Корул айылдык кеңешинин «1-Май айылынын тургуну Келишов Сыргабайдын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXIV отуруму
2018-жылдын 19-декабры №24/9 1-Май айылынын тургуну Келишов Сыргабайдын суроо талабын канааттандыруу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, 1-Май айылынын тургуну Келишов Сыргабайга көрктөндүрүү үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылынын тургуну Келишов Сыргабайга Олжоке көпүрөсүнөн төмөн карай, сайдын күнгөй тарабынан сел тосуу максатында, убактылуу 5 жылдык мөөнөткө 0,50га жер аянты көрктөндүрүү үчүн чектелип берилсин. Эгер эки жыл ичинде өздөштүрүлүп, көрктөндүрүлбөсө чектелип берилген жерди алып коюу жагы каралсын. Көктөндүрүлгөн бак-дарактын тең жарымына айыл өкмөтү ээлик кылат.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
Тѳрага
Т.Маназаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Закон «О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 16.11.2011 · № 213 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force