Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин (Сары-Булак айылынан ОсОО Нур-Телеком компаниясына убактылуу жер берүү жөнүндө.) токтому
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXV сессиясы
2019-жылдын 01-октябры №25/124 Сары-Булак айылынан ОсОО Нур-Телеком компаниясына убактылуу жер берүү жөнүндө. Сары-Булак айыл аймагына караштуу Сары-Булак айылынын элин уюлдук байланыш менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7-статьясынын 3-пункутуна, 32-статьясынын 4-пунктуна,Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябры № 515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Сары-Булак айылынын Сары-Булак участогунан «Нур-Телеком» уюлдук байланышынын фидердик антена жана тетиктерин орнотууга жер берүүгө макулдук берилсин.
2. «Нур-Телеком» уюлдук байланыш ишканасына келишимдин негизинде жер берүү менен берилген жерди жеринде чектеп берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология,жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Т. Жумамүдүн уулу
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 515 "О порядке предоставления права пользования пастбищными ресурсами в иных целях, не связанных с выпасом скота"Постановление · 13.09.2013 · № 515 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · No longer in force