Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Масы айылдык кеңешинин «Бишкек-Ош, Маданият Жалал-Абад жана 4 фаза учаткаларында автожолдорун реконструкциялоо учурунда керектелүүчү кум шагал алууда Масы айыл аймагындагы Кара-Коюн участкасынан аянты 3 (үч) га жерден кум, шагал алууга карьер бөлүп берүү» жөнүндө токтому
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
2020-жылдын 8-майы № 4 Бишкек-Ош, Маданият Жалал-Абад жана 4 фаза учаткаларында автожолдорун реконструкциялоо учурунда керектелүүчү кум шагал алууда Масы айыл аймагындагы Кара-Коюн участкасынан аянты 3 (үч) га жерден кум, шагал алууга карьер бөлүп берүү маселесин угуп жана тулкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин өкүлү Осоров Азамжан Кадыровичтин ишеним катынын негизинде (доверенность № 14-8/1010 от 14.02.2020), өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 18.07. 2019-жылдын № 04-4/9607-сандуу каты жана КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-майындагы № 374 токтомунун жана ОсОО «АЗВИРТ» Кыргыз Республикасындагы филиалынын 2020-жылдын 6-мартындагы № 931 сандуу арызынын негизинде Бишкек-Ош, Маданият-Жалал-Абад жана 4 фаза участкаларында автожолдорун реконструкциялоо үчүн Масы айыл аймагынын Кара-Коюн участкасынан кум, таш шагал алуу үчүн 3 га жер тилкеси 2021-жылдын июль айына чейин бөлүнүп берилсин.
2. Аталган жер аянттарын иштетүүдө техникалык коопсуздуктарын сактап, калктуу конуштардын жолдорун оңдоп, чаңдан, суу себип туруу. Карьерге бөлүнгөн жер аянтын иштетип бүткөндөн кийин рекультивация жасатып кайра Масы айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү ОсОО «АЗВИРТ» Кыргыз Республикасындагы филиалына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Масы айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамытовго тапшрылсын.
Масы айылдык Кеңешинин төрагасы
А Нарматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 21 мая 2004 года №374 "О реализации инвестиционных проектов строительства, реабилитации и реконструкции автомобильных дорог в Кыргызской…Постановление · 21.05.2004 · № 374 · No longer in force