Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин «Кара-Бүргөн айылындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө» токтому
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 3 сессиясы
2021-жылдын 29-июлу № 3/4 Кара-Бүргөн айылындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө Акыркы учурларда жайыт жерлерден мамлекет тарабынан коргоого алынгын жапайы өсүмдүктөрдү (эндик) мыйзамсыз казып, мыйзамсыз сатып өткөрүү менен алектенген учурлар көп кездешүүдө. Бул нерсенин туура эмес кесепетин бир канча жылдардан кийин өзүбүз тартып, мал- жандыктарыбыз үчүн жаратылыш кыртышын бузуп жатканыбызды тилекке каршы айрам жарандарыбыз ойлонбой жаткандыктары белгиленди жана мындан кийин да кайталануусун алдын алуу максатында,
1. Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин коргоо жана кайра өстүрүү максатында жапайы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн жана бөлүктөрүн, жаӊы үзгөн, жаӊы кайра иштетилген түрүн, продуктыларын жыйноого Кара-Бүргөн айыл аймагынын жайыт жерлериндеги жапайы өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого тыюу салынсын.
2. Кара-Бүргөн айыл аймагынын жайыт жерлеринде өскөн табигый өсүмдүктөру коргоого алынсын.
Айылдык кеңештин төрагасы
Б.И. Кемелов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «Об охране и использовании растительного мира»Закон · 20.06.2001 · № 53