишими боюнча айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Нурмамат уулу Нышанбектин билдирүүсү эске алынсын.
2. ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл № 715 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жана Достук айыл өкмөтү менен түзүлүүчү айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү келишими бекитилсин.
3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин шарттарын мыйзам чегинде аткаруу жагы Достук айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Нурмамат уулу Нышанбекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Достук айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы
Э. Мансиркулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 19 декабря 2014 года № 715 "Об утверждении Временной методики расчета объема трансфертов, предоставляемых местным бюджетам из республиканского…Постановление · 19.12.2014 · № 715
- Закон «О порядке делегирования органам местного самоуправления отдельных государственных полномочий»Закон · 09.07.2013 · № 127
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force