Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Капчыгай айылдык кеңешинин «Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымын күчүнө киргизүү жана салыгын белгилеп берүү жөнүндө» токтому
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Капчыгай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
2019-жылдын 04-февралы №12.2 Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымын күчүнө киргизүү жана салыгын белгилеп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №89 мыйзамына ылайык жана 2018-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 73-74-беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн таштанды жыйымын күчүнө киргизүү жана 75-беренесинин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын салыгын,76-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык төлөө мөөнөтүн бекитип берүү,89-90-берененин негизинде жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым өлчөмү,тартиби жана аны төлөөнүн мөөнөттөрүн 100-берененин негизинде муниципалдык мүлктү ижарага берүү үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктап берүү жөнүндөгү Капчыгай айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 89 мыйзамына ылайык жана 2018-жылдын 28-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 73-74-беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымы 2019-жылдын 1-январынан күчүнө киргизилсин.
2. 75-берененин жана 76-берененин 1- жана 2-бөлүмүнүн негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымы 2019-жыл үчүн бир жашоочуга 10 (он) сомго, соода сатык жүргүзгөн ишканаларга имаратынын бир чарчы метрине 10 сомго ,76-берененин 3-бөлүгүнүн негизинде төлөө мөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен,эсеп маалыматтарын берүү.
3. 89-90-берененин негизинде жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү жандыкка 8 (сегиз) сом,,ийри мүйүздүү малга 40 (кырк) сом,жылкыга 40 (кырк) сом өлчөмүндө белгиленсин,төлөө мөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Арзи у.Азизбекке милдеттендирилсин.
Тѳрайымы
П.Сайдилканова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Закон «О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах»Закон · 10.08.2018 · № 89
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Кодекс «О неналоговых доходах»Кодекс · 10.08.2018 · № 90