Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Куршаб айлдык кеңешинин «Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Куршаб айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 8 Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө. Куршаб айылдык Кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени алдын ала карап, Куршаб айылдык Кеңешинин (жетинчи шайланган) III кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Дөдөнов Полотбектин менчигинде турган коду № 5-06-11-1001-3856 контора багытындагы жер участкасын турак жай куруу багытына өзгөртүүгө жана мыйзам талаптарына ылайык курулуш курууга макулдук берилсин.
2. Куршаб айыл Өкмөтүнө кошуналарынын макулдук каттарынын негизинде тийиштүү юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы тапшырылсын.
3. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы тийиштүү мамлекеттик башкармалыктарынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш,жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы
Жумаев Б.Э.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.