Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кара-Көл шаардык кеңешинин (“Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Кулжигачева Махабат Женишовнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө”) токтому
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ 2019-жылдын 19-декабры №187/36-7 “Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Кулжигачева Махабат Женишовнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Кара-Көл шаардык кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын лидери Т.Т.Молдомуровдун шаардык кеңештин депутаты, “ Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Кулжигачева Махабат Женишовна ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүү жөнүндө сунушун жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XХXVI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт. Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Кулжигачева Махабат Женишовна 2019-жыл ичинде өткөрүлгөн 11 сессияга катышкан жок. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 118 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө “ Мыйзамы жарыяланып, күчүнө киргенден бери Кара-Көл шаардык кеңешинде 4 сессия өткөрүлгөн. Бул өткөрүлгөн сессияларга М.Ж.Кулжигачева катышкан жок. Жүйөлүү себептерин тастыктаган документтери да шаардык кеңештин аппаратына тапшырылган жок. Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктунун жана 3-бөлүгүнүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XХXVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Махабат Женишовна Кулжигачеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүү боюнча Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясына сунуштама берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынан Махабат Женишовна Кулжигачеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүү суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага
Н.Б.Кыргызалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О статусе депутатов местных кенешей»Закон · 13.01.2000 · № 3