Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Тоң айылдык Кеңешинин «Пайдаланууга берилген Кеӊ-Сай участкасына тосмо орнотуу жана тарифин бекитип берүү жөнүндө» токтому
ТОҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Тоң айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы
2018-жылдын 10-июлу № 30 Пайдаланууга берилген Кеӊ-Сай участкасына тосмо орнотуу жана тарифин бекитип берүү жөнүндө Тоӊ айыл аймагындагы Кеӊ-Сай участкасынын пайдалануучусу С.Оӊуровдун Кеӊ-Сай участкасындагы «Сказка» жаратылыш ландшафтынын кире беришине аталган жайдын тазалыгын, эс алуучулардын коопсуздугун, таш,кум, чопо сыяктуу кен байлыктарынын ташылып кетишин алдын алуу максатында орнотулган тосмого (шлагбаум) уруксаат берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоӊ айыл аймагындагы Кеӊ-Сай участкасынын убактылуу пайдалануучусу С. Оӊуровдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 5-пунктуна ылайык, рекреация объекттеринин менчик ээлери, ошондой эле ижарачылары рекреация объекттеринин иштешин камсыз кылууга милдеттүү экендигин эске алып, ушул эле мыйзамдын 16-беренесинин 2-3-пункутуна ылайык, рекреция максаты үчүн жаратылыш ресурстарын пайдалануу, туризм үчүн тарыхий, маданий, жаратылыш эстеликтерин жана эстетикалык жактан көз жоосун алган ландшафттарды пайдалануу укугуна таянып жана Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 3-1 беренесинин 3-пунктуна ылайык жайытты башка максаттарга
пайдалануу келишиминин негизинде аталган жер тилкеси ижарага берлигендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 8-пунктуна ылайык, белгиленген тартипте ижара шартында пайдаланууга берилген сейил-бактык-пляждык зона ижарачы тарабынан төмөндөгүдөй максаттарда тосулушу мүмкүн деп белгиленген:
- тартипти, эс алуучулардын коопсуздугун, мүлктүн сакталышын камсыз кылуу;
- жаныбарлардын сейил бактык-пляждык зонаны булгоосуна жол бербөө;
- ижарачынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча сейил бактык-пляждык зонанын аймагын көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча өткөрүлгөн иштердин учурларынан тышкары транспорт каражаттарынын киришине жана башка техниканын пайдаланылышына жол бербөө.
4. Кыргыз Республикасынын «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун сактоо жана пайдалануу боюнча иштин негизги принциптерине ылайык, экономикалык иштин объекти, рекрециялык маанидеги объекти жана туризм объекти катары пайдалануунун көп варианттуулугу жана Тоӊ райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын 03.07.2018-ж.№93 корутундусу эске алынып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамынын 25-беренесинин 3-пунктуна ылайык, уюштурулбаган адамдардын агымынын өзгөчө баалуу ландшафттарга тийгизген таасирин чектөө масатында орнотулган тосмого уруксаат берилсин.
4. Кеӊ-Сай участкасынан пайдаланууга берилген «Сказка» жаратылыш ландшафтынын кирүү акысы туристтик сезонго карата туристтер үчүн 50 сом өлчөмүдө бекитилсин, Тоӊ айыл аймагынын калкы акысыз жана тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу. Бул каражаттын эсебинен ижара акысын төлөө, тазалыгын сактоо жана жолдорун оӊдоо иштери аткарылып жаткандыгы эске алынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айылдык кеӊешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга, айыл өкмөт башчысы Б. Мамбетовго жана жайыт комитетинин төрагасы А. Алиевге жүктөлсүн.
Төрага
Т. Атамбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль»Закон · 13.08.2004 · № 115