Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Могол айылдык кенешинин (Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна кайтарымсыз ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ) токтому
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIХ– сессиясы
2019-жылдын 26-декабры №9 Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна кайтарымсыз ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №206-токтому менен (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы №349, 2017-жылдын 24-ноябрындагы №773-токтомдорунун редакцияларына ылайык) Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын электр тармагына ѳткѳрүп берүү боюнча Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХIХ–сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №206-токтому менен бекитилген “Турак-жай объекттеринин турмуш тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды, аларды эксплуатациялоону жүзѳгѳ ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз ѳткѳрүп барүү тартибине ылайык, Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык 7 (жети) трансформатор жана электрмамы-чалары “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна акысыз ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Ѳткѳрүп берүү боюнча Могол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тийиштүү жумуштарды жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы:
Т.Омурзаков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 0
References (3)
- ПОстановление Правительства КР от 11 апреля 2016 года № 206 "О мерах по реализации требований статей 189 и 253 Налогового кодекса Кыргызской Республики"Постановление · 11.04.2016 · № 206 · No longer in force
Showing 1 of 3. The full list is in the links panel.