Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Сүлүктү шаардык кеңешинин «Сүлүктү шаарынын мэриясынын, шаардык кеӊештин жана “Шахтер жолу” гезитинин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына кошумча төлөөгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) XXVIII сессиясы
2020-жылдын 2-июлу № 127 Сүлүктү шаарынын мэриясынын, шаардык кеӊештин жана “Шахтер жолу” гезитинин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына кошумча төлөөгө макулдук берүү жөнүндө Сүлүктү шаардык мэриясынын, шаардык кеӊештин жана “Шахтер жолу” гезитинин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына 15% өлчөмүндө кошумча төлөө жөнүндөгу 2020-жылдын 17-июнундагы №01-12/07-1143 чыгыш сандуу, шаардык кеӊештин 2020-ж. 23-июнь №64 чыгыш сандуу, “Шахтер жолу” гезитинин 2020-жылдын 22-июнундагы №43 чыгыш сандуу каттарын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 164, 224 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-ж. 27-апрель №258 – токтомунун 1-тиркеме 8-пункт, 2016-ж.11-апрель №201 токтомунун 2 тиркемеси, Кадам жай райондук ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлүнүн 2019-жылдын 4-декабрындаг №44, №74, 2020-жылдын 20-январындагы №13, 17-мартындагы №34 протоколдоруна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын, шаардык кеӊештин жана “Шахтер жолу” гезитинин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына 15% өлчөмүндө кошумча төлөөгө макулдук берилсин
2. Шаардын мэриясынын, шаардык кеӊештин жана “Шахтер жолу” гезитинин жооптуу кызматкерлерине жеке электрондук - эсептөө машиналардын ишинин зыяндуу шарттары үчүн эмгек акыларына кошумча төлөөнү жүргүзүү жагы аталган ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин
3. Көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К. Исмаилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 27 апреля 2015 года № 258 "Об утверждении Положения о порядке установления доплат за тяжелые работы и работы с вредными или опасными условиями…Постановление · 27.04.2015 · № 258
- Трудовой кодекс КРКодекс · 04.08.2004 · № 106 · No longer in force