Достук айылдык кеңешинин «Шамалды-Сай айылынын Адыр-2 көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун каарманы маркум Алимбеков Ибрагимдин ысымын ыйгаруу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 7-июну № 3 Шамалды-Сай айылынын Адыр-2 көчөсүнө Улуу Ата мекендик согуштун каарманы маркум Алимбеков Ибрагимдин ысымын ыйгаруу жөнүндө Улуу Ата мекендик согуштун каарманы маркум Алимбеков Ибрагимдин ысымын Адыр-2 көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө Адыр-2 көчөсүнүн тургундарынын 2021-жылдын 19-февралындагы кайрылуусунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 19-августундагы № 467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык жана Достук айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Башихтинованын сунушун угуп жана талкуулап Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Башихтинованын маалыматы эске алынсын.
2. Шамалды-Сай айылындагы Адыр-2 көчөсүнө Ибрагим Алимбековдун ысымы ыйгарылсын.
3. ”Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук филиалынан жана Ноокен району шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. Адыр-2 көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Ибрагим Алимбековдун жакын туугандарына (жубайы, балдары) милдеттендирилсин.
5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнүн жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинен камсыздоо маркум Ибрагим Алимбековдун үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына жүктөлсүн.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Достук айылдык кенешинин Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы
Н.Мадалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке наименования, переименования географических объектов, учете и регистрации географических названий в Кыргызской Республике (утверждено постановлением…Положение · 19.08.2008 · № 467 · No longer in force