Коңорчок айылдык кеңешинин «Жайыт комитетинин 2015-жылы аткарган иши 2016-жылга иш планын бекитүү жѳнүндѳ» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2016-жылдын 13-июлу № 6/6 Жайыт комитетинин 2015-жылы аткарган иши 2016-жылга иш планын бекитүү жѳнүндѳ Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Депутаттардын Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
· Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин 2016-жылдагы түзүлгѳн иш планы жана сметасы бекитилсин.
· Коңорчок айыл округунун Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2015-жылдагы аткарылган иштеринин отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
· Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин мал эсебин тактап учетко алуу жагы боюнча жаны түзүлгѳн комиссиянын курамы бекитилсин.
· Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин жайыт пайдалануу боюнча жылдык планы бекитилсин.
· Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин тѳрагасы, бухгалтерине түзүлгѳн сметасына ылайык эмгек акы тѳлѳѳ жагы бардык тѳлѳмдѳрдѳн тышкары бекитилсин.
· Жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жѳнүндѳгү келишимде кѳрсѳтүлгѳн баардык талаптар эки тарапка тең (жайыт берүүчү, жайыт пайдалануучу) бирдей аткарууга алынсын.
· Айыл округу тарабынан бериле турган бардык малдарга тиешелүү справкалар (ветеринардык, мал сатууга, кредит алууга ж.б.) жайыт комитетинин макулдугу менен берилүүсү Конорчок айыл округунун жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
· Жайыт акыларынын ѳндүрүлүшүн камсыз кылуу жана мындан ары жайыт мыйзымынын чегинде иштерди жүргүзүү жагы Жайыт комитетинин мүчѳлѳрүнѳ, Ж/К не жана айыл округуна милдеттендирилсин, жыйынтыгы ар бир жарым жылда жалпы элдик чогулушта угулсун.
· Жайыттарды башка максатта пайдалануу Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрь №254 мыйзамында корсотулгондой 3-берененин 3-пунктунун негизинде келишимдерди түзүү Ж/К аркылуу жүргүзүлсүн.
· Милдеттендирилсин: Айыл ѳкмѳт башчысына, жайыт комитетинин тѳрагасына,
· жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчѳлѳрүнѳ, вет. адистерине.
Төрага
Байыш у У.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пастбищах»Закон · 28.12.2011 · № 254 · No longer in force