Абды Суеркулов айылдык кеңешинин «Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы 2020-жылдын 30-июну № 116 Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Абды Суеркулов айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы №115 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат ордунун штаттык бирдиги (1штаттык бирдик) бекитилсин.
2. Бекитилген штаттык бирдик тууралуу Токтогул райондук финансы бөлүмүнө билдирүү жагы ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Анарбек кызы Гүлзадага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге жүктөлсүн.
Төрага
У.Бучуков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.