Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 2020-жылдын 06–июлундагы № 25/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64-токтомунун негизинде айылдык кенешинин катчы кызмат оруну киргизилгендигине байланыштуу Алайку айыл өкмөтүнүн аппаратынын кайра штаттык түзүмүн кайра бекитүү жөнүндө» токтому
АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Алайку айылдык кеңешинин кезектеги 25- сессиясынын (6-чакырылыш) жыйналышынын 2020-жылдын 06–июлу № 25/1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64-токтомунун негизинде айылдык кенешинин катчы кызмат оруну киргизилгендигине байланыштуу Алайку айыл өкмөтүнүн аппаратынын кайра штаттык түзүмүн кайра бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 31.01.2017-жылдагы № 17-“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат орундарынын реестирин бекитүү жөнүндө“ Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомун негиз кылып калкынын саны 6001ден ашкан айылдык аймактарда айылдык кеңешинин катчысы кызмат оруну киргизилгендиги боюнча Алайку айыл өкмөтүнүн аппаратынын кайра штаттык түзүмү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Абдыкеримовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Алайку айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы №64 токтомун негизинде калкынын саны 6001ден ашкан айылдык аймактарда айылдык кеңештин катчысы кызмат оруну киргизилгендигине байланыштуу Алайку айыл өкмөтүнүн аппаратынын өзгөртүлгөн штаттык түзүмү тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Айылдык кеңештин катчысынын ишмердүүлүгүн камсыз кылууда, анын эмгек акы жана башка чыгымдары менен каржылоону Кара-Кулжа райондук каржы башкармалыгы менен макулдашып жүзөгө ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алайку айылдык кеңешинин социалдык – экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Качкынчиевге тапшырылсын.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы:
М.Салибаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Указ Президента КР от 31 января 2017 года УП № 17 "Об утверждении Реестра государственных и муниципальных должностей Кыргызской Республики"Указ · 31.01.2017 · № 17
- Постановление Правительства КР от 5 февраля 2020 года № 64 "Об утверждении перечня должностей в айылных кенешах, замещаемых на возмездной основе"Постановление · 05.02.2020 · № 64