Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл-Кыя шаарынын 2019-жылга шаардык жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2019-жылдын 05-февралы №21/85 Кызыл-Кыя шаарынын 2019-жылга шаардык жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жегиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2019-жылга жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып такталгандыгын, туруктуу комиссиянын 2019-жылдын январь айындагы протоколдорунун чечимдерин, киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 . Кызыл-Кыя шаарынын 2019-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 136628,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2019-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2019-жылга шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2019-жылга 704-экономикалык бөлүкчөдөгү бөлүгүнүн акча каражаттары №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Шаардык бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын 2018-жылы каржыланбай калган кредитордук карыздары 2019-жылдын бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
6. Шаардык кенештин 2018-жылдын 27-июнундагы №15/63-токтомунун негизинде “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесине Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынан (ЕБРР) алынган насыяны кайтарууга 3500,0 мин сомду төлөө жагы милдеттендирилсин.
7. Шаардык бюджеттин 2019-жылдын 1-январына болгон эркин калдык 2358,9 мин сом, анын ичинен бюджет 963,4 мин сом, атайын каражат 1395,5 мин сомду түзөт. Шаардын бюджеттинин эркин калдыгы ММД аркылуу кенешке кызматтык автоунаа сатып алууга жана калган акча каражаты мэрия аркылуу каржылансын, атайын каражаттан калган калдык балдар бакчасына 1373,2 мин сом, Маданият бөлүмүнө 22,3 мин сом бөлүнүп берилсин.
8. 2019-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 100,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кенешинин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага
У.Дарипова
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 15/63 "Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин суу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2018 · № 15/63
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force