Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Токтогул шаардык кенешинин (Кызматтык үй куруу үчүн жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө) токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2020-жылдын 13- марты № 11 Кызматтык үй куруу үчүн жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” “Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө”мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону” бекитүү жөнүндөгү 2011-жылдын 23-сентябры № 571 токтомуна ылайык, Токтогул райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Н.Жумабаевдин 14.10.2019-жылдагы кайрылуу каты шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана башка депутаттардын катышууусунда 10.03.2020-жылдагы кеңешмеде каралып, талкууга алынды. Жыйынтыгында, кенешменин корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар аймагында жергиликтүү калкка саламаттык сактоо багытында кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик стандартка ылайык жүргүзүүнү камсыздоо боюнча иш-аракеттер жогоруда аталган кеңешменин чечими менен колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Ага ылайык Токтогул шаарынын Таласбай кичи районундагы муниципалдык менчиктеги жер аянтынан оперативдүү башкаруу укугу менен 0,20 га жер тилкесин медицина кызматкерлерине мамлекеттик турак үй куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. 5 (беш) жыл ичинде бөлүнүп берилген жер участогу аталган максаттуу багытында пайдаланылбаса, жерди кайрадан муниципалдык менчикке алына турган шарт менен берүү жагы каралсын.
4. Жер участокко укук берүүгө байланышкан иштерди тиешелүү нормативдик укуктук актыларда каралган тартипте жүргүзүү Токтогул шаардык мэриясындагы муниципалдык менчиктеги жерге укук берүүчү атайын комиссияга милдеттендирилсин (К.Жумалиев).
5. Бул токтомду жалпысынан аткаруу Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципалдык менчик жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
М.Н.Жусупахунов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 3
References (1)
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force
- Закон «О статусе медицинского работника»Закон · 28.05.2013 · № 81 · No longer in force