Кара-Көл шаарды кеңешинин “Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы III сессиясынын № 6/3-7 токтому менен бекитилгенКара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 22-сентябры №209/42-7 “Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы III сессиясынын № 6/3-7 токтому менен бекитилгенКара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 32- беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7 токтому менен бекитилген Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
2. Алтынчы главанын 6.5. бөлүгүнүн 5-абзацынан кийин жаңы абзац менен “ Пандемия жана башка өзгөчө кырдаал мезгилинде туруктуу комиссиялар өз жыйындарын онлайн тартибинде өткөрө алат. Туруктуу комиссиялардын жыйынына катышуучу тараптар да видеоконференцияга катышууга укуктуу”
3. Он биринчи главанын 11.1. бөлүгүнүн 6-абзацы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: “Эгерде маселе олуттуу мүнөзгө ээ болбосо, бирок анын сессияда бекитилиши сөзсүз болсо, анда бул учурда маселени талкулоо жана чечим кабыл алуу онлайн тартибинде (зум, ватсап жана башка программалар аркылуу) өткөрүлүшү мүмкүн”.
4. Он биринчи главанын 11.1. бөлүгүнүн 6-абзацынан кийин жаңы абзац менен “Пандемия жана башка өзгөчө кырдаал мезгилинде шаардык кеңештин сессиялары онлайн тартибинде ( зум, ватсап жана башка программалар аркылуу) өткөрүлүшү мүмкүн”.
5. Бешинчи главанын 5.2. бөлүгүнүн аягына “Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы, төраганын орун басары жок мезгилде шаардык кеңештин аппарат жетекчиси шаардык кеңештин төрагасы менен телефон аркылуу макулдашкандан кийин каттарды тиешелүү туруктуу комиссияларга, аппарат кызматкерлерине аткарууга жолдой алат жана чыгыш каттарга кол кое алат. Аппарат жетекчи өзү кол койгон документтерге мыйзам чегиндеги жоопкерчиликти алат”.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык кеңешинин аппаратына, көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
Б.Н.Кыргызалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 1 · related 1
Cited by (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force