Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин (Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүңдө токтому)
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № 4 Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүңдө
Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата суунун тарифтерин бекитүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VIчакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы
Токтом кылат:
1.Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.
2.Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жалал-Абад областтык антимонополия жөнгө салуу агенттигинин макулдашуусу менен 2020-жылга карата Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында таза суунун тарифи 1-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик
администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы
Ж. Бегалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.