Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кууганды айылдык Кеңешинин «Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү келишимин түзүү жөнүндө» токтому
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2020-жылдын 21-январы №98 «Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү келишимин түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтомунун негизинде бекитилген “Салыктын укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү” Жобосуна ылайык түзүлгөн келишимдин типтүү формасы менен таанышып жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Кууганды айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгынын КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтомунун негизинде бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар” жөнүндөгү Токтомун ишке ашыруу үчүн түзүлгөн келишимдин типтүү формасы макулдашылсын жана бекитилсин. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл ѳкмѳт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага:
Э. Тайтекеев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.