Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Авлетим айылдык кеӊешинин «Көпүрөгө ат коюу жөнүндө» токтому
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XХI сессиясы
2018-жылдын 20-ноябры №21/4 Көпүрөгө ат коюу жөнүндө
Айылдык Кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 19-ноябрындагы отурумунун корутундусуна ылайык, сессия ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мукур айылынын Олошов Тагай көчөсүнүн Мукур суусуна салынган көпүрөгө Афган согушунун катышуучусу, маркум Койчуманов Урүзалы Нурматовичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Көпүрөгө көрөнөктү тургузуу айыл өкмөтүнө (Н.Абдыраманов) милдеттендирилсин, ал эми ага көмөктөшүү У.Койчумановдун туугандарына сунушталсын.
3. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №610 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом w.w.w. avletim. Аksy. kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Жолдошов.К.О) жүктөлсүн.
Тѳрага
А.Шырдаков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.