Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Тал айылдык кеңешинин «Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсү жөнүндө» токтому
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XXIII-сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № 23/5 Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк Кодекси”, “Кыргыз Республикасынын Граждандардын абалын каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен келишим түзүү жөнүндө Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Ак-Тал айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын аткаруу Ак-Тал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Байбагышова Майрамкүл Мураткановна бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбекке милдеттендирилсин.
4.Бул токтом Ак-Тал айыл өкмөт сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кеңештин төрагасы:
М.Сулайманов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Семейный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Закон «О порядке делегирования органам местного самоуправления отдельных государственных полномочий»Закон · 09.07.2013 · № 127
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force