Баткен шаардык Кенешинин «2020-жылдын 11-ноябры № 45 «Баткен шаарынын Чет-Булак, БАМ участкаларындагы айыл чарба жерлери категориясындагы, 199,6 га өлчөмүндөгү жер аянттарын калктуу конуш жерлери категориясындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын
2020-жылдын 11-ноябры № 45 Баткен шаарынын Чет-Булак, БАМ участкаларындагы айыл чарба жерлери категориясындагы, 199,6 га өлчөмүндөгү жер аянттарын калктуу конуш жерлери категориясындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо)» жөнүндөгү 2013-жылдын 15-июлдагы № 145 Мыйзамынын 7-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаар мэриясынын 2020-жыл 6-ноябрындагы №01-21/1083 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 6-ноябрдагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак участкасынын түштүк-чыгышындагы 41,6 га контр№ 798-817-819-820-821-1253-1254-1255-1256-1263-1264-1265-1281-1282, БАМ участкасындагы №74-75-77-78-79-230-686-687-388-691 контурларындагы 158,0 га, жалпы 199,6 га айыл чарба жерлери категориясындагы, жайыт түрүндөгү жер аянттары калктуу конуш жерлери категориясындагы жерлер түрүнө корторууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
3.Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Примкулов/ тапшырылсын.
Баткен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы
А.Ташбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force