Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Сузак айылдык кеңешинин «Сузак айыл аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жөнүндө» токтому
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ СУЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXI-СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 22-апрели №4 Сузак айыл аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы №92-б буйругуна ылайык;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак айыл өкмөтүнүн аймагына коронавирус инфекциясынын кируусун алдын алуу жана жайылышына жол бербоо боюнча ыкчам чаралар көрүлсүн, экономикалык иш чаралар аткарууга алынсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы №92-б буйругунун, Кыргыз Республикасынын эмгек Кодексинин 114 жана 115-беренесинин негизинде белгиленген дем алыш күндөрүндө иштеген кызматкерлерге төлөмдөр жүргүзүлсүн.
2. Андан тышкары Сузак айыл өкмөтүнүн айлана чөйрөсү чондугун эске алып, коронавирус инфекциясынын кесепетинен тазалоо, санитардык иштерди жүргүзүү максатында 70629-коммуналдык чарба бөлүмүнө 1 штат бирдиги кошулсун жана анын айлык акысы 2020-жылдын апрель айынан баштап 5000 сом өлчөмүндө эсептелсин.
3. 70629-коммуналдык чарба бөлүмүнө каралган 1 штаттын айлык акысын жана анын социалдык фондго чегерүүсүн, дем алыш күндөрү иштеген кызматкерлердин төлөмдөрүн эсептеп төлөп берүү үчүн 70629- коммуналдык чарба бөлүмдүн 3111- имараттар жана курулмалар беренесинин II-кварталынан 363,8 (үч жүз элүү миң сегиз жүз) сом азайтылсын жана 70629 – коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2111- айлык акы беренесине 45,0 (кырк беш мин) сом, 2121- социалдык фондго чегерүү беренесине 7,8 (жети миң сегиз жүз) сомго, 70111-башкаруу бөлүмүнүн 2111-беренесине айлык маянасына 267,0 (эки жүз алтымыш жети миң) сом, 2121-беренесине анын социалдык фондго чегерүүсүнө 46,0 (кырк алты мин) сомго жалпы 365,8 (үч жүз алтымыш беш миң сегиз жүз) сом II-кварталына көбөйтүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан 2020-жылдын чыгашаларынын планын тактоо үчүн өзгөртүү киргизүү суралсын.
5. Токтомдо бекитилген акча каражатын натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Н.Сариевге жана ФЭБ башчысы М.А.Карабаевага милдеттендирилсин.
Сузак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы
Хакимов Ж.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.