Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Казыбек айылдык кеңешинин «Метеорологиялык станция куруу жөнүндө» токтому
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 1 Метеорологиялык станция куруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга Региондорду өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Банктын “Борбордук Азиядагы Гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо” долбоорунун негизинде “Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Торугарт айыл” аймагынын климаттык шарттарын изилдөө максатында заманбап автоматташтырылган метеорологиялык станциясын орнотуу каралууда. Кыргызгидрометтин станцияларын жана посторун жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жерлер Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси боюнча (15-главасынын 84, 85-беренелери) жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы №94 “Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьектилери жөнүндөгү” мыйзамына ылайык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерине кирет жана өзгөчө коргоо режими белгиленет деп көрсөтүлгөн. Жогоркулардын негизинде, Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Торугарт аймагындагы мурунку метеостанция турган жерден автоматташтырылган метеорологиялык станциясын орнотуу үчүн жогорудагы талаптарга ылайык 0,10 (он сотых) га жер тилкесине макулдук берүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат :
1. Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Торугарт аймагындагы мурунку метеостанция турган жерден автоматташтырылган метеорологиялык станциясын орнотуу үчүн 0,10 (он сотых) га жер тилкесине макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүп берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага
Д. Кайыпов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Закон «О стратегических объектах Кыргызской Республики»Закон · 23.05.2008 · № 94
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · No longer in force