Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ача-Кайынды айылдык кеңешинин «Ача-Кайыңды айыл аймагынан топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берүү жөнүндө» токтому
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы 2021-жылдын 11-августу № II/III Ача-Кайыңды айыл аймагынан топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берүү жөнүндө Ача-Кайыңды айыл аймагынан топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берүү боюнча айыл тургундарынын кайрылууларын карап жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл тургундарынын кайрылуулары канааттандырылып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 токтомунун негизинде Ача-Кайынды айыл аймагынан топурак алуу үчүн карьер ачууга уруксат берилсин.
2. Ача-Кайынды айыл тургундарына курулуш материал катары топурак алуу үчүн Ача-Кайынды айылынын Келте-Тумшук участкасынан 0,10га жер аянты 3жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилсин.
3. Жер аянтын жеринде чектеп берүү жагы Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын.
4. Бөлүнүп берилген жер аянтына талаптарды так сактоо менен иш жүргүзүү жагы Ача-Кайынды айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысына тапшырылсын.
5. Бул токтомду жетекчиликке алып иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага
М.Мааткабылов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.